Difference between revisions of "АЙДАРКЕН СЫМАП КЕНИ"
м (→top: категория кошуу) |

(5 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙДАРКЕН СЫМАП КЕНИ''' – Баткен облусунун Кадамжай районунда. Пүлгөн кыштагынан түштүк-батыш тарапта, Эшме тоосунун түштүк капталында. Кен археологиялык маалыматтар боюнча элге 10–11-кылымдардан белгилүү деп божомолдонот. Кен жөнүндө алгачкы геологилялык маалымат 1926‑жылы берилген. Геологиялык чалгындоо жумуштары 1928‑жылдан үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Натыйжада Айдаркен кен талаасынан 20дан ашык бөлүк табылган. Кен аймагын силур, девон жана карбон мезгилдеринде пайда болгон кумдук, сланец, акиташ тектери, юра, бор мезгилдеринин чопо, кумдук, конгломераттары түзөт. Алар татаал бүктөлүүлөргө дуушарланып, тектоникалык жаракалар менен тилмеленген. Бул структуралык түзүлүштөр диабаз‑порфирит жана сплит дайкаларынын жиреп чыгышына шарт түзгөн. Тоо тектер гидротерм эриндилеринен өзгөрүүлөргө учураган. Сланец менен акиташ тектеринин кошулган жерлеринде сымап, сурьма, флюорит, мышьяк кенташтары (рудалары) топтолгон кабат түрүндөгү жаспероиддер пайда болгон. Кендин курамында 70тен ашык минерал кездешет. Негизгилери: киноварь, метациннобарит, сфалерит, галенит, антимонит, арсено пирит, аурипигмент, ковеллин, флюорит, пирит ж. б. Кендин өнөр жайлык мааниси чоң, ал дүйнөдөгү ири кендерден. Көп жылдан бери казылып алынууда. Анын базасында «Айдаркен сымап комбинат» Акционердик коому иштеп жатат. Сымаптын орточо өлчөмү 0,165%. Кенташтын Сг+С2 категориясы боюнча запасы 12714 миң ''т.'' Сымаптын запасы 20936 ''т,'' сурьманыкы 113 миң ''т,'' флюориттики 1143 миң ''т.''

[[Категория:1-Том]] | |||
08:40, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЙДАРКЕН СЫМАП КЕНИ – Баткен облусунун Кадамжай районунда. Пүлгөн кыштагынан түштүк-батыш тарапта, Эшме тоосунун түштүк капталында. Кен археологиялык маалыматтар боюнча элге 10–11-кылымдардан белгилүү деп божомолдонот. Кен жөнүндө алгачкы геологилялык маалымат 1926‑жылы берилген. Геологиялык чалгындоо жумуштары 1928‑жылдан үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Натыйжада Айдаркен кен талаасынан 20дан ашык бөлүк табылган. Кен аймагын силур, девон жана карбон мезгилдеринде пайда болгон кумдук, сланец, акиташ тектери, юра, бор мезгилдеринин чопо, кумдук, конгломераттары түзөт. Алар татаал бүктөлүүлөргө дуушарланып, тектоникалык жаракалар менен тилмеленген. Бул структуралык түзүлүштөр диабаз‑порфирит жана сплит дайкаларынын жиреп чыгышына шарт түзгөн. Тоо тектер гидротерм эриндилеринен өзгөрүүлөргө учураган. Сланец менен акиташ тектеринин кошулган жерлеринде сымап, сурьма, флюорит, мышьяк кенташтары (рудалары) топтолгон кабат түрүндөгү жаспероиддер пайда болгон. Кендин курамында 70тен ашык минерал кездешет. Негизгилери: киноварь, метациннобарит, сфалерит, галенит, антимонит, арсено пирит, аурипигмент, ковеллин, флюорит, пирит ж. б. Кендин өнөр жайлык мааниси чоң, ал дүйнөдөгү ири кендерден. Көп жылдан бери казылып алынууда. Анын базасында «Айдаркен сымап комбинат» Акционердик коому иштеп жатат. Сымаптын орточо өлчөмү 0,165%. Кенташтын Сг+С2 категориясы боюнча запасы 12714 миң т. Сымаптын запасы 20936 т, сурьманыкы 113 миң т, флюориттики 1143 миң т.