Difference between revisions of "АЙЫЛ ЧАРБА"
м (→top: категория кошуу) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙЫЛ ЧАРБА''' – мал чарба жанa дыйканчылык | '''АЙЫЛ ЧАРБА''' – мал чарба жанa дыйканчылык азык‑түлүгүн алуу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жанa мал асыроо. Айыл чарбасы калкты тамак‑аш, азык‑түлүк, өнөр жайды чийки зат менен камсыз кылуу максатын көздөйт. Кыргызстандын калкынын кылымдар бою калыптанган мал чарбачылыгы, дыйканчылыгы, жалпы калкынын 65%ы айыл жеринде жашашы агрардык өлкө болушуна жанa айыл чарбанын өнүгүшүнө шарт түзгөн. Кыргызстандын Айыл чарбасынын өнүгүүсүн тарыхый үч мезгилге, башкача айтканда Улуу Октябрь социалисттик революциясына чейинки, СССР убагындагы ж‑a эгемендүү мамлекет учурундагы мезгилге бөлүп кароого болот. Алгачкы мезгилде социалдык-экономикалык шарттарга ылайык керектөөлөрдү гана канааттандыруу максаты болгон. Совет бийлигинин мезгилинде айыл чарбасында негизги өндүрүш каражаттарына коомдук менчик болгондуктан, ири чарбалар – колхоз, совхоздордо өндүрүштү пландуу түрдө өнүктүрүү менен анын илимий техникалык прогресске таянган жаңы материалдык техникалык базасы түзүлгөн. Капиталдык салымдарды ургаалдуу колдонууга, алардын кайрымдуулугуна, интенсивдүү технологияны өндүрүшкө киргизүүгө зор көңүл бурулган. Чарбанын социалдык формасы, айыл чарба техникасын пайдалануу, квалификациялуу кадрлардын көбөйүшү, илимдин жанa алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктерин өндүрүшкө системалуу жайылтуу айыл чарбанын экономикасында жогорку натыйжалуулукту камсыз кылган. Айыл чарба ички дүң продукциянын 36‑40%ин түзөт, өз ара тыгыз байланыштуу эки ири тармакка (дыйканчылык ж‑a мал чарбасы) бөлүнөт. Дыйканчылык тармагына эгилме өсүмдүктөрдү өстүрүү, башкача айтканда дан, жашылча, жемиш, картошка, техникалык жанa май алынуучу өсүмдүктөр, тоют өсүмдүктөр жанa тамеки өстүрүү кирет. Айыл чарба өсүмдүктөрү коомдун өндүргүч күчтөрүн өркүндөтүүдө зор роль ойнойт, себеби аларды өстүрүү айыл чарбаны техникалык жактан жабдуу деңгээлин көтөрүү менен азык‑түлүктү кайра иштетүүнү шарттайт. Мал чарбасына кой, бодо мал, жылкы, чочко, топоз ж. б. чарбалары кирет. Бул эки тармакты айкалыштыра өнүктүрүү материалдык, акча ж‑a эмгек ресурстарын ургаалдуу пайдаланууну камсыз кылат. Дыйканчылыксыз туруктуу тоют базасын түзүү, мал чарбасын илrерилетип өстүрүү мүмкүн эмес, ал эми мал чарбасы өз кезегинде дыйканчылыкка эң баалуу органикалык жер семирткич (кык) берет. Айыл чарбасында негизги өндүрүштүк каражат жер болуп эсептелет.
