Difference between revisions of "АК-СУУ ӨРӨӨНҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM

м (→‎top: категория кошуу)

(5 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
Тескей Ала-Тоонун түн. капталында. Ак-Суунун эки айрыгы ‒ Алмалы (оӊ) ж-а Алтын-Арашан (сол) өзөндөрүнөн орун алган. Чыгышында Ичке-Жергез, Бууракан, батышында Каракол, Жыланды тоолору (Тескей Ала-Тоонун тармактары) жатат. уз. 60 ''км, ''туурасы 20 ''м'' ‒2,5 ''км, ''орт. бийикт. 2000‒3900 ''м, ''капталдары тик (30‒40°), айрыкча өрөөндүн оозу, Ортоктун эки жагы (Кептеш, Тайгак-Таш) 60‒70°, таманы кууш (20‒50 ''м''). Алмалынын баш жагы (3500‒4100 ''м'') мөӊгүлүү, зоокалуу келип, тепши сымал; ортонку бөлүгү (2400‒3500 ''м'') кенен, төмөн жагы (2100‒2400 ''м) ''кууш капчыгай, Алмалы суусу чулу гранит тегин кесип, шар агат. Алтын-Арашан меридиан багытында жатат, баш жагы мөӊгүлүү, мореналуу, ортонку бөлүгү тепши сымал, аягы кууш (каньон), өрөөн эрозиянын натыйжасында пайда болгон; ал гранит, кумдук ж-а акиташ тектеринен турат. Климаты континенттик, июлдун орт. темп-расы 13‒14°С, январдыкы ‒7...‒9°С. Жылдык жаан-чачыны 500‒800 ''мм. ''Мөӊгүлөрү: Кашка-Суу, Алтын-Арашан, Ашуу-Суу, Алмалы ж. б. Ири суулары: Алтын-Арашан, Алмалы, алардын куймалары: Ашуу-Суу, Кашка-Суу, Шаркыратма, Айланма. Өрөөндө боз, күрөӊ ж-а шалбаа топурактары басымдуу. Алтын арашандын төмөнкү ж-а ортонку бөлүгү калыӊ карагайлуу. Алмалыда карагай токой Ортоктун үстүнөн жогору карай 30‒35 ''км''ге созулат. Тескейи карагай черлүү; бадалдуу карагайдын арасында четин, шилби, терек, тал, итмурун өсөт. Арча, табылгы ж-а бадал өсүмдүктөрү Алмалынын эки өйүзүн теӊ ээлейт. Өрөөндө карагайдын бийикт. 30‒35 ''м, ''жоондугу 0,8‒1,5 ''м''ге жетет. Мындай карагайлар Кырг-ндын башка аймактарында сейрек кездешет. Өрөөн кооз ж-а ысык булактары бар; малга жайлуу.

