Difference between revisions of "АЙЫЛ"
м (1 версия) |
м (→top: категория кошуу) |
||
(6 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙЫЛ''' – коомдук, социалдык, аймактык бирикменин түрү. Ал туугандыгы жакын, бир урукка кирген 10–40 түтүндөн турган. Айылга бир же бир нече атанын балдары кирип, түпкү аталарынын аты <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> аталган. Анын жайыты, кыштоосу, мүрзөсү бир болуп, конуп‑көчкөндө айылдагылар чогуу болушкан. Мындай жайгашуу согуштук‑саясий кырдаалга жараша болгон. Кооптуу мезгилдерде жакын‑жакын жайгашып, капыстан боло турган кол салуучуларга тез жыйылып, сокку бергенге ылайыкташтырылган. Тынчтык мезгилде бир нече чакырым суу бойлой жайгашкан. Айылдын башкаруу бийлиги бир нече баскычты басып өткөн. | |||
[[File:АЙЫЛ 19.png | thumb | none]] | [[File:АЙЫЛ 19.png | thumb|none]] | ||
Адегенде айыл бир гана уруктун түтүндөрүнөн тургандыктан, жогорку бийлик айыл аксакалынын колунда болуп, Айыл ичиндеги бардык маселелерди чечкен. Кийинчерээк айылга чоочун, башка уруктун мүчөлөрү кошула баштагандан кийин бийликти бай, оокаттуу бүлөлөр ээлей баштаган. Бара‑бара айылда өзгөрүүлөр күч алып, көчмөн шартта жаралган көп салттар бузула баштаган. Совет бийлигинин мезгилинде Кыргызстандагы көчмөн айылдар кыштактарга жанa колхоздорго биригип, 20‑кылымдын 40‑жылдарынын башында толугу <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> отурукташкан. Учурда айылдар туруктуу отурукташкан конушка айланып, расмий аймактык башкаруу бирдигин билдирет. Айылдарды башкарууну ''айыл өкмөттөрү'' ишке ашырат.<br> | |||
А. ''Көчкүнов.''<br> | |||
[[Категория:1-Том]] |
08:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЙЫЛ – коомдук, социалдык, аймактык бирикменин түрү. Ал туугандыгы жакын, бир урукка кирген 10–40 түтүндөн турган. Айылга бир же бир нече атанын балдары кирип, түпкү аталарынын аты менен аталган. Анын жайыты, кыштоосу, мүрзөсү бир болуп, конуп‑көчкөндө айылдагылар чогуу болушкан. Мындай жайгашуу согуштук‑саясий кырдаалга жараша болгон. Кооптуу мезгилдерде жакын‑жакын жайгашып, капыстан боло турган кол салуучуларга тез жыйылып, сокку бергенге ылайыкташтырылган. Тынчтык мезгилде бир нече чакырым суу бойлой жайгашкан. Айылдын башкаруу бийлиги бир нече баскычты басып өткөн.
Адегенде айыл бир гана уруктун түтүндөрүнөн тургандыктан, жогорку бийлик айыл аксакалынын колунда болуп, Айыл ичиндеги бардык маселелерди чечкен. Кийинчерээк айылга чоочун, башка уруктун мүчөлөрү кошула баштагандан кийин бийликти бай, оокаттуу бүлөлөр ээлей баштаган. Бара‑бара айылда өзгөрүүлөр күч алып, көчмөн шартта жаралган көп салттар бузула баштаган. Совет бийлигинин мезгилинде Кыргызстандагы көчмөн айылдар кыштактарга жанa колхоздорго биригип, 20‑кылымдын 40‑жылдарынын башында толугу менен отурукташкан. Учурда айылдар туруктуу отурукташкан конушка айланып, расмий аймактык башкаруу бирдигин билдирет. Айылдарды башкарууну айыл өкмөттөрү ишке ашырат.
А. Көчкүнов.