Difference between revisions of "АЛАБУГА ӨРӨӨНҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → менен (2), ж-а → жана)
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЛАБУГА ӨРӨӨНҮ''' Ички Теӊир-Тоодо. ''Алабуга ''суусун бойлоп, Фергана тоо тизмеги менен Жаман-Тоо тутумдашкан тушта Бычан жана Арпа сууларынын кошулган жеринен түн.-чыгышты карай созулуп жатат. Батыш тарабынан Ак-Шыйрак, Чаар-Таш тоолору менен чектешет. Уз. 60 ''км, ''эӊ жазы жери 2‒4 ''км. ''Таманы деӊиз деӊг. 1600‒2070 ''м ''бийиктикте жайгашкан. Жамандаван суусунун чатынан 5 ''км ''төмөнүрөөк түн.-батышка бурулуп, Нарын өрөөнүнө чыгат. Алабуга суусу тереӊ сайда агат, жээктери көбүнчө тик, кемерлүү. Өрөөндө узатасынан созулган бийик тектирлер бар, алар негизинен төртүнчүлүк мезгилинин аллювий, аллювий-пролювий шилендилеринен, айрым жерлерде түпкү тектерден түзүлгөн. Өрөөндүн көп бөлүгүнө чополуу чап рельефи мүнөздүү. Чаптуу рельеф Алабуга суусунун эки өйүзүндө теӊ кеӊири өөрчүгөн, батыш тарабында Ак-Шыйрак, Чаар-Таш тоолорунун этегинде ондогон ''км''ге созулат. Карст процесстери өөрчүгөн. Чаптар неогендин чопо, конгломерат, кумдук, гипс ж. б. тектеринен түзүлгөн. А. ө-нүн климаты кургакчыл, кескин континенттик. Жайы жылуу, июлдун орт. темп-расы 15‒16°С, кышы узак, суук, январдыкы ‒15...‒20°С. Жылдык жаан-чачыны 200‒300 ''мм, ''бийик бөлүгүндө 400 ''мм''ге чейин. Кышкысын 4‒5 ай кар жатат (калыӊдыгы 15‒20 ''см''). Өрөөндө жарым чөл, кургак талаа ландшафттары кеӊири таралган. Түзөӊ жерлерде, тектирлерде, тоо этектеринде боз шыбактуу, шыбак-шор өсүмдүктүү жарым чөл ландшафты басымдуу. Суулардын боюнда, жайылмаларда тал, терек, бадалдар, шалбаа ж. б. өсөт. Чап аймагы өсүмдүктөргө өтө жарды, жылаӊач. Мында бирин-серин терскен, баялыш, кекире, эбелек ж. б. өсүмдүктөрү кезигет. Адырларда, нымдуураак жантайыӊкы тоо капталдарында шыбак-бетегелүү же каралжын-коӊур күрөӊ топурактуу, кылканактуу дүйүм чөптүү талаа ландшафты таралган. Сугат жерлерде арпа, сулу, беде, эспарцет, буудай эгилет. Суусуз бош жаткан жерлери жайыт катары пайдаланылат. Баетов ‒ Кош-Дөбө ‒ Казарман автомобиль жолунун бир бөлүгү А. ө. аркылуу өтөт.

