Difference between revisions of "АЛА-БУКА РАЙОНУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM

м (→‎top: категория кошуу)

(13 intermediate revisions by 6 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
Жалал-Абад обл-нун батыш бөлүгүн ээлейт. 1937-ж. апрелде, Кызыл-Жар р-нунан бөлүнүп, өзүнчө район болуп уюшулган. 1956-ж. ага Чаткал р-ну кошулган. 1963-ж. Жаӊы-Жол (Аксы) р-ну м-н биригип, 1969-ж. кайра бөлүнгөн. 1980-ж. Чаткал р-ну андан бөлүнүп кеткен. Түндүгүнөн Чаткал, чыгышынан Аксы р-ндору, батышынан Өзбекстан Респ-сынын Наманган обл. м-н чектешет. Аянты 3 миӊ'' км''2. Калкы 89,7 миӊ (2011). Райондо 41 кыштак, 8 айыл аймагы бар. Борбору ‒ Ала-Бука кыш.

'''АЛА-БУКА РАЙОНУ''' Жалал-Абад облусунун батыш бөлүгүн ээлейт. 1937-жылы апрелде, Кызыл-Жар районунан бөлүнүп, өзүнчө район болуп уюшулган. 1956-жылы  ага Чаткал району кошулган. 1963-жылы  Жаӊы-Жол (Аксы) району менен биригип, 1969-жылы кайра бөлүнгөн. 1980-жылы Чаткал району андан бөлүнүп кеткен. Түндүгүнөн Чаткал, чыгышынан Аксы райондору, батышынан Өзбекстан Республикасынын Наманган облусу менен чектешет. Аянты 3 миӊ'' км''2. Калкы 114515 (2022). Райондо 41 кыштак, 8 айыл аймагы бар. Борбору ‒ Ала-Бука кыштагы.
Райондун аймагы көбүнчө Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш тармактарын жана анын этегиндеги адырларды ээлейт. Чаткал кырка тоосунун капталдарынан түстүү жана сейрек кездешүүчү металл кендери ачылган. Сумсар жана Каба-Сай кендеринин мааниси зор. Ошондой эле Терек-Сай алтындын чачыранды кени, Боз-Эмчек алтын, жез жана полиметалл, Касан-Сай сурьма кени бар. Курулуш материалдарына да бай. Климаты континенттик, кургакчыл. Адырларда январдын орточо температурасы ‒10°С, июлдуку 30°С, тоолордо январдыкы ‒20°С, июлдуку 20°С. Жылдык жаан-чачыны тоо этектеринде 300‒400 ''мм'', тоолордо 600 ''мм''ге чейин. Райондун аймагынан ''Ала-Бука'', ''Чанач-Сай,'' ''Терек-Сай'', ''Сумсар, Касан-Сай'' суулары агып өтөт. Суулар райондун жана Өзбекстандын жерлерин сугарууда пайдаланылат. Касан-Сай суусунда суу сактагыч курулган. Райондун деӊиз деӊгээлинен 1500 ''м'' бийиктикте ачык, кара боз, 2600 ''м ''бийиктикте кара кочкул, айрым жерлеринде кара топурак тараган. 1300‒2500 ''м'' бийиктикте (Чаткал кырка тоосунун капталдарында) тоо-токой топурагы басымдуу. Андан жогору тоо шалбаа топурагы мүнөздүү. Тоо этектериндеги түздүктө жана адырларда чекенди, улам жогорулаган сайын шыралжын, эрмен-шыбак, бетеге ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Тоо капталдарында алча, алма ж.б. аралаш жаӊгак, деӊиз деӊгээлинен 3000 ''м'' бийиктикте арча токою, андан жогору субальп шалбаасы жайыт ээлейт.
Калкы көп улуттуу, көбү кыргыздар (62%), ошондой эле өзбек, тажик ж.б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы ‒ 1 ''км''2ге 26 киши (2004). Калктын негизги бөлүгү тоо этектериндеги түздүктөрдө жана суу бойлорунда отурукташкан. Чарбасынын негизин дыйканчылык жана мал чарбасы түзөт. Айыл чарбага жарактуу жери 150,1 миӊ ''га'', анын ичинде 21,3 миӊ ''га ''айдоо жер (анын 12,9 миӊ ''га''сы сугат жер), 258'' га'' чабынды, 129,8 миӊ'' га'' жайыт,
Райондун аймагы көбүнчө Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш тармактарын ж-а анын этегиндеги адырларды ээлейт. Рельефи негизинен тоолуу. Чаткал кырка тоосунун капталдарынан түстүү ж-а сейрек кездешүүчү металл кендери ачылган. Сумсар ж-а Каба-Сай кендеринин мааниси зор. Курулуш материалдарына да бай. Климаты континенттик, кургакчыл. Адырларда январдын орт. темп-расы ‒10°С, июлдуку 30°С, тоолордо январдыкы ‒20°С, июлдуку 20°С. Жылдык жаан-чачыны тоо этектеринде 300‒400 ''мм'', тоолордо 600 ''мм''ге чейин. Райондун аймагынан ''Ала-Бука'' , Чанач-Сай, Терек-Сай, ''Сумсар, Касан-Сай'' суулары агып өтөт. Суулар райондун ж-а Өзбекстандын жерлерин сугарууда
[[File:АЛА-БУКА РАЙОНУ18.png | thumb|none]]
пайдаланылат. Касан-Сай суусунда суу сактагыч курулган. Райондун деӊиз деӊг. 1500 ''м'' бийиктикте ачык, кара боз, 2600 ''м ''бийиктикте кара кочкул, айрым жерлеринде кара топурак тараган. 1300‒2500 ''м'' бийиктикте (Чаткал кырка тоосунун капталдарында) тоо-токой топурагы басымдуу. Андан жогору тоо шалбаа топурагы мүнөздүү. Тоо этектериндеги түздүктө ж-а адырларда чекенди, улам жогорулаган сайын шыралжын, эрмен-шыбак, бетеге ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Тоо капталдарында алча, алма ж.б. аралаш жаӊгак, деӊиз деӊг. 3000 ''м'' бийиктикте арча токою, андан жогору субальп шалбаасы -жайыт ээлейт.