[[File:АЙЫЛ ЧАРБА20.png | thumb|$scan$]] | ||
[[File:АЙЫЛ ЧАРБА21.png | thumb|none]] | [[File:АЙЫЛ ЧАРБА21.png | thumb|none]] | ||
[[File:АЙЫЛ ЧАРБА22.png | thumb|none]] | [[File:АЙЫЛ ЧАРБА22.png | thumb|none]] | ||
[[File:АЙЫЛ ЧАРБА23.png | thumb|scan]] | [[File:АЙЫЛ ЧАРБА23.png | thumb|scan]] | ||
Айыл чарба өндүрүшүн адистештирүү <span cat='ж.кыск' oldv=' | Айыл чарба өндүрүшүн адистештирүү жана жайгаштыруу жердин өзгөчөлүгүнө базардан алыс же жакын орун алышына жана табигый-климаттык шарттарга жараша болот. Бул өзгөчөлүк кыртыштын кунардуулугун жакшыртууда илиммий жактан негизделген дыйканчылык системасын, айыл чарбаны жүргүзүү системасын иштеп чыгып, колдонуу зарылчылыгын туудурат. Кыргызстанда 19,95 ''млн''га, жалпы жер аянтынын 54 о/ои (10,797 млн za), айыл чарбасында пайдаланылат. Анын 1,237 ''млн'' ''га''сы айдоо жер, 9,2 ''млн га''сы жайыт жана 0,17 ''млн га''сы табигый чөп чабынды:. 1991‑жылдан кийин айыл чарбаны реформалоонун натыйжасында ири колхоз‑совхоздордун базасында жеке менчикке негизделген жаңы өндүрүштүк система - дыйкан жана фермердик чарбалар уюштурулган.
Натыйжада 2004‑жылдын башында чарба жүргүзүүчү субъектилердии саны 267 ,8 миңди түзүп, анын ичинде 266,0 миң дыйкан жана фермер (99,3% ), 1830 мамлекеттик чарбалар жана ар кандай кооперативдер ''(О,'' 7о/о) болгон. Эгерде Coвeттеp Союзунун убагында айыл чарба азык‑түлүктөрүн негизинен колхоз-совхоздор өндүрсө, реформанын натыйжасыида айыл чарба продукцияларынын 5%ы гана мамлекеттик жана коллективдик, 32%ы калктын көмөкчү жана 63%ы дыйкан‑фермердик чарбаларда өндүрүлүүдө. 2003‑ж. айыл чарбанын дүң продукциясы 53565,2 млн сомду түзүп, анын ичинде дыйканчылыктын үлүшү 55,5%, мал чарбачылыгы 44,5% болгон. 2003‑жылдын 1‑январына карата республикада 9,2 млн ''га'' жайыт жердин 4,13 млн ''га''сы жайкы, 2,95 млн ''га''сы жазгы-күзгү жана 2,1 млн ''га''сы кышкы жайыт. Жайыт жери мамлекеттин менчиги болгондуктан аны эл ижарага алуу жолу менен пайдаланышат. Ири жайыттар Ак‑Сай, Арпа, Суусамыр, Чоң Алай, Чаткал, Кара Кужур өрөөндөрүндө жана Ысык‑Көл сырттарында. 1990‑ж. өлкөдөгү койдун саны 17,87 млн башты түзүп (шарттуу түрдө), бир гектар жайытка 1,94 баш туура келип, экологиялык жактан негизделген нормадан 2,2 эсеге кеп болгон, ал эми 2003‑ж. шарттуу түрдө кой 10,89 млн баш болуп, бир гектар жайытка 1,18 баш туура келген. Бирок, эл жашаган кыштактардын тегерегиндеги жайыттын бир гектарына 2, 74 баш шарттyy кой туура келгендиктен, айлана‑чөйрөгө терс таасир тийгизбей, жайытты ырааттуу пайдалануу учурдун маанилүү маселеси. Республикада 2003‑ж. 1,094 млн ''га'' бардык айдоо жердин өсүмдүктөрү (миң ''га'') 619,0 (56,5% ); техникалык өсүмдүктөр – 147,2 (13,5% ); картошка жана жашылча‑бакча өсүмдүктөр – 124,1 | ||
79 -сап: | 79 -сап: | ||

(11,3%) <span cat='ж.кыск' oldv=' | (11,3%) жана тоют өсүмдүктөрү 203,6 миң ''га'' (18,6%) аянтын ээлейт. Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү ар гектарынан 27,3 ''ц,'' кант кызылчасыныкы – 260,3 ''ц;'' пахтаныкы – 26,1 ''ц;'' тамекиники – 24,1 ''ц;'' картошканыкы – 155,0 ''ц'' жана жашылчалардыкы – 178 ''цди'' түзөт. | ||
