Difference between revisions of "АЙТАЛИЕВ Ашыраалы"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙТАЛИЕВ''' Ашыраалы (8. 3. 1927, Чүй | '''АЙТАЛИЕВ''' '''Ашыраалы''' (8. 3. 1927-жыл, Чүй облусу, Кант району, Жедигер айылы – 13. 10. 2008-жыл, Бишкек шаары) – төкмө акын, обончу, ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1994). Комуз чертүүнү 1942–1943‑жылдардан баштаган. Жаш кезинен Осмонкул, Калык, Токтонаалы, Ысмайыл жана башка акындардан таалим алган. | ||
[[File:АЙТАЛИЕВ2.png | thumb|none]] | [[File:АЙТАЛИЕВ2.png | thumb|none]] | ||
Эмгек жолун | Эмгек жолун 1946‑жылы филармонияга келип, ырчы‑акын болуп иштөөдөн баштаган. М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында, М. Абдраев атындагы музыкалык мектепте балдарга акындык өнөр боюнча сабак берген. Ы. Борончиев, Т. Шабданбаев, Т. Тыныбеков, Э. Турсуналиев өңдүү акындар <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> айтышып, кыргыз ырчыларынын төкмөлүк жөрөлгөсүн уланткан жана айтыштын ар кандай салттарын өнүктүргөн. «Карагул ботом», «Ак Мөөр», «Ак Саткын менен Кулмырза», «Олжобай менен Кишимжан» жана башка дастандарды чебер айткан. Бир катар ырларды жазып, аларга обон чыгарган. «Жылкы­чы», «Ак шоокум», «Нарындан жазган салам кат», «Жолугабыз аз күндө», «Чабандын сала­мы», «Оюңда кимдин гүлүсүң», «Түшүнсөң боло суратпай» чыгармалары угармандардын арасында элдик ыр катары тараган. «Залкарлар арасында» деген ырлар жыйнагы чыккан (1986). III даражадагы Манас ордени <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> сыйланган. | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:43, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЙТАЛИЕВ Ашыраалы (8. 3. 1927-жыл, Чүй облусу, Кант району, Жедигер айылы – 13. 10. 2008-жыл, Бишкек шаары) – төкмө акын, обончу, ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1994). Комуз чертүүнү 1942–1943‑жылдардан баштаган. Жаш кезинен Осмонкул, Калык, Токтонаалы, Ысмайыл жана башка акындардан таалим алган.
Эмгек жолун 1946‑жылы филармонияга келип, ырчы‑акын болуп иштөөдөн баштаган. М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында, М. Абдраев атындагы музыкалык мектепте балдарга акындык өнөр боюнча сабак берген. Ы. Борончиев, Т. Шабданбаев, Т. Тыныбеков, Э. Турсуналиев өңдүү акындар менен айтышып, кыргыз ырчыларынын төкмөлүк жөрөлгөсүн уланткан жана айтыштын ар кандай салттарын өнүктүргөн. «Карагул ботом», «Ак Мөөр», «Ак Саткын менен Кулмырза», «Олжобай менен Кишимжан» жана башка дастандарды чебер айткан. Бир катар ырларды жазып, аларга обон чыгарган. «Жылкычы», «Ак шоокум», «Нарындан жазган салам кат», «Жолугабыз аз күндө», «Чабандын саламы», «Оюңда кимдин гүлүсүң», «Түшүнсөң боло суратпай» чыгармалары угармандардын арасында элдик ыр катары тараган. «Залкарлар арасында» деген ырлар жыйнагы чыккан (1986). III даражадагы Манас ордени менен сыйланган.