Difference between revisions of "АКЧА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(6 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
‒ жалпы эквивалент катары бардык товарлардын наркын көрсөтүүчү өзгөчө товар. А. товардык өндүрүштүн пайда болуу ж-а өнүгүү процессинде алгачкы коомдук түзүлүштүн аяк ченинде чыккан. Товар алмаштырууда А-нын, б. а. эквиваленттин милдетин ар түрдүү товарлар (мал, тери, туз ж. б.) аткарган, бара-бара ал А. талабын толук канааттандыруучу асыл металлга (алтын, күмүш) өткөн. А. товардык касиетин сактап калган, анткени ага керектөө наркы ж-а нарк таандык. А-нын башка товарлардан дагы бир өзгөчөлүгү ‒ ал бардыгына бирдей жалпы наркка ээ болуп, кандай товарга болсо да алмашылат. А. милдеттери: нарк чени; жүгүртүү-соода каражаты; байлык каражаты; төлөм каражаты; дүйнөлүк акча. А. чарбалык экономиканын жүгүртүү муктаждыгына ылайык белгиленген пландын негизинде чыгарылат.

'''АКЧА''' ‒ жалпы эквивалент катары бардык товарлардын наркын көрсөтүүчү өзгөчө товар. Акча  товардык өндүрүштүн пайда болуу жана өнүгүү процессинде алгачкы коомдук түзүлүштүн аяк ченинде чыккан. Товар алмаштырууда Акчанын, башккача эквиваленттин милдетин ар түрдүү товарлар (мал, тери, туз ж. б.) аткарган, бара-бара ал акча  талабын толук канааттандыруучу асыл металлга (алтын, күмүш) өткөн. Акча  товардык касиетин сактап калган, анткени ага керектөө наркы жана нарк таандык. Акчанын башка товарлардан дагы бир өзгөчөлүгү ‒ ал бардыгына бирдей жалпы наркка ээ болуп, кандай товарга болсо да алмашылат. Акча  милдеттери: нарк чени; жүгүртүү-соода каражаты; байлык каражаты; төлөм каражаты; дүйнөлүк акча. Акча  чарбалык экономиканын жүгүртүү муктаждыгына ылайык белгиленген пландын негизинде чыгарылат.
Б. з. ч. 3-кылымда хунндар акча  ордуна күмүш бычакты пайдаланган, 1-кылымда салык үчүн алтын, күмүш, куймаларды (тайтуяктарды) алып турган. Хунндар бир бетинде пехлеви, экинчи бетинде эфталит (түрк рун) жазуусу бар тыйындарды (б. з. ч. 6-кылым) жасап, соода жүргүзүүгө киргизишкен. Жалпы түрк элдери, анын ичинде кыргыз эли Улуу Жибек жолуна орношкондуктан, б. з. ч. 2-кылымдын аягынан кыргыз жери аркылуу батыш менен чыгыш өлкөлөрү соода жүргүзүшкөн. Ошондуктан республиканын аймагынан кытайдын «ушу», кушандык, парфияндык, сасаниддик дирхемдери жана византиялык исолиди, кытайдын цяни, согдулардын тыйыны, 6‒8-кылымдардын аралыгында жез, коло, күмүш тыйын акчалар Суяб, Акбешим шаарларында  чыгарылып турган. Исфиджаб шаарында атайын акча чыгаруучу сарайы болгон. Ошондой  эле Карахандардын тушунда чыгарылган динарлар тарыхый эстеликтерди казууларда табылган.
«Манас» эпосунун миӊ жылдык юбилейине арнап чыгарылган «Манас ‒ 1000» тыйыны кыргыз элинин тарыхындагы биринчи тыйыны болуп эсептелет. 1993-жылдын 10-майынан КРде өз акча банкноттору чыгарыла баштады. Бир сомдук банкнотко композитор А. ''Малдыбаевдин,'' 5 сомдукка ‒ бийчи Б. ''Бейшеналиеванын,'' 10 сомдукка ‒ окумуштуу К.'' Тыныстановдун,'' 20 сомдукка ‒ акын ''Тоголок Молдонун,'' 50 сомдукка‒ ''Курманжан ''датканын, 100 сомдукка ‒ акын Т. ''Сатылгановдун,'' 200 сомдукка ‒ акын А. ''Осмоновдун,'' 500 сомдукка ‒ манасчы С. ''Каралаевдин, ''1000 сомдукка ‒ ойчул Ж. ''Баласагындын'' сүрөтү түшүрүлгөн. Банкноттор ак кагазга басылып, ар бири өзүнчө түскө, суу белгилерине, «Кыргыз банкы» микротексттүү коргоо тилкесине, люминесцияланган түссүз тилкелерге ээ, к. ''Сом.''
Б. з. ч. 3-к-да хунндар А. ордуна күмүш бычакты пайдаланган, 1-к-да салык үчүн алтын, күмүш, куймаларды (тайтуяктарды) алып турган. Хунндар бир бетинде пехлеви, экинчи бетинде эфталит (түрк рун) жазуусу бар тыйындарды (б. з. ч. 6-к.) жасап, соода жүргүзүүгө киргизишкен. Жалпы түрк элдери, а. и. кыргыз эли Улуу Жибек жолуна орношкондуктан, б. з. ч. 2-к-дын аягынан кыргыз жери аркылуу батыш м-н чыгыш өлкөлөрү соода жүргүзүшкөн. Ошондуктан респ-нын аймагынан кытайдын «ушу», кушандык, парфияндык, сасаниддик дирхемдери ж-а византиялык исолиди, кытайдын цяни, согдулардын тыйыны, 6‒8-к-дын аралыгында жез, коло, күмүш тыйын акчалар Суяб, Акбешим ш-ларында чыгарылып турган. Исфиджаб ш-нда атайын акча чыгаруучу сарайы болгон. О. эле Карахандардын тушунда чыгарылган динарлар тарыхый эстеликтерди казууларда табылган.