861'' га'' бак-дарак; 117 ''га'' саздак жери бар. Райондо жеке, дыйкан, фермердик чарба, айыл чарба кооперациялар уюшулган. Аларды Зеӊги-Ата, Падек, Ак-Коргон үрөнчүлүк чарбалары үрөн менен камсыздайт. Дан эгиндери, жүгөрү, тамеки, май алынуучу өсүмдүктөр айдалып, жашылча, мөмө-жемиш багы өстүрүлөт. Райондо кара мал, кой-эчки, жылкы (анын ичинде бээ) асыралат. Үй куштары багылат.
Өнөр жай ишканаларынан «Техник» акционердик коому, «Достук-Калача» фирмасы, кыш, тамеки ферменттөөчү заводдор ж. б. иштейт. «Техник» акционердик коому макарон, «Достук-Калача» фирмасы шарап даярдайт. Кыш заводу иштейт.
Райондун аймагында алгачкы мектептер 1927-жылы  Достук, Кызыл-Ата айылдарында ачылган. Учурда райондо 36 мектеп (анын ичинде 27 орто, 6 негизги, 3 башталгыч), 13 бала бакча, «Жоогазын» эс алуу лагери (Чанач-Сай кыштагында, 500 орундуу), балдардын билим берүү борбору ачылган. Анда балдардын чыгармачылык үйү бар. Райондо 128 орундуу борборлоштурулган оорукана, 4 участкалык оорукана, 17 ФАП, район аралык учук оорулар диспансери, санитария-эпидемиологиялык станция, 7 бейтапкана, 19 дарыкана иштейт. Райондун аймагында «Шахфазил» тарыхый-мемориалдык ансамбли бар. Райондук «Айыл акыйкаты» гезити чыгат.
Калкы көп улуттуу, көбү кыргыздар (62%), о. эле өзбек, тажик ж.б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орт. жыштыгы ‒ 1 ''км''2ге 26 киши (2004). Калктын негизги бөлүгү тоо этектериндеги түздүктөрдө ж-а суу бойлорунда отурукташкан.

