Difference between revisions of "АЙЛАНДЫРУУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
5 -сап: 5 -сап:


''Б.Э. Канетов.''
''Б.Э. Канетов.''
[[Категория:1-Том]]

08:42, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЙЛАНДЫРУУ, буруу – геометриялык өзгөртүүлөрдүн бир түрү. Тегиздиктин ар бир М чекитин кый­мылсыз борборунун айланасында берилген α бур­чуна карата ОМ = ОМ, MOM = α болгондой кылып М чекитине чагылдыруу чекиттин айланасында буруу деп аталат. Мында О чекити өзү өзүнө чагылдырылат, α бурчу 0 дон 2π ге чейин өзгөрөт. 0°ка буруу теңдеш өзгөртүү деп аталат. α терс болгондо саат жебесинин багыты боюнча, ал эми α оң болгондо саат жебесинин айлануу багытына каршы багытта чагылдырылат. F фигурасынын ар бир чекитин айландырса, F фигурасы алынат. Ал фигуралар дал келишет, анткени бурууда эки чекиттин аралыгы сакта­лат. α = π болгондо, борбордук симметрия алынат. Бир эле борбордун айланасындагы буруулардын тобу группаны түзөт. Тик бурчтуу координаталар системасында М(х, у) чекитин координата баш­талмасынын айланасында α бурчуна карата М'(х', у') чекитине буруу төмөнкү формула аркылуу туюнтулат:


Б.Э. Канетов.