«Манас» эпосунун миӊ жылдык юбилейине арнап чыгарылган «Манас ‒ 1000» тыйыны кыргыз элинин тарыхындагы биринчи тыйыны болуп эсептелет. 1993-жылдын 10-майынан КРде өз акча банкноттору чыгарыла баштады. Бир сомдук банкнотко комп. А. ''Малдыбаевдин,'' 5 сомдукка ‒ бийчи Б. ''Бейшеналиеванын,'' 10 сомдукка ‒ окумуштуу К.'' Тыныстановдун,'' 20 сомдукка ‒ акын ''Тоголок Молдонун,'' 50 сомдукка‒ ''Курманжан ''датканын, 100 сомдукка ‒ акын Т. ''Сатылгановдун,'' 200 сомдукка ‒ акын А. ''Осмоновдун,'' 500 сомдукка ‒ манасчы С. ''Каралаев дин, ''1000 сомдукка ‒ ойчул Ж. ''Баласагындын'' сүрөтү түшүрүлгөн. Банкноттор ак кагазга басылып, ар бири өзүнчө түскө, суу белгилерине, «Кыргыз банкы» микротексттүү коргоо тилкесине, люминесцияланган түссүз тилкелерге ээ, к. ''Сом. А. Кулов.''

''А. Кулов.''

[[Категория:1-Том]]

09:08, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АКЧА ‒ жалпы эквивалент катары бардык товарлардын наркын көрсөтүүчү өзгөчө товар. Акча товардык өндүрүштүн пайда болуу жана өнүгүү процессинде алгачкы коомдук түзүлүштүн аяк ченинде чыккан. Товар алмаштырууда Акчанын, башккача эквиваленттин милдетин ар түрдүү товарлар (мал, тери, туз ж. б.) аткарган, бара-бара ал акча талабын толук канааттандыруучу асыл металлга (алтын, күмүш) өткөн. Акча товардык касиетин сактап калган, анткени ага керектөө наркы жана нарк таандык. Акчанын башка товарлардан дагы бир өзгөчөлүгү ‒ ал бардыгына бирдей жалпы наркка ээ болуп, кандай товарга болсо да алмашылат. Акча милдеттери: нарк чени; жүгүртүү-соода каражаты; байлык каражаты; төлөм каражаты; дүйнөлүк акча. Акча чарбалык экономиканын жүгүртүү муктаждыгына ылайык белгиленген пландын негизинде чыгарылат.
Б. з. ч. 3-кылымда хунндар акча ордуна күмүш бычакты пайдаланган, 1-кылымда салык үчүн алтын, күмүш, куймаларды (тайтуяктарды) алып турган. Хунндар бир бетинде пехлеви, экинчи бетинде эфталит (түрк рун) жазуусу бар тыйындарды (б. з. ч. 6-кылым) жасап, соода жүргүзүүгө киргизишкен. Жалпы түрк элдери, анын ичинде кыргыз эли Улуу Жибек жолуна орношкондуктан, б. з. ч. 2-кылымдын аягынан кыргыз жери аркылуу батыш менен чыгыш өлкөлөрү соода жүргүзүшкөн. Ошондуктан республиканын аймагынан кытайдын «ушу», кушандык, парфияндык, сасаниддик дирхемдери жана византиялык исолиди, кытайдын цяни, согдулардын тыйыны, 6‒8-кылымдардын аралыгында жез, коло, күмүш тыйын акчалар Суяб, Акбешим шаарларында чыгарылып турган. Исфиджаб шаарында атайын акча чыгаруучу сарайы болгон. Ошондой эле Карахандардын тушунда чыгарылган динарлар тарыхый эстеликтерди казууларда табылган.
«Манас» эпосунун миӊ жылдык юбилейине арнап чыгарылган «Манас ‒ 1000» тыйыны кыргыз элинин тарыхындагы биринчи тыйыны болуп эсептелет. 1993-жылдын 10-майынан КРде өз акча банкноттору чыгарыла баштады. Бир сомдук банкнотко композитор А. Малдыбаевдин, 5 сомдукка ‒ бийчи Б. Бейшеналиеванын, 10 сомдукка ‒ окумуштуу К. Тыныстановдун, 20 сомдукка ‒ акын Тоголок Молдонун, 50 сомдукка‒ Курманжан датканын, 100 сомдукка ‒ акын Т. Сатылгановдун, 200 сомдукка ‒ акын А. Осмоновдун, 500 сомдукка ‒ манасчы С. Каралаевдин, 1000 сомдукка ‒ ойчул Ж. Баласагындын сүрөтү түшүрүлгөн. Банкноттор ак кагазга басылып, ар бири өзүнчө түскө, суу белгилерине, «Кыргыз банкы» микротексттүү коргоо тилкесине, люминесцияланган түссүз тилкелерге ээ, к. Сом.

А. Кулов.