Үрөнчүлүк – дыйканчылыкты өнүктүрүүнүн | Үрөнчүлүк – дыйканчылыкты өнүктүрүүнүн негизи. 1991‑93‑жылдарда объективдүү жана субъективдүү себептерден үрөнчүлүк чарбалар жоюла баштаган, ал эми 1995‑ж. кайра жанданып 46, ал эми 2004‑ж. республикада үрөнчүлүк чарбалардын | ||
149 -сап: | 149 -сап: | ||
саны 223кө жеткен. Сокулук районундагы кант кызылчасы боюнча тажрыйба станциясы, «Жаңы-­Пахта» эксперименттик чарба, | саны 223кө жеткен. Сокулук районундагы кант кызылчасы боюнча тажрыйба станциясы, «Жаңы-­Пахта» эксперименттик чарба, Кара‑Суу районундагы пахтачылык тажрыйба, Ак‑Суу районундагы Ысык‑Көл тажрыйба, Өзгөндөгү «Тамеки» илиммй өндүрүштүк станциялары жогорку категориядагы үрөнчүлүк чарбалар, буларда жаңы сорттор чыгарылып, райондоштуруу боюнча селекциялык иштер жүргүзүлөт. 2004‑жылдын 1‑январына карата республикада 1003,4 миң мал, анын ичинде 538,5 миңи уй, 3677, 3 миңи кой-эчки, 340,2 миңи жылкы, 82, 8 миңи чочко жана 4332,2 миңи үй канаттуулары болгон. 2002-ж. Кыргыз Республикасы эт жана сүт өндүрүү боюнча шериктеш өлкөлөрдүн ичинде алтынчы, Борбор Азия мамлекеттеринин арасында экинчи орунду ээлеген. Өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын алгачкы жылдарында мал чарбасы жана анын азык-түлүктөрүн өндүрүү деңгээли төмөндөп кеткен, ал эми 1995-жылдан кийин гана бул тармактагы абал турукташып, өсүү темпи камсыз болууда. | ||
2003-ж. бир саан уйдан орточо сүт саап алуу 2154 ''кг,'' бир койдун орточо жүн кыркымы 3,5 ''кг'' жана бир мекияндан алынган жумуртка 118 даананы түзгөн. Асылдандыруу иши - мал чарбасынын негизи. Бүгүнкү күндө мал чарба фермасында, [[File:АЙЫЛ ЧАРБА24.png | thumb|$scan$$scan$]] | 2003-ж. бир саан уйдан орточо сүт саап алуу 2154 ''кг,'' бир койдун орточо жүн кыркымы 3,5 ''кг'' жана бир мекияндан алынган жумуртка 118 даананы түзгөн. Асылдандыруу иши - мал чарбасынын негизи. Бүгүнкү күндө мал чарба фермасында, [[File:АЙЫЛ ЧАРБА24.png | thumb|$scan$$scan$]] | ||
202 -сап: | 202 -сап: | ||

калктын короосунда жергиликтүү | калктын короосунда жергиликтүү табигый‑климаттык шартка жакшы көнүккөн, жогорку азыктуу койдун кыргыз уяң жүндүү, тянь‑шань, алай, уйдун ала‑тоо, олуя ата, жылкынын кыргыздын жаңы, эчкинин тыбыт жана жүн берүүчү, тооктун кыргыз тукумдары өстүрүлүүдө. Асыл тукум мал чарбасын 228 чарба жүргүзүүчү субъект түзөт (к. ''Асыл тукум мал өстүрүүучү чарба).'' Айыл чарбаны илимий жана кеңеш берүү жактан камсыз кылуу үчүн ''агрардык илим жана консультациялык кызмат борбору,'' анын карамагындагы төрт илим изилдөө институттары'','' айылдык кеңеш берүү кызматы окутуу‑кеңеш берүү борбору менен тыгыз байланышта иш жүргүзүшөт. ''Кыргыз улуттук агрардык университети'' жана техникумдар агро‑өнөр жай комплекси үчүн жогорку жана атайын орто билимдүү адистерди даярдашат.
''А. С. Ажыбеков.''

