Difference between revisions of "АЛМАЛЫК"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЛМАЛЫК''' ‒ Жети-Суу аймагындагы орто кылымга таандык шаар. Иле суусунун боюнда, азыркы Кытай Эл Республикасынын Синьцзян Уйгур автономиялуу облусунун аймагынан орун алган. Биринчи жолу 13-кылымдын башталышында эскерилет. Ал мезгилде Алмалыкты каӊгылар уруусунан чыккан каракчы Озар ээлеп алган. Ал ''Чынгыз хан'' менен найман канзаадасы ''Күчлүккө'' каршы союз түзгөн. Күчлүк Озарды аӊ уулап жүргөн жеринен кармап алып, шаарды камоого алган, бирок монгол аскерлери жакындап келгендиктен чегинип, туткунун өлтүрүүгө буйрук берген. Чынгыз хан Алмалыкты Озардын уулу Сукпак тегинге берген. Чагатайдын буйругу менен асканы бузуп, 48 жыгач көпүрө салышкан, ал көпүрөлөр эки араба жанаша өткүдөй кенен болгон. Шаар Иле суусунун түндүк тарабынан орун алып, капчыгайдын оозунан Алмалыкка чейин бир күндүк жол болгон. Монголдордун үстөмдүгү мезгилинде Иле өрөөнү аркылуу Батыш Азиядан Чыгыш Азияга эӊ маанилүү соода жолу өтүп, Алмалыктын жогорулашына түрткү болгон. Чагатай улусунун ханы Кебектин учурунда (1318‒26) улустун борбору Алмалыктан ''Мавераннахрга ''көчүрүлгөн. 1335-жылдан кийин Алмалык кайрадан Чагатай улусунун борборуна айланган, ошондой эле чагатайлар ээлеген аймактагы хандар жашаган негизги шаарлардын бири болгон. 1338‒39-ж. Алмалыкта Европадан келген католик миссионерлеринин жана жергиликтүү будда жрецтеринин ишмердиги күч алып, католиктердин чиркөөсү курула баштаган. 1340-ж. христиандарды куугунтуктоодон улам Алмалыктагы алардын ишмердиги токтогон. 14-кылымдын 2-жарымынан Алмалык Моголстан мамлекетинин борбору болгон. Моголстандын 1-ханы Тоглук Темирдин (1348‒63) сөөгү Алмалык шаарынын жанына коюлуп, күмбөз тургузулган. Эмир Темирдин Моголстанга жасаган жортуулдарынан кийин (1357, 1383, 1390) Алмалык шаары кыйраган. 1950-ж. кытай археологу Хуан Вэнби жана соӊку жылдарда Синьцзян тарых музейинин археологиялык экспедициясы тарабынан изилдөө иштери жүргүзүлүп, чопо жана фарфор идиштери, орто кылымдарда өзгөчө баалуу Кытайдын селадон фарфор идиштери, Чагатай улусунун алтын, күмүш теӊгелери, металлдан жасалган турмуш-тиричилик буюмдары, эмгек куралдары, түрк тилиндеги несториан эстеликтери ж. б. табылган.

'''АЛМАЛЫК''' ‒ Жети-Суу аймагындагы орто кылымга таандык шаар. Иле суусунун боюнда, азыркы Кытай Эл Республикасынын Синьцзян Уйгур автономиялуу облусунун аймагынан орун алган. Биринчи жолу 13-кылымдын башталышында эскерилет. Ал мезгилде Алмалыкты каӊгылар уруусунан чыккан каракчы Озар ээлеп алган. Ал ''Чынгыз хан'' менен найман канзаадасы ''Күчлүккө'' каршы союз түзгөн. Күчлүк Озарды аӊ уулап жүргөн жеринен кармап алып, шаарды камоого алган, бирок монгол аскерлери жакындап келгендиктен чегинип, туткунун өлтүрүүгө буйрук берген. Чынгыз хан Алмалыкты Озардын уулу Сукпак тегинге берген. Чагатайдын буйругу менен асканы бузуп, 48 жыгач көпүрө салышкан, ал көпүрөлөр эки араба жанаша өткүдөй кенен болгон. Шаар Иле суусунун түндүк тарабынан орун алып, капчыгайдын оозунан Алмалыкка чейин бир күндүк жол болгон. Монголдордун үстөмдүгү мезгилинде Иле өрөөнү аркылуу Батыш Азиядан Чыгыш Азияга эӊ маанилүү соода жолу өтүп, Алмалыктын жогорулашына түрткү болгон. Чагатай улусунун ханы Кебектин учурунда (1318‒26) улустун борбору Алмалыктан ''Мавераннахрга ''көчүрүлгөн. 1335-жылдан кийин Алмалык кайрадан Чагатай улусунун борборуна айланган, ошондой эле чагатайлар ээлеген аймактагы хандар жашаган негизги шаарлардын бири болгон. 1338‒39-жылдары  Алмалыкта Европадан келген католик миссионерлеринин жана жергиликтүү будда жрецтеринин ишмердиги күч алып, католиктердин чиркөөсү курула баштаган. 1340-жылы христиандарды куугунтуктоодон улам Алмалыктагы алардын ишмердиги токтогон. 14-кылымдын 2-жарымынан Алмалык Моголстан мамлекетинин борбору болгон. Моголстандын 1-ханы Тоглук Темирдин (1348‒63) сөөгү Алмалык шаарынын жанына коюлуп, күмбөз тургузулган. Эмир Темирдин Моголстанга жасаган жортуулдарынан кийин (1357, 1383, 1390) Алмалык шаары кыйраган. 1950-жылы  кытай археологу Хуан Вэнби жана соӊку жылдарда Синьцзян тарых музейинин археологиялык экспедициясы тарабынан изилдөө иштери жүргүзүлүп, чопо жана фарфор идиштери, орто кылымдарда өзгөчө баалуу Кытайдын селадон фарфор идиштери, Чагатай улусунун алтын, күмүш теӊгелери, металлдан жасалган турмуш-тиричилик буюмдары, эмгек куралдары, түрк тилиндеги несториан эстеликтери ж. б. табылган.

