Difference between revisions of "АЛМА КҮБӨСҮ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 revision imported) |
м (→top: категория кошуу) |

| (3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛМА КҮБӨСҮ''' ‒ какач канаттуулар түркүмүндөгү көпөлөк; алма зыянкечи. Өӊү ак, канатын жайганда узундугу 18‒22 ''мм, ''алдынкы канатында үч катар кара тагы бар, арткысы ак, кээсиники куба. Ысык-Көл, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана түштүктө жаӊгак-жемиш токойлорунда кездешет. Көпөлөк Кыргызстандын түштүгүндө майдын ортосунда, түндүгүндө жана тоо этектеринде июндун башында күн батканда учат. Ургаачысы алманын жаш бутагынын кабыгына жумуртка (20‒90) таштап, кабыкчага айлануучу былжырлар менен жабат. Жумуртканын эмбриондук өсүшү 1‒2 жумада бүтүп, малагы кабык коӊулдарында кыштайт. Жазында куурчакчага айланып, эки жумадан кийин көпөлөк учуп чыгат. Каршы күрөшүү чаралары: жаз алды менен уу химикаттарды (0,2 %түү хлорофос жана физалон) чачуу.

[[Категория:1-Том]] | |||
09:21, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЛМА КҮБӨСҮ ‒ какач канаттуулар түркүмүндөгү көпөлөк; алма зыянкечи. Өӊү ак, канатын жайганда узундугу 18‒22 мм, алдынкы канатында үч катар кара тагы бар, арткысы ак, кээсиники куба. Ысык-Көл, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана түштүктө жаӊгак-жемиш токойлорунда кездешет. Көпөлөк Кыргызстандын түштүгүндө майдын ортосунда, түндүгүндө жана тоо этектеринде июндун башында күн батканда учат. Ургаачысы алманын жаш бутагынын кабыгына жумуртка (20‒90) таштап, кабыкчага айлануучу былжырлар менен жабат. Жумуртканын эмбриондук өсүшү 1‒2 жумада бүтүп, малагы кабык коӊулдарында кыштайт. Жазында куурчакчага айланып, эки жумадан кийин көпөлөк учуп чыгат. Каршы күрөшүү чаралары: жаз алды менен уу химикаттарды (0,2 %түү хлорофос жана физалон) чачуу.