[[Категория:1-Том]] |
08:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЙЫЛ ЧАРБА – мал чарба жанa дыйканчылык азык‑түлүгүн алуу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жанa мал асыроо. Айыл чарбасы калкты тамак‑аш, азык‑түлүк, өнөр жайды чийки зат менен камсыз кылуу максатын көздөйт. Кыргызстандын калкынын кылымдар бою калыптанган мал чарбачылыгы, дыйканчылыгы, жалпы калкынын 65%ы айыл жеринде жашашы агрардык өлкө болушуна жанa айыл чарбанын өнүгүшүнө шарт түзгөн. Кыргызстандын Айыл чарбасынын өнүгүүсүн тарыхый үч мезгилге, башкача айтканда Улуу Октябрь социалисттик революциясына чейинки, СССР убагындагы ж‑a эгемендүү мамлекет учурундагы мезгилге бөлүп кароого болот. Алгачкы мезгилде социалдык-экономикалык шарттарга ылайык керектөөлөрдү гана канааттандыруу максаты болгон. Совет бийлигинин мезгилинде айыл чарбасында негизги өндүрүш каражаттарына коомдук менчик болгондуктан, ири чарбалар – колхоз, совхоздордо өндүрүштү пландуу түрдө өнүктүрүү менен анын илимий техникалык прогресске таянган жаңы материалдык техникалык базасы түзүлгөн. Капиталдык салымдарды ургаалдуу колдонууга, алардын кайрымдуулугуна, интенсивдүү технологияны өндүрүшкө киргизүүгө зор көңүл бурулган. Чарбанын социалдык формасы, айыл чарба техникасын пайдалануу, квалификациялуу кадрлардын көбөйүшү, илимдин жанa алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктерин өндүрүшкө системалуу жайылтуу айыл чарбанын экономикасында жогорку натыйжалуулукту камсыз кылган. Айыл чарба ички дүң продукциянын 36‑40%ин түзөт, өз ара тыгыз байланыштуу эки ири тармакка (дыйканчылык ж‑a мал чарбасы) бөлүнөт. Дыйканчылык тармагына эгилме өсүмдүктөрдү өстүрүү, башкача айтканда дан, жашылча, жемиш, картошка, техникалык жанa май алынуучу өсүмдүктөр, тоют өсүмдүктөр жанa тамеки өстүрүү кирет. Айыл чарба өсүмдүктөрү коомдун өндүргүч күчтөрүн өркүндөтүүдө зор роль ойнойт, себеби аларды өстүрүү айыл чарбаны техникалык жактан жабдуу деңгээлин көтөрүү менен азык‑түлүктү кайра иштетүүнү шарттайт. Мал чарбасына кой, бодо мал, жылкы, чочко, топоз ж. б. чарбалары кирет. Бул эки тармакты айкалыштыра өнүктүрүү материалдык, акча ж‑a эмгек ресурстарын ургаалдуу пайдаланууну камсыз кылат. Дыйканчылыксыз туруктуу тоют базасын түзүү, мал чарбасын илrерилетип өстүрүү мүмкүн эмес, ал эми мал чарбасы өз кезегинде дыйканчылыкка эң баалуу органикалык жер семирткич (кык) берет. Айыл чарбасында негизги өндүрүштүк каражат жер болуп эсептелет.
Айыл чарба өндүрүшүн адистештирүү жана жайгаштыруу жердин өзгөчөлүгүнө базардан алыс же жакын орун алышына жана табигый-климаттык шарттарга жараша болот. Бул өзгөчөлүк кыртыштын кунардуулугун жакшыртууда илиммий жактан негизделген дыйканчылык системасын, айыл чарбаны жүргүзүү системасын иштеп чыгып, колдонуу зарылчылыгын туудурат. Кыргызстанда 19,95 млнга, жалпы жер аянтынын 54 о/ои (10,797 млн za), айыл чарбасында пайдаланылат. Анын 1,237 млн гасы айдоо жер, 9,2 млн гасы жайыт жана 0,17 млн гасы табигый чөп чабынды:. 1991‑жылдан кийин айыл чарбаны реформалоонун натыйжасында ири колхоз‑совхоздордун базасында жеке менчикке негизделген жаңы өндүрүштүк система - дыйкан жана фермердик чарбалар уюштурулган.