'''АК-СУУ ӨРӨӨНҮ''' Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында. Ак-Суунун эки айрыгы ‒ Алмалы (оӊ) жана Алтын-Арашан (сол) өзөндөрүнөн орун алган. Чыгышында Ичке-Жергез, Бууракан, батышында Каракол, Жыланды тоолору (Тескей Ала-Тоонун тармактары) жатат. Узундугу 60 ''км, ''туурасы 20 ''м''‒2,5 ''км, ''орточо бийиктиги 2000‒3900 ''м, ''капталдары тик (30‒40°), айрыкча өрөөндүн оозу, Ортоктун эки жагы (Кептеш, Тайгак-Таш) 60‒70°, таманы кууш (20‒50 ''м''). Алмалынын баш жагы (3500‒4100 ''м'') мөӊгүлүү, зоокалуу келип, тепши сымал; ортонку бөлүгү (2400‒3500 ''м'') кенен, төмөн жагы (2100‒2400 ''м) ''кууш капчыгай, Алмалы суусу чулу гранит тегин кесип, шар агат. Алтын-Арашан меридиан багытында жатат, баш жагы мөӊгүлүү, мореналуу, ортоңку бөлүгү тепши сымал, аягы кууш (каньон), өрөөн эрозиянын натыйжасында пайда болгон; ал гранит, кумдук жана акиташ тектеринен турат. Климаты континенттик, июлдун орточо температурасы 13‒14°С, январдыкы ‒7...‒9°С. Жылдык жаан-чачыны 500‒800 ''мм. ''Мөӊгүлөрү: Кашка-Суу, Алтын-Арашан, Ашуу-Суу, Алмалы ж. б. Ири суулары: Алтын-Арашан, Алмалы, алардын куймалары: Ашуу-Суу, Кашка-Суу, Шаркыратма, Айланма. Өрөөндө боз, күрөӊ жана шалбаа топурактары басымдуу. Алтын-Арашандын төмөнкү жана ортоңку бөлүгү калыӊ карагайлуу. Алмалыда карагай токой Ортоктун үстүнөн жогору карай 30‒35 ''км''ге созулат. Тескейи карагай черлүү; бадалдуу карагайдын арасында четин, шилби, терек, тал, ит мурун өсөт. Арча, табылгы жана бадал өсүмдүктөрү Алмалынын эки өйүзүн теӊ ээлейт. Өрөөндө карагайдын бийиктиги 30‒35 ''м, ''жоондугу 0,8‒1,5 ''м''ге жетет. Мындай карагайлар Кыргызстандын башка аймактарында сейрек кездешет. Өрөөн кооз жана ысык булактары бар; малга жайлуу.

[[Категория:1-Том]]

08:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АК-СУУ ӨРӨӨНҮ Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында. Ак-Суунун эки айрыгы ‒ Алмалы (оӊ) жана Алтын-Арашан (сол) өзөндөрүнөн орун алган. Чыгышында Ичке-Жергез, Бууракан, батышында Каракол, Жыланды тоолору (Тескей Ала-Тоонун тармактары) жатат. Узундугу 60 км, туурасы 20 м‒2,5 км, орточо бийиктиги 2000‒3900 м, капталдары тик (30‒40°), айрыкча өрөөндүн оозу, Ортоктун эки жагы (Кептеш, Тайгак-Таш) 60‒70°, таманы кууш (20‒50 м). Алмалынын баш жагы (3500‒4100 м) мөӊгүлүү, зоокалуу келип, тепши сымал; ортонку бөлүгү (2400‒3500 м) кенен, төмөн жагы (2100‒2400 м) кууш капчыгай, Алмалы суусу чулу гранит тегин кесип, шар агат. Алтын-Арашан меридиан багытында жатат, баш жагы мөӊгүлүү, мореналуу, ортоңку бөлүгү тепши сымал, аягы кууш (каньон), өрөөн эрозиянын натыйжасында пайда болгон; ал гранит, кумдук жана акиташ тектеринен турат. Климаты континенттик, июлдун орточо температурасы 13‒14°С, январдыкы ‒7...‒9°С. Жылдык жаан-чачыны 500‒800 мм. Мөӊгүлөрү: Кашка-Суу, Алтын-Арашан, Ашуу-Суу, Алмалы ж. б. Ири суулары: Алтын-Арашан, Алмалы, алардын куймалары: Ашуу-Суу, Кашка-Суу, Шаркыратма, Айланма. Өрөөндө боз, күрөӊ жана шалбаа топурактары басымдуу. Алтын-Арашандын төмөнкү жана ортоңку бөлүгү калыӊ карагайлуу. Алмалыда карагай токой Ортоктун үстүнөн жогору карай 30‒35 кмге созулат. Тескейи карагай черлүү; бадалдуу карагайдын арасында четин, шилби, терек, тал, ит мурун өсөт. Арча, табылгы жана бадал өсүмдүктөрү Алмалынын эки өйүзүн теӊ ээлейт. Өрөөндө карагайдын бийиктиги 30‒35 м, жоондугу 0,8‒1,5 мге жетет. Мындай карагайлар Кыргызстандын башка аймактарында сейрек кездешет. Өрөөн кооз жана ысык булактары бар; малга жайлуу.