Difference between revisions of "АКЫЙ АЙТЫШУУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (→‎top: категория кошуу)
 
(5 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
,  а к ы й н е к ы р ы ‒ кыргыз элинин оозеки поэзиясындагы айтыш жанрынын байыркы бир түрү; жаш кыздардын кордоо, шакаба чегүү, мыскыл мүнөзүндөгү айтышы. А. а. кыргыздар болжолу байыркы көчмөн доордо жашаган учурда келип чыккан болуу керек. Акый айтышкандар тууган-уругуна, айыл-конушуна жараша эки жаат болуп бөлүнүп, маӊдай-тескей туруп, бири экинчисинин кемчилигин алмак-салмак айтып, көбүнчө ата-энелеринин бай-кедейлигин, баатырдык м-н коркоктугун, социал. тегин көбүрөөк, таамайыраак ашкерелеген, жеке сапаттарын мактап же кордоп айтышкан. Ыр жалаӊ эле кордоо, мазактоо мүнөзүндө болбостон, кээде сөзгө чечендикти, сөз тапкычтыкты сынашуу максатын көздөйт. А. а. муз. аспапсыз, көбүнчө обонго салынбай айтылган.<br>
'''АКЫЙ АЙТЫШУУ,''' а к ы й н е к   ы р ы ‒ кыргыз элинин оозеки поэзиясындагы айтыш жанрынын байыркы бир түрү; жаш кыздардын кордоо, шакаба чегүү, мыскыл мүнөзүндөгү айтышы. Акыйнек айтышуу кыргыздар болжолу байыркы көчмөн доордо жашаган учурда келип чыккан болуу керек. Акый айтышкандар тууган-уругуна, айыл-конушуна жараша эки жаат болуп бөлүнүп, маӊдай-тескей туруп, бири экинчисинин кемчилигин алмак-салмак айтып, көбүнчө ата-энелеринин бай-кедейлигин, баатырдык <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> коркоктугун, социалдык тегин көбүрөөк, таамайыраак ашкерелеген, жеке сапаттарын мактап же кордоп айтышкан. Ыр жалаӊ эле кордоо, мазактоо мүнөзүндө болбостон, кээде сөзгө чечендикти, сөз тапкычтыкты сынашуу максатын көздөйт. Акыйнек айтышуу музыкалык аспапсыз, көбүнчө обонго салынбай айтылган. Кыздар акыйнек айтышууну адегенде канча кыз болсо, ошончо кыз эки тарап болуп кезектешип айтышса, кээде жарыша, жапырт айтууга чейин да барышкан. «Акый, акый» деген түшүнүктү кайра-кайра аташып, корулдаган үндү да ашыкча чыгарууга аракеттенип, эки тарап бириникин экинчиси укпай өжөрлөнө ээлигишкен. Ошондуктан адамдар сүйлөшкөндө ар бири сөзгө аралжы бербей кыжылдашууну эл акыйлашуу деп да аташат. Акыйнек айтышуу ‒ азыр элдин оозеки чыгармачылыгында да, акын-жазуучулар тарабынан да улантылууда.  
Кыздар А. а-ну адегенде канча кыз болсо, ошончо кыз эки тарап болуп кезектешип айтышса, кээде жарыша, жапырт айтууга чейин да барышкан. «Акый, акый» деген түшүнүктү
кайра-кайра аташып, корулдаган үндү да ашыкча чыгарууга аракеттенип, эки тарап бириникин экинчиси укпай өжөрлөнө ээлигишкен. Ошондуктан адамдар сүйлөшкөндө ар бири сөзгө аралжы бербей кыжылдашууну эл акыйлашуу деп да аташат. А. а. ‒ азыр элдин оозеки чыг-лыгында да, акын-жазуучулар тарабынан да улантылууда. ''М. Мамыров.''<br>


''М. Мамыров.''<br>
[[Категория:1-Том]]

09:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АКЫЙ АЙТЫШУУ, а к ы й н е к ы р ы ‒ кыргыз элинин оозеки поэзиясындагы айтыш жанрынын байыркы бир түрү; жаш кыздардын кордоо, шакаба чегүү, мыскыл мүнөзүндөгү айтышы. Акыйнек айтышуу кыргыздар болжолу байыркы көчмөн доордо жашаган учурда келип чыккан болуу керек. Акый айтышкандар тууган-уругуна, айыл-конушуна жараша эки жаат болуп бөлүнүп, маӊдай-тескей туруп, бири экинчисинин кемчилигин алмак-салмак айтып, көбүнчө ата-энелеринин бай-кедейлигин, баатырдык менен коркоктугун, социалдык тегин көбүрөөк, таамайыраак ашкерелеген, жеке сапаттарын мактап же кордоп айтышкан. Ыр жалаӊ эле кордоо, мазактоо мүнөзүндө болбостон, кээде сөзгө чечендикти, сөз тапкычтыкты сынашуу максатын көздөйт. Акыйнек айтышуу музыкалык аспапсыз, көбүнчө обонго салынбай айтылган. Кыздар акыйнек айтышууну адегенде канча кыз болсо, ошончо кыз эки тарап болуп кезектешип айтышса, кээде жарыша, жапырт айтууга чейин да барышкан. «Акый, акый» деген түшүнүктү кайра-кайра аташып, корулдаган үндү да ашыкча чыгарууга аракеттенип, эки тарап бириникин экинчиси укпай өжөрлөнө ээлигишкен. Ошондуктан адамдар сүйлөшкөндө ар бири сөзгө аралжы бербей кыжылдашууну эл акыйлашуу деп да аташат. Акыйнек айтышуу ‒ азыр элдин оозеки чыгармачылыгында да, акын-жазуучулар тарабынан да улантылууда.

М. Мамыров.