''Т. Асанов.''

''Т. Асанов.''

[[Категория:1-Том]]

09:22, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛМАЛЫК ‒ Жети-Суу аймагындагы орто кылымга таандык шаар. Иле суусунун боюнда, азыркы Кытай Эл Республикасынын Синьцзян Уйгур автономиялуу облусунун аймагынан орун алган. Биринчи жолу 13-кылымдын башталышында эскерилет. Ал мезгилде Алмалыкты каӊгылар уруусунан чыккан каракчы Озар ээлеп алган. Ал Чынгыз хан менен найман канзаадасы Күчлүккө каршы союз түзгөн. Күчлүк Озарды аӊ уулап жүргөн жеринен кармап алып, шаарды камоого алган, бирок монгол аскерлери жакындап келгендиктен чегинип, туткунун өлтүрүүгө буйрук берген. Чынгыз хан Алмалыкты Озардын уулу Сукпак тегинге берген. Чагатайдын буйругу менен асканы бузуп, 48 жыгач көпүрө салышкан, ал көпүрөлөр эки араба жанаша өткүдөй кенен болгон. Шаар Иле суусунун түндүк тарабынан орун алып, капчыгайдын оозунан Алмалыкка чейин бир күндүк жол болгон. Монголдордун үстөмдүгү мезгилинде Иле өрөөнү аркылуу Батыш Азиядан Чыгыш Азияга эӊ маанилүү соода жолу өтүп, Алмалыктын жогорулашына түрткү болгон. Чагатай улусунун ханы Кебектин учурунда (1318‒26) улустун борбору Алмалыктан Мавераннахрга көчүрүлгөн. 1335-жылдан кийин Алмалык кайрадан Чагатай улусунун борборуна айланган, ошондой эле чагатайлар ээлеген аймактагы хандар жашаган негизги шаарлардын бири болгон. 1338‒39-жылдары Алмалыкта Европадан келген католик миссионерлеринин жана жергиликтүү будда жрецтеринин ишмердиги күч алып, католиктердин чиркөөсү курула баштаган. 1340-жылы христиандарды куугунтуктоодон улам Алмалыктагы алардын ишмердиги токтогон. 14-кылымдын 2-жарымынан Алмалык Моголстан мамлекетинин борбору болгон. Моголстандын 1-ханы Тоглук Темирдин (1348‒63) сөөгү Алмалык шаарынын жанына коюлуп, күмбөз тургузулган. Эмир Темирдин Моголстанга жасаган жортуулдарынан кийин (1357, 1383, 1390) Алмалык шаары кыйраган. 1950-жылы кытай археологу Хуан Вэнби жана соӊку жылдарда Синьцзян тарых музейинин археологиялык экспедициясы тарабынан изилдөө иштери жүргүзүлүп, чопо жана фарфор идиштери, орто кылымдарда өзгөчө баалуу Кытайдын селадон фарфор идиштери, Чагатай улусунун алтын, күмүш теӊгелери, металлдан жасалган турмуш-тиричилик буюмдары, эмгек куралдары, түрк тилиндеги несториан эстеликтери ж. б. табылган.

Т. Асанов.