Difference between revisions of "АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ''' – КРдин Конституциясында каралган, жогорку юрид. күчкө ээ экол. укуктун негизги жоболору. КРдин Конституциясы б‑ча өлкөнүн ар бир жараны ден соолугуна жагымдуу ж‑а жашоосуна ыңгайлуу чөйрөдө жашоого, о. эле табият ресурстарын пайдаланууда ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирилсе чыгымын төлөтүп алууга укуктуу. Ошол эле учурда айлана‑чөйрөнү, табигый ресурстарын ж‑а тарыхый эстеликтерди коргоого милдеттүү. Мамлекет тарабынан адамдын эркиндиктери ж‑а укуктары, табият ресурстарын туура пайдалануу, айлана‑чөйрөнү коргоо, экол. коопсуздукту сактоо иш‑аракеттери жүргүзүлөт. КРдин Өкмөтү экология тармагында бирдиктүү мамл. саясат жүргүзүүнү, мыйзамдуулукту, жа­рандардын эркиндиктерин ж‑а укуктарын, мен­чиктерин сактоону камсыздайт. А.-ч. к. к. н. КРдин айлана‑чөйрөнү коргоо ж‑дөгү, экол. экспертиза мыйзамдарында, Жер (2. 6. 1999), Токой (8. 7. 1999) кодекстеринде, атм‑ны коргоо ж‑дөгү (12. 6. 1999) ж. б. нормативдүү укук­тук актыларда белгиленген.
'''АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ''' – Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган, жогорку юридикалык күчкө ээ экологиялык укуктун негизги жоболору. Кыргыз Республикасынын Конституциясы боюнча өлкөнүн ар бир жараны ден соолугуна жагымдуу жана жашоосуна ыңгайлуу чөйрөдө жашоого, ошондой эле табият ресурстарын пайдаланууда ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирилсе чыгымын төлөтүп алууга укуктуу. Ошол эле учурда айлана‑чөйрөнү, табигый ресурстарды жана тарыхый эстеликтерди коргоого милдеттүү. Мамлекет тарабынан адамзаттын эркиндиктери жана укуктары, табигый ресурстарды туура пайдалануу, айлана‑чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту сактоо иш‑аракеттери жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экология тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүнү, мыйзамдуулукту, жа­рандардын эркиндиктерин жана укуктарын, мен­чиктерин сактоону камсыздайт. Айлана-чөйрөнү коргоонун конституциялык негиздери Кыргыз Республикасынын айлана‑чөйрөнү коргоо жөнүндөгү, экологиялык экспертиза мыйзамдарында, Жер (2. 6. 1999), Токой (8. 7. 1999) кодекстеринде, атмосфераны коргоо жөнүндөгү (12. 6. 1999) ж. б. нормативдүү укук­тук актыларда белгиленген.

''А. Чоров.''

''А. Чоров.''

[[Категория:1-Том]]

08:42, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГООНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ – Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган, жогорку юридикалык күчкө ээ экологиялык укуктун негизги жоболору. Кыргыз Республикасынын Конституциясы боюнча өлкөнүн ар бир жараны ден соолугуна жагымдуу жана жашоосуна ыңгайлуу чөйрөдө жашоого, ошондой эле табият ресурстарын пайдаланууда ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирилсе чыгымын төлөтүп алууга укуктуу. Ошол эле учурда айлана‑чөйрөнү, табигый ресурстарды жана тарыхый эстеликтерди коргоого милдеттүү. Мамлекет тарабынан адамзаттын эркиндиктери жана укуктары, табигый ресурстарды туура пайдалануу, айлана‑чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту сактоо иш‑аракеттери жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экология тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүнү, мыйзамдуулукту, жа­рандардын эркиндиктерин жана укуктарын, мен­чиктерин сактоону камсыздайт. Айлана-чөйрөнү коргоонун конституциялык негиздери Кыргыз Республикасынын айлана‑чөйрөнү коргоо жөнүндөгү, экологиялык экспертиза мыйзамдарында, Жер (2. 6. 1999), Токой (8. 7. 1999) кодекстеринде, атмосфераны коргоо жөнүндөгү (12. 6. 1999) ж. б. нормативдүү укук­тук актыларда белгиленген.

А. Чоров.