Difference between revisions of "АЛТАЙ Айдарбек уулу"
м (Mariya moved page АЛТАЙ to АЛТАЙ Айдарбек уулу) |
м (→top: категория кошуу) |
||
(4 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛТАЙ''' Айдарбек уулу (1872, Нарын өрөөнү - | '''АЛТАЙ''' '''Айдарбек уулу''' (1872-жыл, Нарын өрөөнү - каза болгондугу жөнүндө белгисиз) – төкмө акын. Элдик ыр казынасын мыкты билген. Фольклор жыйноочу К. Мифтаков 1922-жылы Алтай Айдарбек уулуна жолугуп, «Замана», «Санат» ырларын, жарамазандарын, «Асан Кайгынын батасын», «Калмырза менен Найманбайдын», «Найманбай менен Бекназардын айтыштарын» Кайып-Булак деген жерден өз оозунан жазып алган. Ал Калыгулдан келаткан «Замана» тематикасына кайрылган. К. Мифтаков Алтайдын чыгармачылык ажары ачылып турган 50 жаш курагында жолукканы <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, анын билгендеринин баарын жазып алууга үлгүрбөгөн. Анын мурастарынын негизги бөлүгүн жарамазандар түзөт. Диний ырым-жырымдар «Ак үйлүү бай», «Доом бар», «Азирейил», «Дүнүйө», «Мукамбет»,«Жарамазан», «Орозо», «Чатыр-мутур», «Бата» жана башка чыгармаларында кеңири чагылдырылган. | ||
[[Категория:1-Том]] |
09:23, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЛТАЙ Айдарбек уулу (1872-жыл, Нарын өрөөнү - каза болгондугу жөнүндө белгисиз) – төкмө акын. Элдик ыр казынасын мыкты билген. Фольклор жыйноочу К. Мифтаков 1922-жылы Алтай Айдарбек уулуна жолугуп, «Замана», «Санат» ырларын, жарамазандарын, «Асан Кайгынын батасын», «Калмырза менен Найманбайдын», «Найманбай менен Бекназардын айтыштарын» Кайып-Булак деген жерден өз оозунан жазып алган. Ал Калыгулдан келаткан «Замана» тематикасына кайрылган. К. Мифтаков Алтайдын чыгармачылык ажары ачылып турган 50 жаш курагында жолукканы менен, анын билгендеринин баарын жазып алууга үлгүрбөгөн. Анын мурастарынын негизги бөлүгүн жарамазандар түзөт. Диний ырым-жырымдар «Ак үйлүү бай», «Доом бар», «Азирейил», «Дүнүйө», «Мукамбет»,«Жарамазан», «Орозо», «Чатыр-мутур», «Бата» жана башка чыгармаларында кеңири чагылдырылган.