Натыйжада 2004‑жылдын башында чарба жүргүзүүчү субъектилердии саны 267 ,8 миңди түзүп, анын ичинде 266,0 миң дыйкан жана фермер (99,3% ), 1830 мамлекеттик чарбалар жана ар кандай кооперативдер (О, 7о/о) болгон. Эгерде Coвeттеp Союзунун убагында айыл чарба азык‑түлүктөрүн негизинен колхоз-совхоздор өндүрсө, реформанын натыйжасыида айыл чарба продукцияларынын 5%ы гана мамлекеттик жана коллективдик, 32%ы калктын көмөкчү жана 63%ы дыйкан‑фермердик чарбаларда өндүрүлүүдө. 2003‑ж. айыл чарбанын дүң продукциясы 53565,2 млн сомду түзүп, анын ичинде дыйканчылыктын үлүшү 55,5%, мал чарбачылыгы 44,5% болгон. 2003‑жылдын 1‑январына карата республикада 9,2 млн га жайыт жердин 4,13 млн гасы жайкы, 2,95 млн гасы жазгы-күзгү жана 2,1 млн гасы кышкы жайыт. Жайыт жери мамлекеттин менчиги болгондуктан аны эл ижарага алуу жолу менен пайдаланышат. Ири жайыттар Ак‑Сай, Арпа, Суусамыр, Чоң Алай, Чаткал, Кара Кужур өрөөндөрүндө жана Ысык‑Көл сырттарында. 1990‑ж. өлкөдөгү койдун саны 17,87 млн башты түзүп (шарттуу түрдө), бир гектар жайытка 1,94 баш туура келип, экологиялык жактан негизделген нормадан 2,2 эсеге кеп болгон, ал эми 2003‑ж. шарттуу түрдө кой 10,89 млн баш болуп, бир гектар жайытка 1,18 баш туура келген. Бирок, эл жашаган кыштактардын тегерегиндеги жайыттын бир гектарына 2, 74 баш шарттyy кой туура келгендиктен, айлана‑чөйрөгө терс таасир тийгизбей, жайытты ырааттуу пайдалануу учурдун маанилүү маселеси. Республикада 2003‑ж. 1,094 млн га бардык айдоо жердин өсүмдүктөрү (миң га) 619,0 (56,5% ); техникалык өсүмдүктөр – 147,2 (13,5% ); картошка жана жашылча‑бакча өсүмдүктөр – 124,1
Table 1: Айыл чарба өсүмдуктөрүнүн дүң продукциясынын динамикасы, % менен (1990 - 2003-ж.)
Жылдар | Млн сом | 1990-ж-га, % |
1990 | 52161,9 | 100,0 |
1991 | 46945,7 | 90,0 |
1992 | 44363,7 | 85,1 |
1993 | 40016,1 | 76,7 |
1994 | 32613,1 | 62,5 |
1995 | 31960,8 | 61,3 |
1996 | 36850, 8 | 70,6 |
1997 | 41346,6 | 79,3 |
1998 | 42545,7 | 81,6 |
1999 | 46034,4 | 88,3 |
2000 | 47231,3 | 90,5 |
2001 | 50679,2 | 97,2 |
2002 | 52250,3 | 100,2 |
2003 | 4253,8 | 104,0 |
(11,3%) жана тоют өсүмдүктөрү 203,6 миң га (18,6%) аянтын ээлейт. Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү ар гектарынан 27,3 ц, кант кызылчасыныкы – 260,3 ц; пахтаныкы – 26,1 ц; тамекиники – 24,1 ц; картошканыкы – 155,0 ц жана жашылчалардыкы – 178 цди түзөт.
