Difference between revisions of "АЛТАЙ тоосу"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
15 -сап: 15 -сап:


''Давыдов М. И., Раковская Э.М., Тушинский Г. К.'' Физическая география СССР. Том 2: Азиатская часть СССР. Современные проблемы физической географии. М., 1990.90.<br>
''Давыдов М. И., Раковская Э.М., Тушинский Г. К.'' Физическая география СССР. Том 2: Азиатская часть СССР. Современные проблемы физической географии. М., 1990.90.<br>
[[Категория:1-Том]]

09:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛТАЙ (түркчө «алтан» – алтындай; хакасча - бийик тоо, тоолуу өлкө) – 1) Россия, МЭР жана Кытайдын аймактарындагы тоо тизмеги. Узундугу 2000 кмден ашык. Обь, Иртыш, Енисейдин жана Борбордук Азия туюк аймагынын дарыяларынын өтө тармактанган суу бөлгүч тоо системаларынан турат. Эң бийик чокусу – Белуха (4506 м). Алтайдын өзүнө (же Орус Aлтайына), Моңгол Алтайына жана Гоби Алтайына бөлүнөт. Алтайдын өзү геологиялык түзүлүшүнө жана өнүгүү тарыхына карай каледон мезгилинде пайда болгон. Тоолуу Алтайга жана герцин мезгилинде пайда болгон Кендүү Алтайга ажыратылат. Алтай тоолору Урал-Моңгол геосинклиналь кырчоосунун жана Сибирь платформасынын түштүк чет жакасынын кайтадангыс көтөрүлүшүнөн пайда болгон. Чөкмө, метаморфизмделген жана жанар тоо тектеринен, жиреп чыккан интрузиялардан турат. Кен байлыктары: темир рудасы, сымап, асыл жана түстүү металл (Кендүү Алтай). Ысык булактары: Абакан, Белокуриха, Рахманов жана Жумалы. Чыгышы менен түштүгүндө Катунь, Түндүк жана Түштүк Чүй бийик кырка тоолору, түндүгү менен батышында орто бийик Уба, Чергинский, Бащелак кырка тоолору ж. б. тайпац жондуу калдык тоо массивдери жайгашкан. Талаа деп аталган тоо аралык ири өрөөндөр (Чүй, Курай) бар. Климаты континенттик. Кышы катаал жана көпкө созулат. Январдын орточо температурасы тоо этектеринде –15°Сден –28°Сге, тоо аралык өрөөндөрдө (мында температуpa инверсиясы болот) –32°Сге чейин. Жайы салыштырмалуу кыска жана мелүүн; июлдун орточо температурасы тоо этектеринде 19–22°С, бийик тоолордо 14–16°С. Алтайдын батыш жана түндүк-чыгышындагы нымдуу айдарым капталдарында жылдык жаан-чачындын өлчөмү 1200 ммге, түштүк-чыгыш капталдарында 200 ммге чейин. Тоо-өрөөн шамалдары (фён) мүнөздүү. 1500дөй мөңгү (жалпы аянты 900 0 км2ден ашык) белгилүү. Дарыя тармактары көп. Ирилери: Катын, Буктурма, Бий, Чүй. 3500дөн ашуун көл бар, анын көбү бөгөт көлдөр. Эң чоңдору:

Марка-Көл, Төлөс (Алтын-Көл).

АЛТАЙ. Орографиялык схема

Сан менен тоо аралык өрөөндөр белгиленди:
Кан талаасы
Абай талаасы
Котанды талаасы
Масштабы 1: 28 000 000
Масштабы 1: 5 500 000

Aлтайда ландшафттын бийиктик алкактуулугу даана байкалат. Түндүк жана батыш тоо этектеринде 400–700 м бийиктикке чейин түркүн чөп өсүмдүктүү шалбаалуу талаа, 1200–1500 мге чейин шыбак-бетегелүү талаа жайгашкан. Too токойлорунда (аймагынын 2/3 бөлүгүнө жакынын ээлейт) кызыл карагай (2000–2200 мге чейин) басымдуу. Түндүгүндө ийне жалбырактуу токой (анын ичинде кедр токою) өсөт. Бийик чөптүү шалбаа, айрым жерлеринде тоолуу талаа мүнөздүү. Бийик тоолуу (бийиктиги 1800–2400 м) субальп бадалы жогорулаган сайын кыска чөптүү альп шалбаасына өтөт. Чыгыш жана түндүк-чыгыш аймагында тоолуу тундра (бадалдуу, мамык чөп-эңилчектүү, таш-шагылдуу тундра), андан жогору аска, шагыл, кар-мөңгү каптал жатат. Aлтайда Алтай коругу уюшулган.
2) Алтай крайы ээлеген аймактын көп колдонулуучу аты. Алтайда 5 табигый аймак өзгөчө коргоого алынган; алар – Алтай коругу, Төлөс (Телец) көлүнүн тегереги, Катын коругу, Белуха паркы жана 4 көк бейкут зонасы. Булар жалпы Алтайдын «Алтын тоолору» деп аталып, 1998- жылдан Буткул дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган. Марка-Көл коругунда табигый ландшафттар жана айрым табият эстеликтери да корголот. Алтайдын экономикасы жөнүндө Алтай крайы, Алтай (Алтай Республикасы), Тува макалаларын.


Ад.: Михайлов Н. И. Горы Южной Сибири. М., 1961; Большой Атлас. Сб., т. 1-3. М., Л., 1934-36;

Давыдов М. И., Раковская Э.М., Тушинский Г. К. Физическая география СССР. Том 2: Азиатская часть СССР. Современные проблемы физической географии. М., 1990.90.