Difference between revisions of "АК-СУУ КОЗГОЛОҢУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → менен (2), ж-а → жана (2))
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АК-СУУ КОЗГОЛОҢУ''' ‒ Чүй өрөөнүндөгү Ак-Суу кыштагында 1918-ж. «солчул» эсерлер Совет бийлигине каршы уюштурган козголоӊ. А.-С. к-нун чыгышына Пишпек уездинин 1-партиялык конференциясынын «солчул» эсерлерди жана буржуазиянын өкүлдөрүн бийлик органдарынан кууп чыгуу ж-дөгү чечими шылтоо болгон. 6-декабрда эсерлер жерг. оокаттуу дыйкандарды чогултуп, митинг өткөрүшкөн. Эсерлерден, эски офицерлерден, кулактардан «Элдик аскер совети» түзүлүп, сов. уюмдарды жоюу, Жети-Суу аймагында убактылуу өкмөттүн бийлигин калыбына келтирүү максаты коюлган. Козголоӊго катышкан орустардын бир катары большевиктерден көп партиялуу демократиячыл түзүлүштү киргизүүнү талап кылышып, бул маселени сүйлөшүүлөр жолу менен да чечүүгө далалат кылышкан. Бул козголоӊдун башында солчул эсер Бондаренко турган. Аларды дунган жана кыргыз байлары колдогон. Козголоӊчулар 1918-ж. 6-декабрда Ак-Суу кыштагындагы почтаны, телеграфты басып алышып, колго түшкөн большевиктерди, сов. кызматкерлерди, кызыл аскерлерди мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Козголоӊ Пишпек уездинин батыш жагынын жарымына тарап, Олуя-Ата уездинин айрым кыштактарына чейин жеткен. 14-декабрда Пишпек ш-нын батыш бөлүгүн ээлеп алышкан. Большевиктер тарабынан козголоӊду басууга чечкиндүү чаралар көрүлүп, жер-жерлерде отряддар түзүлгөн. Козголоӊду басууга 22-декабрда Жети-Суу фронтунан Я. Н. ''Логвиненко'' жетектеген 1-Пишпек полку келип, козголоӊчулар 28-декабрда кызыл аскерлер тарабынан талкаланган.

'''АК-СУУ КОЗГОЛОҢУ''' ‒ Чүй өрөөнүндөгү Ак-Суу кыштагында 1918-жылы  «солчул» эсерлер Совет бийлигине каршы уюштурган козголоӊ. Ак-Суу  козголоңунун чыгышына Пишпек уездинин 1-партиялык конференциясынын «солчул» эсерлерди жана буржуазиянын өкүлдөрүн бийлик органдарынан кууп чыгуу жөнүндөгү чечими шылтоо болгон. 6-декабрда эсерлер жергиликтүү  оокаттуу дыйкандарды чогултуп, митинг өткөрүшкөн. Эсерлерден, эски офицерлерден, кулактардан «Элдик аскер совети» түзүлүп, советтик  уюмдарды жоюу, Жети-Суу аймагында убактылуу өкмөттүн бийлигин калыбына келтирүү максаты коюлган. Козголоӊго катышкан орустардын бир катары большевиктерден көп партиялуу демократиячыл түзүлүштү киргизүүнү талап кылышып, бул маселени сүйлөшүүлөр жолу менен да чечүүгө далалат кылышкан. Бул козголоӊдун башында солчул эсер Бондаренко турган. Аларды дунган жана кыргыз байлары колдогон. Козголоӊчулар 1918-жылы  6-декабрда Ак-Суу кыштагындагы почтаны, телеграфты басып алышып, колго түшкөн большевиктерди, советтик  кызматкерлерди, кызыл аскерлерди мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Козголоӊ Пишпек уездинин батыш жагынын жарымына тарап, Олуя-Ата уездинин айрым кыштактарына чейин жеткен. 14-декабрда Пишпек шаарынын батыш бөлүгүн ээлеп алышкан. Большевиктер тарабынан козголоӊду басууга чечкиндүү чаралар көрүлүп, жер-жерлерде отряддар түзүлгөн. Козголоӊду басууга 22-декабрда Жети-Суу фронтунан Я. Н. ''Логвиненко'' жетектеген 1-Пишпек полку келип, козголоӊчулар 28-декабрда кызыл аскерлер тарабынан талкаланган.

[[Категория:1-Том]]

08:51, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АК-СУУ КОЗГОЛОҢУ ‒ Чүй өрөөнүндөгү Ак-Суу кыштагында 1918-жылы «солчул» эсерлер Совет бийлигине каршы уюштурган козголоӊ. Ак-Суу козголоңунун чыгышына Пишпек уездинин 1-партиялык конференциясынын «солчул» эсерлерди жана буржуазиянын өкүлдөрүн бийлик органдарынан кууп чыгуу жөнүндөгү чечими шылтоо болгон. 6-декабрда эсерлер жергиликтүү оокаттуу дыйкандарды чогултуп, митинг өткөрүшкөн. Эсерлерден, эски офицерлерден, кулактардан «Элдик аскер совети» түзүлүп, советтик уюмдарды жоюу, Жети-Суу аймагында убактылуу өкмөттүн бийлигин калыбына келтирүү максаты коюлган. Козголоӊго катышкан орустардын бир катары большевиктерден көп партиялуу демократиячыл түзүлүштү киргизүүнү талап кылышып, бул маселени сүйлөшүүлөр жолу менен да чечүүгө далалат кылышкан. Бул козголоӊдун башында солчул эсер Бондаренко турган. Аларды дунган жана кыргыз байлары колдогон. Козголоӊчулар 1918-жылы 6-декабрда Ак-Суу кыштагындагы почтаны, телеграфты басып алышып, колго түшкөн большевиктерди, советтик кызматкерлерди, кызыл аскерлерди мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Козголоӊ Пишпек уездинин батыш жагынын жарымына тарап, Олуя-Ата уездинин айрым кыштактарына чейин жеткен. 14-декабрда Пишпек шаарынын батыш бөлүгүн ээлеп алышкан. Большевиктер тарабынан козголоӊду басууга чечкиндүү чаралар көрүлүп, жер-жерлерде отряддар түзүлгөн. Козголоӊду басууга 22-декабрда Жети-Суу фронтунан Я. Н. Логвиненко жетектеген 1-Пишпек полку келип, козголоӊчулар 28-декабрда кызыл аскерлер тарабынан талкаланган.