Difference between revisions of "АККЛИМАТИЗАЦИЯ"
м (1 версия) |
м (→top: категория кошуу) |

| (6 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АККЛИМАТИЗАЦИЯ''' (лат. ad – ошого, үчүн жана гр. klima – климат) – организмдин бир жерден экинчи жерге алынып келингенде, шарты өзгөргөн жаңы чөйрөгө (климаттын өзгөрүшү, токой тигүү жана кыюу, сазды кургатуу ж. б.) байырлануусу. Анда зат алмашуунун тукум куубаган өзгөрүүсү болот же түрдүн генетикалык структурасы өзгөрөт. Жаратылышта Акклиматизация жаныбарлар жана өсүмдүктөр жаңы жерге алынып келингенде (миграция) же кокустан оошкондо ж. б. болот. Адам пайдалуу жапайы түрлөрдү, ошондой эле айыл чарба өсүмдүгүн, жаныбарларын башка жерге алып келгенде жасалма Акклиматизация келип чыгат. Өсүмдүк Акклиматизациясында климат факторлору (температуpa, нымдуулук, жаан‑чачындын саны, жарык ж. б.),топурактын тиби,андагы микрофлора ж. б.чоң мааниге ээ. Жаныбар акклиматизациясы көбүнчө душмандарынын, тоют атаандашынын ж. б. болушуна байланыштуу. Түндүк Америкадан Европага айрым жыгач өсүмдүк породалары (туя, карагай, терек) жана жаныбарлардын (ондатра, америка норкасы, нутрия, ак куйрук бугу) алынып келиниши мыкты натыйжаларды берген. Айрым учурда акклиматизация үчүн түрлөрдү жаңы жерге алып келүүдөн экологиялык тең салмактуулук, азыктануу тизмеги өзгөрүлүп, жергиликтүү түрлөрдү сүрүп чыгарат. Мисалы, Амур жээгинен жана Уссурий крайынан Россияга алынып келинген жанат сымал ит, өрдөк ж. б. куштардын жөжөлөрүн жок кылып, жергиликтүү фауна – түлкү, кашкулак ж. б. конкурент болушкан. Адамдын акклиматизациясысы ''адап''''тациянын'' бир түрү. Ал организмдин зат алмашуу жана функциясынын өзгөрүшү менен коштолуп, организмдеги нейрогумор жана рефлекс реакцияларынын таасири менен жүрөт. Адамдын жаңы климаттык жана географиялык шартка байырлануусунда биологиялык процесстер менен катар социалдык, экономикалык факторлор – эмгек жана тиричилик шарты, тамактануу мүнөзү, кийим, турак жай ж. б. маанилүү орунду ээлейт. Киши ар түрдүү шартка акырындап көнүгүп, акклиматизация убактылуу же биротоло сакталат. Акклиматизация суук климатка караганда ысык климатта кыйыныраак, айрыкча нымдуу тропикте оор өтөт. Дене абдан ысып, өтө арыктап, минерал заттар тер менен көп бөлүнүшүнө дуушар болот. Бара‑бара адам ысыкка жана нымдуулукка көнүп, зат алмашуу ж. б. физиологиялык функциялар калыбына келе баштайт. Тоолуу жер деңиз деңгээлинен канчалык бийик болсо, акклиматизация ошончолук кыйынчылык менен жүрөт. | |||
тизмеги өзгөрүлүп, | [[Категория:1-Том]] | ||
09:01, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АККЛИМАТИЗАЦИЯ (лат. ad – ошого, үчүн жана гр. klima – климат) – организмдин бир жерден экинчи жерге алынып келингенде, шарты өзгөргөн жаңы чөйрөгө (климаттын өзгөрүшү, токой тигүү жана кыюу, сазды кургатуу ж. б.) байырлануусу. Анда зат алмашуунун тукум куубаган өзгөрүүсү болот же түрдүн генетикалык структурасы өзгөрөт. Жаратылышта Акклиматизация жаныбарлар жана өсүмдүктөр жаңы жерге алынып келингенде (миграция) же кокустан оошкондо ж. б. болот. Адам пайдалуу жапайы түрлөрдү, ошондой эле айыл чарба өсүмдүгүн, жаныбарларын башка жерге алып келгенде жасалма Акклиматизация келип чыгат. Өсүмдүк Акклиматизациясында климат факторлору (температуpa, нымдуулук, жаан‑чачындын саны, жарык ж. б.),топурактын тиби,андагы микрофлора ж. б.чоң мааниге ээ. Жаныбар акклиматизациясы көбүнчө душмандарынын, тоют атаандашынын ж. б. болушуна байланыштуу. Түндүк Америкадан Европага айрым жыгач өсүмдүк породалары (туя, карагай, терек) жана жаныбарлардын (ондатра, америка норкасы, нутрия, ак куйрук бугу) алынып келиниши мыкты натыйжаларды берген. Айрым учурда акклиматизация үчүн түрлөрдү жаңы жерге алып келүүдөн экологиялык тең салмактуулук, азыктануу тизмеги өзгөрүлүп, жергиликтүү түрлөрдү сүрүп чыгарат. Мисалы, Амур жээгинен жана Уссурий крайынан Россияга алынып келинген жанат сымал ит, өрдөк ж. б. куштардын жөжөлөрүн жок кылып, жергиликтүү фауна – түлкү, кашкулак ж. б. конкурент болушкан. Адамдын акклиматизациясысы адаптациянын бир түрү. Ал организмдин зат алмашуу жана функциясынын өзгөрүшү менен коштолуп, организмдеги нейрогумор жана рефлекс реакцияларынын таасири менен жүрөт. Адамдын жаңы климаттык жана географиялык шартка байырлануусунда биологиялык процесстер менен катар социалдык, экономикалык факторлор – эмгек жана тиричилик шарты, тамактануу мүнөзү, кийим, турак жай ж. б. маанилүү орунду ээлейт. Киши ар түрдүү шартка акырындап көнүгүп, акклиматизация убактылуу же биротоло сакталат. Акклиматизация суук климатка караганда ысык климатта кыйыныраак, айрыкча нымдуу тропикте оор өтөт. Дене абдан ысып, өтө арыктап, минерал заттар тер менен көп бөлүнүшүнө дуушар болот. Бара‑бара адам ысыкка жана нымдуулукка көнүп, зат алмашуу ж. б. физиологиялык функциялар калыбына келе баштайт. Тоолуу жер деңиз деңгээлинен канчалык бийик болсо, акклиматизация ошончолук кыйынчылык менен жүрөт.