Үрөнчүлүк – дыйканчылыкты өнүктүрүүнүн негизи. 1991‑93‑жылдарда объективдүү жана субъективдүү себептерден үрөнчүлүк чарбалар жоюла баштаган, ал эми 1995‑ж. кайра жанданып 46, ал эми 2004‑ж. республикада үрөнчүлүк чарбалардын
Table 2: Айыл чарба өсүмдуктөрүнүн дун жыйымынын динамикасы (1990 - 2003-ж.), миң
А. ч.өсүмдүктөрү | 1990 | 1993 | 1995 | 1997 | 2000 | 2003 |
Дан | 1572,2 | 1507,7 | 913,3 | 1618,9 | 1568,7 | 1670,5 |
Кант кызылча | 1,7 | 220,2 | 107,4 | 205,5 | 449,8 | 812,2 |
Пахта чийки заты | 80,9 | 49,2 | 71,5 | 62,4 | 87,9 | 105,9 |
Тамеки | 52,9 | 48,6 | 17,6 | 25,7 | 34,6 | 8,7 |
Картошка | 342,6 | 308,3 | 431,6 | 678,0 | 1045,6 | 1308,2 |
Жашылча | 404,8 | 259,3 | 318,4 | 478,7 | 746,8 | 678,0 |
саны 223кө жеткен. Сокулук районундагы кант кызылчасы боюнча тажрыйба станциясы, «Жаңы-Пахта» эксперименттик чарба, Кара‑Суу районундагы пахтачылык тажрыйба, Ак‑Суу районундагы Ысык‑Көл тажрыйба, Өзгөндөгү «Тамеки» илиммй өндүрүштүк станциялары жогорку категориядагы үрөнчүлүк чарбалар, буларда жаңы сорттор чыгарылып, райондоштуруу боюнча селекциялык иштер жүргүзүлөт. 2004‑жылдын 1‑январына карата республикада 1003,4 миң мал, анын ичинде 538,5 миңи уй, 3677, 3 миңи кой-эчки, 340,2 миңи жылкы, 82, 8 миңи чочко жана 4332,2 миңи үй канаттуулары болгон. 2002-ж. Кыргыз Республикасы эт жана сүт өндүрүү боюнча шериктеш өлкөлөрдүн ичинде алтынчы, Борбор Азия мамлекеттеринин арасында экинчи орунду ээлеген. Өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын алгачкы жылдарында мал чарбасы жана анын азык-түлүктөрүн өндүрүү деңгээли төмөндөп кеткен, ал эми 1995-жылдан кийин гана бул тармактагы абал турукташып, өсүү темпи камсыз болууда.
2003-ж. бир саан уйдан орточо сүт саап алуу 2154 кг, бир койдун орточо жүн кыркымы 3,5 кг жана бир мекияндан алынган жумуртка 118 даананы түзгөн. Асылдандыруу иши - мал чарбасынын негизи. Бүгүнкү күндө мал чарба фермасында,
Table 3: Мал чарба продукцияларын өндүрүүнүн динамикасы (1990-2003-жж.), миң т
Продуктулар | 1990 | 1993 | 1995 | 1997 | 2000 | 2003 |
Эт (союлган сал- мак) | 254,0 | 214,3 | 179,9 | 186,3 | 196,1 | 200,9 |
Сүт | 1185,0 | 946,0 | 864,2 | 910,9 | 1105,2 | 1191,8 |
Жүн | 39,0 | 31,2 | 14,8 | 11,4 | 11,7 | 11,6 |
Жумуртка (млндаана) | 717,0 | 388,9 | 146,7 | 163,8 | 207,4 | 267,6 |
калктын короосунда жергиликтүү табигый‑климаттык шартка жакшы көнүккөн, жогорку азыктуу койдун кыргыз уяң жүндүү, тянь‑шань, алай, уйдун ала‑тоо, олуя ата, жылкынын кыргыздын жаңы, эчкинин тыбыт жана жүн берүүчү, тооктун кыргыз тукумдары өстүрүлүүдө. Асыл тукум мал чарбасын 228 чарба жүргүзүүчү субъект түзөт (к. Асыл тукум мал өстүрүүучү чарба). Айыл чарбаны илимий жана кеңеш берүү жактан камсыз кылуу үчүн агрардык илим жана консультациялык кызмат борбору, анын карамагындагы төрт илим изилдөө институттары, айылдык кеңеш берүү кызматы окутуу‑кеңеш берүү борбору менен тыгыз байланышта иш жүргүзүшөт. Кыргыз улуттук агрардык университети жана техникумдар агро‑өнөр жай комплекси үчүн жогорку жана атайын орто билимдүү адистерди даярдашат.
А. С. Ажыбеков.