Difference between revisions of "АКЫЛ КОРУТУНДУСУ"
228-323>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |
||
(7 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АКЫЛ КОРУТУНДУСУ''' ‒ дүйнөнү аӊдап, таанып-билүүнүн, кабылдоонун акыл-эстик (рационалдык) ой жүгүртүүлөрдүн негизинде диалектикалык логикалык жол <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> келип чыккан жаӊы ой, ойлоо формасы. Акыл кортундусунун негизин таанып-билүүнүн жолу ‒ баскычтары түзөт: а) башталыш баскычы ‒ сезимдик таанып-билүү (туюу, кабылдоо, элестөө); б) акыл-эстик таанып-билүү. Акыл кортундусу дедукциялык (жалпыдан жекеге карай) <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> мүмкүндүк, ыктымалдык, индукциялык (жекеден жалпыга карай) болуп бөлүнөт. Акыл корутундусу чыныгы негизден чыныгы жалпы корутундуну гарантиялаган эреже боюнча түзүлсө, дедукциялык болот. Эгерде мындай тартип <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> түзүлбөсө, мүмкүндүк, ыктымалдык болуп калат. Индукциялык ыкмада жекече ой жүгүртүүлөрдү изилдөөдө көп учурларда чындыкты далилдөөнү толук гарантиялабай, негиздерди мүмкүндүк, ыктымалдык абалда калтырып коёт. Иш жүзүндө ойлоо процессинде негиздердин кээ бир бөлүктөрү акыл корутундусуна кошулбай, кошулса да көӊүлдө гана калып, андан түшүп калат. Мындай толук эмес акыл корутундусун колдонуу ‒ каталыкка, жаӊылыштыкка алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, калып калган бөлүктөрдү таап, дааналап көрсөтүү ‒ таанып-билүүнүн ката табуу жолдорунун бири. Буга логика да жакшы жардам берет. Акыл корутундусу ‒ таанып-билүү процессинде абдан маанилүү роль аткарат. Ал аркылуу тажрыйбага кайрылбай туруп, жаӊы билим алууга да болот. Акыл корутундусу дайыма өнүгүп турат. Ал аркылуу дүйнөнү таанып билүү процесси улана берет. | |||
''Т. Эсенгелдиев, К.Эсенгелдиева.'' | |||
[[Категория:1-Том]] |
09:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АКЫЛ КОРУТУНДУСУ ‒ дүйнөнү аӊдап, таанып-билүүнүн, кабылдоонун акыл-эстик (рационалдык) ой жүгүртүүлөрдүн негизинде диалектикалык логикалык жол менен келип чыккан жаӊы ой, ойлоо формасы. Акыл кортундусунун негизин таанып-билүүнүн жолу ‒ баскычтары түзөт: а) башталыш баскычы ‒ сезимдик таанып-билүү (туюу, кабылдоо, элестөө); б) акыл-эстик таанып-билүү. Акыл кортундусу дедукциялык (жалпыдан жекеге карай) жана мүмкүндүк, ыктымалдык, индукциялык (жекеден жалпыга карай) болуп бөлүнөт. Акыл корутундусу чыныгы негизден чыныгы жалпы корутундуну гарантиялаган эреже боюнча түзүлсө, дедукциялык болот. Эгерде мындай тартип менен түзүлбөсө, мүмкүндүк, ыктымалдык болуп калат. Индукциялык ыкмада жекече ой жүгүртүүлөрдү изилдөөдө көп учурларда чындыкты далилдөөнү толук гарантиялабай, негиздерди мүмкүндүк, ыктымалдык абалда калтырып коёт. Иш жүзүндө ойлоо процессинде негиздердин кээ бир бөлүктөрү акыл корутундусуна кошулбай, кошулса да көӊүлдө гана калып, андан түшүп калат. Мындай толук эмес акыл корутундусун колдонуу ‒ каталыкка, жаӊылыштыкка алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, калып калган бөлүктөрдү таап, дааналап көрсөтүү ‒ таанып-билүүнүн ката табуу жолдорунун бири. Буга логика да жакшы жардам берет. Акыл корутундусу ‒ таанып-билүү процессинде абдан маанилүү роль аткарат. Ал аркылуу тажрыйбага кайрылбай туруп, жаӊы билим алууга да болот. Акыл корутундусу дайыма өнүгүп турат. Ал аркылуу дүйнөнү таанып билүү процесси улана берет.
Т. Эсенгелдиев, К.Эсенгелдиева.