Difference between revisions of "АЙТАЛИЕВ Ашыраалы"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (→‎top: категория кошуу)
 
(7 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
  Ашыраалы (8. 3. 1927, Чүй обл., Кант р‑ну, Жедигер айылы – 13. 10. 2008, Биш­кек) – төкмө акын, обончу, ырчы, КРдин эл арт. (1994). Комуз чертүүнү 1942‑43‑жылдар­дан баштаган. Жаш кезинен Осмонкул, Калык, Токтонаалы, Ысмайыл ж. б‑дан таалим алган.
'''АЙТАЛИЕВ''' '''Ашыраалы''' (8. 3. 1927-жыл, Чүй облусу, Кант району, Жедигер айылы – 13. 10. 2008-жыл, Биш­кек шаары) – төкмө акын, обончу, ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1994). Комуз чертүүнү 1942–1943‑жылдар­дан баштаган. Жаш кезинен Осмонкул, Калык, Токтонаалы, Ысмайыл жана башка акындардан таалим алган.
[[File:АЙТАЛИЕВ2.png | thumb | none]]
[[File:АЙТАЛИЕВ2.png | thumb|none]]
Эмгек жолун 1946‑ж. филармонияга ке­лип, ырчы‑акын бо­луп иштөөдөн баш­таган. М. Күрөңкөев атн. муз. окуу жа­йында, М. Абдраев атн. муз. мектепте балдарга акындык өнөр б‑ча сабак бер­ген. Ы. Борончиев, Т. Шабданбаев, Т. Ты­ныбеков, Э. Турсуна­лиев өңдүү акындар м‑н айтышып, кыр­ гыз ырчыларынын төкмөлүк жөрөлгөсүн улант­кан, айтышгын ар кандай салттарын өнүктүр­гөн. «Карагул ботом», «Ак Мөөр», «Ак Саткын менен Кулмырза», «Олжобай менен Кишимжан» ж. б. дастандарды чебер айтат. Бир катар ыр­ларды жазып, аларга обон чыгарган. «Жылкы­чы», «Ак шоокум», «Нарындан жазган салам кат», «Жолугабыз аз күндө», «Чабандын сала­мы», «Оюңда кимдин гүлүсүң», «Түшүнсөң боло суратпай» ж. б. чыгармалары угармандардын арасында элдик ыр катары тараган. «Залкарлар арасында» деген ырлар жыйнагы чыккан (1986). III даражадагы Манас ордени м‑н сыйланган.
Эмгек жолун 1946‑жылы филармонияга ке­лип, ырчы‑акын бо­луп иштөөдөн баш­таган. М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жа­йында, М. Абдраев атындагы музыкалык мектепте балдарга акындык өнөр боюнча сабак бер­ген. Ы. Борончиев, Т. Шабданбаев, Т. Ты­ныбеков, Э. Турсуна­лиев өңдүү акындар <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> айтышып, кыр­гыз ырчыларынын төкмөлүк жөрөлгөсүн улант­кан жана айтыштын ар кандай салттарын өнүктүр­гөн. «Карагул ботом», «Ак Мөөр», «Ак Саткын менен Кулмырза», «Олжобай менен Кишимжан» жана башка дастандарды чебер айткан. Бир катар ыр­ларды жазып, аларга обон чыгарган. «Жылкы&#0173;чы», «Ак шоокум», «Нарындан жазган салам кат», «Жолугабыз аз күндө», «Чабандын сала&#0173;мы», «Оюңда кимдин гүлүсүң», «Түшүнсөң боло суратпай» чыгармалары угармандардын арасында элдик ыр катары тараган. «Залкарлар арасында» деген ырлар жыйнагы чыккан (1986). III даражадагы Манас ордени <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> сыйланган.
 
[[Категория:1-Том]]

08:43, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЙТАЛИЕВ Ашыраалы (8. 3. 1927-жыл, Чүй облусу, Кант району, Жедигер айылы – 13. 10. 2008-жыл, Биш­кек шаары) – төкмө акын, обончу, ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1994). Комуз чертүүнү 1942–1943‑жылдар­дан баштаган. Жаш кезинен Осмонкул, Калык, Токтонаалы, Ысмайыл жана башка акындардан таалим алган.

АЙТАЛИЕВ2.png

Эмгек жолун 1946‑жылы филармонияга ке­лип, ырчы‑акын бо­луп иштөөдөн баш­таган. М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жа­йында, М. Абдраев атындагы музыкалык мектепте балдарга акындык өнөр боюнча сабак бер­ген. Ы. Борончиев, Т. Шабданбаев, Т. Ты­ныбеков, Э. Турсуна­лиев өңдүү акындар менен айтышып, кыр­гыз ырчыларынын төкмөлүк жөрөлгөсүн улант­кан жана айтыштын ар кандай салттарын өнүктүр­гөн. «Карагул ботом», «Ак Мөөр», «Ак Саткын менен Кулмырза», «Олжобай менен Кишимжан» жана башка дастандарды чебер айткан. Бир катар ыр­ларды жазып, аларга обон чыгарган. «Жылкы­чы», «Ак шоокум», «Нарындан жазган салам кат», «Жолугабыз аз күндө», «Чабандын сала­мы», «Оюңда кимдин гүлүсүң», «Түшүнсөң боло суратпай» чыгармалары угармандардын арасында элдик ыр катары тараган. «Залкарлар арасында» деген ырлар жыйнагы чыккан (1986). III даражадагы Манас ордени менен сыйланган.