'''АЛАБУГА ӨРӨӨНҮ''' Ички Теӊир-Тоодо. ''Алабуга ''суусун бойлоп, Фергана тоо тизмеги менен Жаман-Тоо тутумдашкан тушта Бычан жана Арпа сууларынын кошулган жеринен түндүк-чыгышты карай созулуп жатат. Батыш тарабынан Ак-Шыйрак, Чаар-Таш тоолору менен чектешет. Узундугу 60 ''км, ''эӊ жазы жери 2‒4 ''км. ''Таманы деӊиз деӊгээлинен 1600‒2070 ''м ''бийиктикте жайгашкан. Жамандаван суусунун чатынан 5 ''км ''төмөнүрөөк түндүк-батышка бурулуп, Нарын өрөөнүнө чыгат. Алабуга суусу тереӊ сайда агат, жээктери көбүнчө тик, кемерлүү. Өрөөндө узатасынан созулган бийик тектирлер бар, алар негизинен төртүнчүлүк мезгилинин аллювий, аллювий-пролювий шилендилеринен, айрым жерлерде түпкү тектерден түзүлгөн. Өрөөндүн көп бөлүгүнө чополуу чап рельефи мүнөздүү. Чаптуу рельеф Алабуга суусунун эки өйүзүндө теӊ кеӊири өрчүгөн, батыш тарабында Ак-Шыйрак, Чаар-Таш тоолорунун этегинде ондогон ''км''ге созулат. Карст процесстери өрчүгөн. Чаптар неогендин чопо, конгломерат, кумдук, гипс ж. б. тектеринен түзүлгөн. Алабуга өрөөнүнүн климаты кургакчыл, кескин континенттик. Жайы жылуу, июлдун орточо температурасы 15‒16°С, кышы узак, суук, январдыкы ‒15...‒20°С. Жылдык жаан-чачыны 200‒300 ''мм, ''бийик бөлүгүндө 400 ''мм''ге чейин. Кышкысын 4‒5 ай кар жатат (калыӊдыгы 15‒20 ''см''). Өрөөндө жарым чөл, кургак талаа ландшафттары кеӊири таралган. Түзөӊ жерлерде, тектирлерде, тоо этектеринде боз шыбактуу, шыбак-шор өсүмдүктүү жарым чөл ландшафты басымдуу. Суулардын боюнда, жайылмаларда тал, терек, бадалдар, шалбаа ж. б. өсөт. Чап аймагы өсүмдүктөргө өтө жарды, жылаӊач. Мында бирин-серин терскен, баялыш, кекире, эбелек ж. б. өсүмдүктөрү кезигет. Адырларда, нымдуураак жантайыӊкы тоо капталдарында шыбак-бетегелүү же каралжын-коӊур күрөӊ топурактуу, кылканактуу дүйүм чөптүү талаа ландшафты таралган. Сугат жерлерде арпа, сулу, беде, эспарцет, буудай эгилет. Суусуз бош жаткан жерлери жайыт катары пайдаланылат. Баетов ‒ Кош-Дөбө ‒ Казарман автомобиль жолунун бир бөлүгү Алабуга өрөөнү аркылуу өтөт.

[[Категория:1-Том]]

09:11, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛАБУГА ӨРӨӨНҮ Ички Теӊир-Тоодо. Алабуга суусун бойлоп, Фергана тоо тизмеги менен Жаман-Тоо тутумдашкан тушта Бычан жана Арпа сууларынын кошулган жеринен түндүк-чыгышты карай созулуп жатат. Батыш тарабынан Ак-Шыйрак, Чаар-Таш тоолору менен чектешет. Узундугу 60 км, эӊ жазы жери 2‒4 км. Таманы деӊиз деӊгээлинен 1600‒2070 м бийиктикте жайгашкан. Жамандаван суусунун чатынан 5 км төмөнүрөөк түндүк-батышка бурулуп, Нарын өрөөнүнө чыгат. Алабуга суусу тереӊ сайда агат, жээктери көбүнчө тик, кемерлүү. Өрөөндө узатасынан созулган бийик тектирлер бар, алар негизинен төртүнчүлүк мезгилинин аллювий, аллювий-пролювий шилендилеринен, айрым жерлерде түпкү тектерден түзүлгөн. Өрөөндүн көп бөлүгүнө чополуу чап рельефи мүнөздүү. Чаптуу рельеф Алабуга суусунун эки өйүзүндө теӊ кеӊири өрчүгөн, батыш тарабында Ак-Шыйрак, Чаар-Таш тоолорунун этегинде ондогон кмге созулат. Карст процесстери өрчүгөн. Чаптар неогендин чопо, конгломерат, кумдук, гипс ж. б. тектеринен түзүлгөн. Алабуга өрөөнүнүн климаты кургакчыл, кескин континенттик. Жайы жылуу, июлдун орточо температурасы 15‒16°С, кышы узак, суук, январдыкы ‒15...‒20°С. Жылдык жаан-чачыны 200‒300 мм, бийик бөлүгүндө 400 ммге чейин. Кышкысын 4‒5 ай кар жатат (калыӊдыгы 15‒20 см). Өрөөндө жарым чөл, кургак талаа ландшафттары кеӊири таралган. Түзөӊ жерлерде, тектирлерде, тоо этектеринде боз шыбактуу, шыбак-шор өсүмдүктүү жарым чөл ландшафты басымдуу. Суулардын боюнда, жайылмаларда тал, терек, бадалдар, шалбаа ж. б. өсөт. Чап аймагы өсүмдүктөргө өтө жарды, жылаӊач. Мында бирин-серин терскен, баялыш, кекире, эбелек ж. б. өсүмдүктөрү кезигет. Адырларда, нымдуураак жантайыӊкы тоо капталдарында шыбак-бетегелүү же каралжын-коӊур күрөӊ топурактуу, кылканактуу дүйүм чөптүү талаа ландшафты таралган. Сугат жерлерде арпа, сулу, беде, эспарцет, буудай эгилет. Суусуз бош жаткан жерлери жайыт катары пайдаланылат. Баетов ‒ Кош-Дөбө ‒ Казарман автомобиль жолунун бир бөлүгү Алабуга өрөөнү аркылуу өтөт.