Difference between revisions of "АКУСТИКА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(7 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(гр''. akustikоs'' ‒ угуу) — физиканын үндү изилдөөчү бөлүгү. Төмөнкү термелүү жыштыгынан эӊ жогорку термелүү жыштыгына (1012«1013 Гц) чейинки серпилгич термелүүлөрдүн, толкундардын дүүлүгүшүн (пайда болушун), таралуу процессин, зат м-н өз ара аракеттешүүлөрүн ж-а алардын түрдүү тармакта колдонулушун изилдейт. Б. з. ч. 6-к-да эле Пифагор муз. аспаптын кылынын же түтүктүн узундугу м-н угулуучу үн толкунунун бийиктигинин ортосунда байланыш бар экенин байкаган. Аристотель үн чыгаруучу нерсе абаны кысып ж-а сейректете турганын тажрыйбада аныктап, жаӊырыкты физ. жол м-н түшүндүргөн. Г. Галилей үн бийиктиги м-н термелүү жыштыгынын ортосундагы байланышты, М. Мерсенн үндүн абада таралуу ылдамдыгын аныкташкан. 18-к-да Л. Эйлер, ''Д. Бернулли'' ж-а ''Ж. Д'Аламбер'' өзөк, пластинка ж-а муз. аспаптын кылдарынын термелүүсүнүн толук теориясын түзүшкөн. 19-к-да Г. Гельмгольц адам ж-а муз. үндөрдүн табиятын түшүндүргөн, угуучу аппаратка окшоштуруп кулактын физ. теориясын иштеп чыккан. 20-к-га чейин А. механиканын бөлүмү катары өнүгүп келген. Мех. термелүүнүн, үн чыгаруунун ж-а үн толкунунун чөйрөдө таралуусунун жалпы теориясы түзүлгөн, үн басымын, энергиясын ж-а таралуу ылдамдыгын өлчөө ыкмалары иштелип чыккан. Радиотехника, радио уктуруунун өркүндөшү м-н 20-к-дын 20-жылдарында А-нын өнүгүшүнүн жаӊы доору башталган. Ал кездеги радиотехниканын электрмагниттик энергияны үн энергиясына өзгөртүп кайра түзүү ыкмалары жаӊы аппараттарды жасоону талап кылды. Жалпы ж-а теориялык А-да серпилгич толкундардын түрдүү чөйрөдө нурлануу, таралуу ж-а кабыл алуу закон ченемдери, о. эле алардын чөйрө м-н өз ара аракеттешүүлөрү изилденет. А-нын тармактарына электр А-сы, арх-ра А-сы, курулуш А-сы, атм. А-сы, ''геоакустика, гидроакустика'', ультраүн физикасы ж-а техникасы, психол. А., физиол. А. ж-а муз. А. кирет.

'''АКУСТИКА''' (гр''. akustikоs'' ‒ угуу) — физиканын үндү изилдөөчү бөлүгү. Төмөнкү термелүү жыштыгынан эӊ жогорку термелүү жыштыгына (1012«1013 Гц) чейинки серпилгич термелүүлөрдүн, толкундардын дүүлүгүшүн (пайда болушун), таралуу процессин, зат менен өз ара аракеттешүүлөрүн жана алардын түрдүү тармакта колдонулушун изилдейт. Б. з. ч. 6-кылымда эле Пифагор музыкалык аспаптын кылынын же түтүктүн узундугу менен угулуучу үн толкунунун бийиктигинин ортосунда байланыш бар экенин байкаган. Аристотель үн чыгаруучу нерсе абаны кысып жана сейректете турганын тажрыйбада аныктап, жаӊырыкты физикалык  жол менен түшүндүргөн. Г. Галилей үн бийиктиги менен термелүү жыштыгынын ортосундагы байланышты, М. Мерсенн үндүн абада таралуу ылдамдыгын аныкташкан. 18-кылымда Л. Эйлер, ''Д. Бернулли'' жана ''Ж. Д'Аламбер'' өзөк, пластинка жана музыкалык аспаптын кылдарынын термелүүсүнүн толук теориясын түзүшкөн. 19-кылымда Г. Гельмгольц адам жана музыкалык үндөрдүн табиятын түшүндүргөн, угуучу аппаратка окшоштуруп кулактын физикалык  теориясын иштеп чыккан. 20-кылымга чейин акустика механиканын бөлүмү катары өнүгүп келген. Механикалык  термелүүнүн, үн чыгаруунун жана үн толкунунун чөйрөдө таралуусунун жалпы теориясы түзүлгөн, үн басымын, энергиясын жана таралуу ылдамдыгын өлчөө ыкмалары иштелип чыккан. Радиотехника, радио уктуруунун өркүндөшү менен 20-кылымдын 20-жылдарында акустиканын өнүгүшүнүн жаӊы доору башталган. Ал кездеги радиотехниканын электрмагниттик энергияны үн энергиясына өзгөртүп кайра түзүү ыкмалары жаӊы аппараттарды жасоону талап кылды. Жалпы жана теориялык акустикада серпилгич толкундардын түрдүү чөйрөдө нурлануу, таралуу жана кабыл алуу закон ченемдери, ошондой эле алардын чөйрө менен өз ара аракеттенишүүлөрү изилденет. Акустиканын тармактарына электр акустикасы, архитектура акустикасы, курулуш акустикасы, атмосфера  акустикасы, ''геоакустика, гидроакустика'', ультраүн физикасы жана техникасы, психологиялык акустика, физиологиялык  акустика  жана музыкалык  акустика  кирет.
Ад.: ''Исакович М.А''. Общая акустика. М., 1973.

