Difference between revisions of "АК-ДӨБӨ - Талас облусундагы кыштак"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (→‎top: категория кошуу)
 
(11 intermediate revisions by 6 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
  Орловка, Кызыл‑Чарба– Талас обл‑нун Бакай‑Ата р‑ндагы кыштак. Ак­Дөбө айыл аймагына караштуу. Талас – Тараз (Казакстан) автомобиль жолунун боюнда, Та­лас д‑нын сол жээгинде, деңиз деңг. 1070 ''м'' би­йиктикте. жайгашкан. Райондун борбору Ба­кай‑Ата кыш‑нан 13 ''км'' түн.-чыгыш тарапта. Тараз (Казакстан) темир жол бекетинен 95 ''км.'' 1891‑ж. отурукташкан. Калкы 4290 (2009); не­гизинен дыйканчылыкта ж‑а мал чарбасында эмгектенет. Талас д‑нан чыгарылган Чоң Талас каналы айылды батыш тарабынан кесип өтөт. Эки орто мектеп, китепкана, бала бакча, амбу­
'''АК-ДӨБӨ''' - Талас облусунун Бакай‑Ата районундагы кыштак. Ак­-Дөбө айыл аймагына караштуу. Талас – Тараз (Казакстан) автомобиль жолунун боюнда, Та­лас дарыясынын сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1070 ''м'' би­йиктикте  жайгашкан. Райондун борбору Ба­кай‑Ата кыштагынан 13 ''км'' түндүк-чыгыш тарапта. Тараз (Казакстан) темир жол бекетинен 95 ''км.'' 1891‑жылы отурукташкан. Калкы 4717 (2022); не­гизинен дыйканчылыкта <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> мал чарбасында эмгектенет. Талас дарыясынан чыгарылган Чоң Талас каналы айылды батыш тарабынан кесип өтөт. Эки орто мектеп, китепкана, бала бакча, амбулатория, турмуш‑тиричилик комбинатынын бө­лүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта кур­ман болгондорго эстелик тургузулган. Жеке мен­чик «Боорукер» үйү ачылган (1994; үй ээси А. Бо­ромбаев). Анда кароосуз калган кары‑картаңдар багылат. Кыштакта КРнын эл сүрөтчүсү ''Т. Гер&#0173;цен'' туулган.<br>
латория, турмуш&#8209;тиричилик комбинатынын бө&#0173;лүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта кур&#0173;ман болгондорго эстелик тургузулган. Жеке мен&#0173;чик «Боорукер» үйү ачьшган (1994; үй ээси А. Бо&#0173;ромбаев). Анда кароосуз калган кары&#8209;картандар багылат. Кыштакта КРнын эл сүрөтчүсү ''Т. Гер&#0173;цен'' туулган.<br>
[[Категория:1-Том]]
 

08:49, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АК-ДӨБӨ - Талас облусунун Бакай‑Ата районундагы кыштак. Ак­-Дөбө айыл аймагына караштуу. Талас – Тараз (Казакстан) автомобиль жолунун боюнда, Та­лас дарыясынын сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1070 м би­йиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ба­кай‑Ата кыштагынан 13 км түндүк-чыгыш тарапта. Тараз (Казакстан) темир жол бекетинен 95 км. 1891‑жылы отурукташкан. Калкы 4717 (2022); не­гизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Талас дарыясынан чыгарылган Чоң Талас каналы айылды батыш тарабынан кесип өтөт. Эки орто мектеп, китепкана, бала бакча, амбулатория, турмуш‑тиричилик комбинатынын бө­лүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта кур­ман болгондорго эстелик тургузулган. Жеке мен­чик «Боорукер» үйү ачылган (1994; үй ээси А. Бо­ромбаев). Анда кароосуз калган кары‑картаңдар багылат. Кыштакта КРнын эл сүрөтчүсү Т. Гер­цен туулган.