Чарбасынын негизин дыйканчылык ж-а мал чарбасы түзөт. А. ч. жарактуу жери 150,1 миӊ ''га ''(2004), а. и. 21,3 миӊ ''га ''айдоо жер (анын
[[File:АЛА-БУКА РАЙОНУ18.png | thumb | none]]
12,9 миӊ ''га''сы сугат жер), 258'' га'' чабынды, 129,8 миӊ'' га'' жайыт, 861'' га'' бак-дарак; 117 ''га'' саздак жери бар. Райондо 2648 жеке, 439 дыйкан, 42 фермердик чарба, 22 а. ч. кооперативи уюшулган. Аларды Зеӊги-Ата, Падек, Ак-Коргон үрөнчүлүк чарбалары үрөн м-н камсыздайт. 2003-ж. 10,8 миӊ ''га'' жерге дан эгиндери эгилип, дүӊ жыйымы 30,4 миӊ ''т''; 2,2 миӊ ''га ''жердеги жүгөрүнүн дүӊ жыйымы 13,3 миӊ ''т''; 1,2 миӊ'' га'' жердеги тамекинин дүӊ жыйымы 2,8 миӊ'' т'', 2,8 ''га ''жердеги май алынуучу өсүмдүктөрдүн дүӊ жыйымы 2,7 миӊ'' т''; 828'' га'' жердеги картошка нын дүӊ жыйымы 21,4 миӊ ''т''; 929 ''га ''жердеги жашылчанын дүӊ жыйымы 15,2 миӊ ''т''; 868 ''га'' мөмө-жемиш багынын дүӊ жыйымы 2,9 миӊ'' т''ны түзгөн. Райондо 2003-ж. 18 миӊ карамал (а. и. 9,1 миӊ уй), 103,3 миӊ кой-эчки, 5,3 миӊ жылкы (а. и. 1,4 миӊ бээ), 61,1 миӊ үй кушу болгон. Район б-ча 5,8 миӊ'' т'' эт (тирүүлөй салмак), 23,7 миӊ ''т ''сүт, 290 ''т'' жүн, 4,5 миӊ даана жумуртка даярдалган (2004).

Өнөр жай ишканаларынан «Техник» акционердик коому, «Достук-Калача» фирмасы, кыш,
тамеки ферменттөөчү з-ддор ж. б. иштейт. 2003-ж. «Техник» акционердик коому 9,1 ''т'' макарон, «Достук-Калача» фирмасы 57,4 миӊ ''л ''вино, кыш з-ду 200 миӊ даана кыш даярдаган, тамеки ферменттөөчү з-д 572'' т'' тамеки ферменттеген.

Райондун аймагында алгачкы мектептер 1927-ж. Достук, Кызыл-Ата айылдарында ачылган. 2003/04-окуу жылында райондогу 36 мектепте (а. и. 27 орто, 6 негизги, 3 башталгыч) 19,6 миӊ окуучу окуп, 1,3 миӊ мугалим иштеген. Райондо 13 бала бакча (1400дөн ашык бала тарбияланган), балдардын «Жоогазын» эс алуу лагери (Чанач-Сай кыш-нда, 500 орундуу) иштеген. 1997-ж. балдардын билим берүү борбору (12 мугалим иштеген) ачылган, анда балдардын чыг-лык үйү бар. Райондо 128 орундуу борборлоштурулган оорукана, 4 участкалык оорукана, 17 ФАП, район аралык учук оорулар диспансери, санитария-эпидемиологиялык станция, 7 бейтапкана, 19 дарыкана иштейт. Райондун аймагында «Шахфазил» тарыхый-мемориалдык ансамбли бар. Райондук «Айыл акыйкаты» гезити чыгат.'' Т. Төрөбекова.''

''                                                                                                                                                                                                                                                                                          Т. Төрөбекова.''

[[Категория:1-Том]]

09:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЛА-БУКА РАЙОНУ Жалал-Абад облусунун батыш бөлүгүн ээлейт. 1937-жылы апрелде, Кызыл-Жар районунан бөлүнүп, өзүнчө район болуп уюшулган. 1956-жылы ага Чаткал району кошулган. 1963-жылы Жаӊы-Жол (Аксы) району менен биригип, 1969-жылы кайра бөлүнгөн. 1980-жылы Чаткал району андан бөлүнүп кеткен. Түндүгүнөн Чаткал, чыгышынан Аксы райондору, батышынан Өзбекстан Республикасынын Наманган облусу менен чектешет. Аянты 3 миӊ км2. Калкы 114515 (2022). Райондо 41 кыштак, 8 айыл аймагы бар. Борбору ‒ Ала-Бука кыштагы.
Райондун аймагы көбүнчө Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш тармактарын жана анын этегиндеги адырларды ээлейт. Чаткал кырка тоосунун капталдарынан түстүү жана сейрек кездешүүчү металл кендери ачылган. Сумсар жана Каба-Сай кендеринин мааниси зор. Ошондой эле Терек-Сай алтындын чачыранды кени, Боз-Эмчек алтын, жез жана полиметалл, Касан-Сай сурьма кени бар. Курулуш материалдарына да бай. Климаты континенттик, кургакчыл. Адырларда январдын орточо температурасы ‒10°С, июлдуку 30°С, тоолордо январдыкы ‒20°С, июлдуку 20°С. Жылдык жаан-чачыны тоо этектеринде 300‒400 мм, тоолордо 600 ммге чейин. Райондун аймагынан Ала-Бука, Чанач-Сай, Терек-Сай, Сумсар, Касан-Сай суулары агып өтөт. Суулар райондун жана Өзбекстандын жерлерин сугарууда пайдаланылат. Касан-Сай суусунда суу сактагыч курулган. Райондун деӊиз деӊгээлинен 1500 м бийиктикте ачык, кара боз, 2600 м бийиктикте кара кочкул, айрым жерлеринде кара топурак тараган. 1300‒2500 м бийиктикте (Чаткал кырка тоосунун капталдарында) тоо-токой топурагы басымдуу. Андан жогору тоо шалбаа топурагы мүнөздүү. Тоо этектериндеги түздүктө жана адырларда чекенди, улам жогорулаган сайын шыралжын, эрмен-шыбак, бетеге ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Тоо капталдарында алча, алма ж.б. аралаш жаӊгак, деӊиз деӊгээлинен 3000 м бийиктикте арча токою, андан жогору субальп шалбаасы ‒ жайыт ээлейт.
Калкы көп улуттуу, көбү кыргыздар (62%), ошондой эле өзбек, тажик ж.б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы ‒ 1 км2ге 26 киши (2004). Калктын негизги бөлүгү тоо этектериндеги түздүктөрдө жана суу бойлорунда отурукташкан. Чарбасынын негизин дыйканчылык жана мал чарбасы түзөт. Айыл чарбага жарактуу жери 150,1 миӊ га, анын ичинде 21,3 миӊ га айдоо жер (анын 12,9 миӊ гасы сугат жер), 258 га чабынды, 129,8 миӊ га жайыт,

АЛА-БУКА РАЙОНУ18.png

861 га бак-дарак; 117 га саздак жери бар. Райондо жеке, дыйкан, фермердик чарба, айыл чарба кооперациялар уюшулган. Аларды Зеӊги-Ата, Падек, Ак-Коргон үрөнчүлүк чарбалары үрөн менен камсыздайт. Дан эгиндери, жүгөрү, тамеки, май алынуучу өсүмдүктөр айдалып, жашылча, мөмө-жемиш багы өстүрүлөт. Райондо кара мал, кой-эчки, жылкы (анын ичинде бээ) асыралат. Үй куштары багылат.
Өнөр жай ишканаларынан «Техник» акционердик коому, «Достук-Калача» фирмасы, кыш, тамеки ферменттөөчү заводдор ж. б. иштейт. «Техник» акционердик коому макарон, «Достук-Калача» фирмасы шарап даярдайт. Кыш заводу иштейт.
Райондун аймагында алгачкы мектептер 1927-жылы Достук, Кызыл-Ата айылдарында ачылган. Учурда райондо 36 мектеп (анын ичинде 27 орто, 6 негизги, 3 башталгыч), 13 бала бакча, «Жоогазын» эс алуу лагери (Чанач-Сай кыштагында, 500 орундуу), балдардын билим берүү борбору ачылган. Анда балдардын чыгармачылык үйү бар. Райондо 128 орундуу борборлоштурулган оорукана, 4 участкалык оорукана, 17 ФАП, район аралык учук оорулар диспансери, санитария-эпидемиологиялык станция, 7 бейтапкана, 19 дарыкана иштейт. Райондун аймагында «Шахфазил» тарыхый-мемориалдык ансамбли бар. Райондук «Айыл акыйкаты» гезити чыгат.

Т. Төрөбекова.