''Ад''.: ''Исакович М.А''. Общая акустика. М., 1973.

[[Категория:1-Том]]

09:06, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АКУСТИКА (гр. akustikоs ‒ угуу) — физиканын үндү изилдөөчү бөлүгү. Төмөнкү термелүү жыштыгынан эӊ жогорку термелүү жыштыгына (1012«1013 Гц) чейинки серпилгич термелүүлөрдүн, толкундардын дүүлүгүшүн (пайда болушун), таралуу процессин, зат менен өз ара аракеттешүүлөрүн жана алардын түрдүү тармакта колдонулушун изилдейт. Б. з. ч. 6-кылымда эле Пифагор музыкалык аспаптын кылынын же түтүктүн узундугу менен угулуучу үн толкунунун бийиктигинин ортосунда байланыш бар экенин байкаган. Аристотель үн чыгаруучу нерсе абаны кысып жана сейректете турганын тажрыйбада аныктап, жаӊырыкты физикалык жол менен түшүндүргөн. Г. Галилей үн бийиктиги менен термелүү жыштыгынын ортосундагы байланышты, М. Мерсенн үндүн абада таралуу ылдамдыгын аныкташкан. 18-кылымда Л. Эйлер, Д. Бернулли жана Ж. Д'Аламбер өзөк, пластинка жана музыкалык аспаптын кылдарынын термелүүсүнүн толук теориясын түзүшкөн. 19-кылымда Г. Гельмгольц адам жана музыкалык үндөрдүн табиятын түшүндүргөн, угуучу аппаратка окшоштуруп кулактын физикалык теориясын иштеп чыккан. 20-кылымга чейин акустика механиканын бөлүмү катары өнүгүп келген. Механикалык термелүүнүн, үн чыгаруунун жана үн толкунунун чөйрөдө таралуусунун жалпы теориясы түзүлгөн, үн басымын, энергиясын жана таралуу ылдамдыгын өлчөө ыкмалары иштелип чыккан. Радиотехника, радио уктуруунун өркүндөшү менен 20-кылымдын 20-жылдарында акустиканын өнүгүшүнүн жаӊы доору башталган. Ал кездеги радиотехниканын электрмагниттик энергияны үн энергиясына өзгөртүп кайра түзүү ыкмалары жаӊы аппараттарды жасоону талап кылды. Жалпы жана теориялык акустикада серпилгич толкундардын түрдүү чөйрөдө нурлануу, таралуу жана кабыл алуу закон ченемдери, ошондой эле алардын чөйрө менен өз ара аракеттенишүүлөрү изилденет. Акустиканын тармактарына электр акустикасы, архитектура акустикасы, курулуш акустикасы, атмосфера акустикасы, геоакустика, гидроакустика, ультраүн физикасы жана техникасы, психологиялык акустика, физиологиялык акустика жана музыкалык акустика кирет.

Ад.: Исакович М.А. Общая акустика. М., 1973.