Difference between revisions of "АЙЫЛ ӨКМӨТҮ"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙЫЛ ӨКМӨТҮ''', айыл аймагы – өз | '''АЙЫЛ ӨКМӨТҮ''', айыл аймагы – өз бийлик‑укуктарынын чегинде жергиликтүү коомчулуктун ишмердүүлүгүн жанa жашоо‑тиричиликти камсыз кылууну башкарууну ишке ашыруучу айылдык жанa шаардык кеңештердин алдындагы аткаруучу‑тескөөчү орган. Айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча айылдык же шаардык кеңешке, ал эми өткөрүп берилген мамлекеттик бийлик‑укуктар боюнча жергиликтүү мамлекеттик ад<span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>министрациян</span>ын башчысына жоопкерчиликтүү. Айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү эл тарабынан төрт жылга шайланат. Айыл өкмөтү укук абалы жагынан мамлекеттик башкарууга тийиштүү, бирок мамлекеттик башкаруу чөйрөсүнөн тышкары функцияларды да аткара алат. Кыргызстанда 453 айыл аймагы бар, <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span> Чүй облусунда 105, Ошто 88, Жалал‑Абадда 68, Нарында 63, Ысык‑Көлдө 61, Таласта 37 <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> Баткенде 31 (2019).<br> А. ''Бекбосун кызы.'' | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:47, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЙЫЛ ӨКМӨТҮ, айыл аймагы – өз бийлик‑укуктарынын чегинде жергиликтүү коомчулуктун ишмердүүлүгүн жанa жашоо‑тиричиликти камсыз кылууну башкарууну ишке ашыруучу айылдык жанa шаардык кеңештердин алдындагы аткаруучу‑тескөөчү орган. Айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча айылдык же шаардык кеңешке, ал эми өткөрүп берилген мамлекеттик бийлик‑укуктар боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына жоопкерчиликтүү. Айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү эл тарабынан төрт жылга шайланат. Айыл өкмөтү укук абалы жагынан мамлекеттик башкарууга тийиштүү, бирок мамлекеттик башкаруу чөйрөсүнөн тышкары функцияларды да аткара алат. Кыргызстанда 453 айыл аймагы бар, анын ичинде Чүй облусунда 105, Ошто 88, Жалал‑Абадда 68, Нарында 63, Ысык‑Көлдө 61, Таласта 37 жана Баткенде 31 (2019).
А. Бекбосун кызы.