Difference between revisions of "АЙЫЛ"
Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
(4 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
элеттеги коомдук, социал., аймактык бирикменин түрү. Ал туугандыгы жакын, бир урукка кирген 10–40 түтүндөн турган. А‑га бир же бир нече атанын балдары кирип, түпкү атала­рынын аты м‑н аталган. Анын жайыты, кыш­тоосу, мүрзөсү бир болуп, конуп‑көчкөндө айыл­дагылар чогуу болушкан. Мындай жайгашуу согуштук‑саясий кырдаалга жараша болгон. Кооптуу мезгилдерде жакын‑жакын жайгашып, капыстан боло турган кол салуучуларга тез жыйылып, сокку бергенге ылайыкташтырыл­ган. Тынчтык мезгилде бир нече чакырым суу бойлой жайгашкан. А‑дын башкаруу бийлиги бир нече баскычты басып өткөн.
'''АЙЫЛ''' – коомдук, социалдык, аймактык бирикменин түрү. Ал туугандыгы жакын, бир урукка кирген 10–40 түтүндөн турган. Айылга бир же бир нече атанын балдары кирип, түпкү атала­рынын аты менен аталган. Анын жайыты, кыш­тоосу, мүрзөсү бир болуп, конуп‑көчкөндө айыл­дагылар чогуу болушкан. Мындай жайгашуу согуштук‑саясий кырдаалга жараша болгон. Кооптуу мезгилдерде жакын‑жакын жайгашып, капыстан боло турган кол салуучуларга тез жыйылып, сокку бергенге ылайыкташтырыл­ган. Тынчтык мезгилде бир нече чакырым суу бойлой жайгашкан. Айылдын башкаруу бийлиги бир нече баскычты басып өткөн.
[[File:АЙЫЛ 19.png | thumb | none]]
[[File:АЙЫЛ 19.png | thumb|none]]
Адегенде айыл  бир гана уруктун түтүндөрүнөн тургандыктан, жогорку бийлик айыл  аксакалынын колунда бо­луп, Айыл  ичиндеги бардык маселелерди чечкен. Кийинчерээк айылга чоочун, башка уруктун мүчө­лөрү кошула баштагандан кийин бийликти бай, оокаттуу бүлөлөр ээлей баштаган. Бара‑бара айылда өзгөрүүлөр күч алып, көчмөн шартта жа­ралган көп салттар бузула баштаган. Совет бий­лигинин мезгилинде Кыргызстандагы көчмөн айылдар кыштактарга жанa колхоздорго биригип, 20‑кылымдын 40‑жылдарынын башында толугу менен отурук­ташкан. Учурда айылдар туруктуу отурукташкан конушка айланып, расмий аймактык башкаруу бирдигин билдирет. Айылдарды башкарууну ''айыл өкмөттөрү'' ишке ашырат.
А. ''Көчкүнов.''
А. ''Көчкүнов.''
[[Категория:1-Том]]
08:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЙЫЛ – коомдук, социалдык, аймактык бирикменин түрү. Ал туугандыгы жакын, бир урукка кирген 10–40 түтүндөн турган. Айылга бир же бир нече атанын балдары кирип, түпкү атала­рынын аты менен аталган. Анын жайыты, кыш­тоосу, мүрзөсү бир болуп, конуп‑көчкөндө айыл­дагылар чогуу болушкан. Мындай жайгашуу согуштук‑саясий кырдаалга жараша болгон. Кооптуу мезгилдерде жакын‑жакын жайгашып, капыстан боло турган кол салуучуларга тез жыйылып, сокку бергенге ылайыкташтырыл­ган. Тынчтык мезгилде бир нече чакырым суу бойлой жайгашкан. Айылдын башкаруу бийлиги бир нече баскычты басып өткөн.
АЙЫЛ 19.png
Адегенде айыл бир гана уруктун түтүндөрүнөн тургандыктан, жогорку бийлик айыл аксакалынын колунда бо­луп, Айыл ичиндеги бардык маселелерди чечкен. Кийинчерээк айылга чоочун, башка уруктун мүчө­лөрү кошула баштагандан кийин бийликти бай, оокаттуу бүлөлөр ээлей баштаган. Бара‑бара айылда өзгөрүүлөр күч алып, көчмөн шартта жа­ралган көп салттар бузула баштаган. Совет бий­лигинин мезгилинде Кыргызстандагы көчмөн айылдар кыштактарга жанa колхоздорго биригип, 20‑кылымдын 40‑жылдарынын башында толугу менен отурук­ташкан. Учурда айылдар туруктуу отурукташкан конушка айланып, расмий аймактык башкаруу бирдигин билдирет. Айылдарды башкарууну айыл өкмөттөрү ишке ашырат.
А. Көчкүнов.