Difference between revisions of "АК-ШЫЙРАК ТОО ТООМУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

1 -сап: 1 -сап:
'''АК-ШЫЙРАК ТОО ТООМУ''' Борбордук жана Ички Теӊир-Тоонун чегинде. Чыгышынан Сары-Жаз өрөөнү, батышынан Нарын дарыясынын баш жагы менен чектешип, түштүк-батыштан түндүк-чыгышка карай созулат. Узундугу 60 ''км, ''эӊ жазы жери 28 ''км. ''Орточо бийиктиги 4720 ''м, ''эӊ бийик жери 5100 ''м ''(Жаман-Суунун оӊ куймасынын төрүндө). Негизинен протерозой, силур, девон жана карбон мезгилдеринин чөкмө жана эффузия тоо тектеринен түзүлгөн. Тоо арасындагы ойдуӊдарда, суу өзөндөрүндө палеоген-неогендин кызыл түстүү чөкмө тектери жана антропогендин аллювий, мөӊгү чөкмөлөрү жатат. Интрузия тектеринен плагиогранит, сиенит-диорит, габбро-диабаз, нефелиндүү сиенит жана турмалиндүү граниттер арбын. Кен байлыктарынан алтын жана калайдын өндүрүштүк мааниси бар. Тоо үч кыркадан түзүлгөн: түндүк (Сары-Чат, Ээр-Таш, Май-Төр), ортоңку (Кызыл-Эшме), түштүк (Үч-Көл); булардын чыгыш жагы биригип кетет. Кырларынын (4500‒5000'' м'') жана өрөөндөрүнүн баш жактарын (4000‒4500 ''м'') мөӊгүлөр ээлейт. 3500‒4000 ''м ''бийиктикке альп шалбаа ландшафты мүнөздүү, ошондой эле тоо мөӊгүлөрү сүрүп таштаган шагылдар көп. Түндүк жана түштүк этектери аркылуу тектоникалык жаракалар өтөт. Ак-Шыйрак тоо тоомунда аянты 432 ''км''2ге жеткен 130дай мөӊгү (Петров, Давыдов, Кум-Төр ж. б.) бар. Эӊ ириси ‒ Петров, мындан Нарын дарыясы башталат. Өрөөн мөӊгүлөрүнүн узундугу 10‒20 ''км''ге жетет. Түндүк-батыш этегинде ''Кум-Төр алтын кени'' бар.

[[Категория:1-Том]]

08:56, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АК-ШЫЙРАК ТОО ТООМУ Борбордук жана Ички Теӊир-Тоонун чегинде. Чыгышынан Сары-Жаз өрөөнү, батышынан Нарын дарыясынын баш жагы менен чектешип, түштүк-батыштан түндүк-чыгышка карай созулат. Узундугу 60 км, эӊ жазы жери 28 км. Орточо бийиктиги 4720 м, эӊ бийик жери 5100 м (Жаман-Суунун оӊ куймасынын төрүндө). Негизинен протерозой, силур, девон жана карбон мезгилдеринин чөкмө жана эффузия тоо тектеринен түзүлгөн. Тоо арасындагы ойдуӊдарда, суу өзөндөрүндө палеоген-неогендин кызыл түстүү чөкмө тектери жана антропогендин аллювий, мөӊгү чөкмөлөрү жатат. Интрузия тектеринен плагиогранит, сиенит-диорит, габбро-диабаз, нефелиндүү сиенит жана турмалиндүү граниттер арбын. Кен байлыктарынан алтын жана калайдын өндүрүштүк мааниси бар. Тоо үч кыркадан түзүлгөн: түндүк (Сары-Чат, Ээр-Таш, Май-Төр), ортоңку (Кызыл-Эшме), түштүк (Үч-Көл); булардын чыгыш жагы биригип кетет. Кырларынын (4500‒5000 м) жана өрөөндөрүнүн баш жактарын (4000‒4500 м) мөӊгүлөр ээлейт. 3500‒4000 м бийиктикке альп шалбаа ландшафты мүнөздүү, ошондой эле тоо мөӊгүлөрү сүрүп таштаган шагылдар көп. Түндүк жана түштүк этектери аркылуу тектоникалык жаракалар өтөт. Ак-Шыйрак тоо тоомунда аянты 432 км2ге жеткен 130дай мөӊгү (Петров, Давыдов, Кум-Төр ж. б.) бар. Эӊ ириси ‒ Петров, мындан Нарын дарыясы башталат. Өрөөн мөӊгүлөрүнүн узундугу 10‒20 кмге жетет. Түндүк-батыш этегинде Кум-Төр алтын кени бар.