Difference between revisions of "АЙВАЗОВСКИЙ, Иван Константинович"
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен (2), ж‑а → жана (2)) |
м (→top: категория кошуу) |

(3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙВАЗОВСКИЙ''' | '''АЙВАЗОВСКИЙ,''' А й в а з о в с к и й Иван (Ованес) Константинович [17 (29). 7. 1817-жыл, Феодосия – 19. 4 (2. 5). 1900-жыл, ошол эле жерде] – орус сүрөтчүсү, [[File:АЙВАЗОВСКИЙ45.png | thumb|none]] | ||
деңиз пейзажынын чебери. | деңиз пейзажынын чебери. 1833–1937‑жылдары Петербург сүрөт академиясында окуган. 1844‑жылдан Башкы деңиз штабынын сүрөтчүсү. 1845–1986-жылдары Феодосияда жашап, өзүнүн өнөрканасында сабак берген жана сүрөт галереясын негиздеген (1880). 1845‑жылы академик, 1847‑жылы профессор, 1887‑жылы Сүрөт академиясынын ардактуу мүчөсү, европалык бир нече сүрөт академиясына мүчө болуп шайланган. Алгачкы иштеринде И. К. Айвазовский өзүнүн окутуучуларынын салтын улантып, «Петербургдун чет жакасындагы деңиз жээгинин көрүнүшү» (1835) деген сүрөтүн тарткан. 1840‑жылы өз мезгилинин эң көрүнүктүү маринисти деген европалык атакка ээ болгон. Аны замандаштары К. П. Брюллов, В. Д. Жуковский, У. Тёрнер жогору баалашкан. Сүрөтчү 1836‑жылы А. С. Пушкин менен таанышып, ага бир катар картиналарын арнаган.

[[File:АЙВАЗОВСКИЙ1.png | thumb|И. К. Айвазовский. «Тогузунчу вал». 1850. Орус музейи. Ленинград.]] | [[File:АЙВАЗОВСКИЙ1.png | thumb|И. К. Айвазовский. «Тогузунчу вал». 1850. Орус музейи. Ленинград.]] | ||
Айвазовскийдин бүткүл өмүрүндөгү искусствосунун негизги темасы дайым өзгөрүлмөлүү, каардуу деңиз болуп кала берген. Чыгармалары талкаланган кемелердеги деңиздин толкуну менен күрөшкөн адамдарды романтикалык эффектте чагылтып, таасирлүү эргүүнү пайда кылат. «Тогузунчу вал» (1850), «Чесмен согушу», «Наваррин согушу» (1848), «Кара деңиз» (1881), «Толкундар арасында» (1898) деген шедеврлердин, ошондой эле 6 миңге жакын картина, сүрөт жана акварелдин автору. Ад.: Пилипенко В. Н. Айвазовский И. К. М., 1980. | И. К. Айвазовскийдин бүткүл өмүрүндөгү искусствосунун негизги темасы дайым өзгөрүлмөлүү, каардуу деңиз болуп кала берген. Чыгармалары талкаланган кемелердеги деңиздин толкуну менен күрөшкөн адамдарды романтикалык эффектте чагылтып, таасирлүү эргүүнү пайда кылат. «Тогузунчу вал» (1850), «Чесмен согушу», «Наваррин согушу» (1848), «Кара деңиз» (1881), «Толкундар арасында» (1898) деген шедеврлердин, ошондой эле 6 миңге жакын картина, сүрөт жана акварелдин автору. | ||
Ад.: Пилипенко В. Н. Айвазовский И. К. М., 1980. | |||
[[Категория:1-Том]] |
08:39, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЙВАЗОВСКИЙ, А й в а з о в с к и й Иван (Ованес) Константинович [17 (29). 7. 1817-жыл, Феодосия – 19. 4 (2. 5). 1900-жыл, ошол эле жерде] – орус сүрөтчүсү,
деңиз пейзажынын чебери. 1833–1937‑жылдары Петербург сүрөт академиясында окуган. 1844‑жылдан Башкы деңиз штабынын сүрөтчүсү. 1845–1986-жылдары Феодосияда жашап, өзүнүн өнөрканасында сабак берген жана сүрөт галереясын негиздеген (1880). 1845‑жылы академик, 1847‑жылы профессор, 1887‑жылы Сүрөт академиясынын ардактуу мүчөсү, европалык бир нече сүрөт академиясына мүчө болуп шайланган. Алгачкы иштеринде И. К. Айвазовский өзүнүн окутуучуларынын салтын улантып, «Петербургдун чет жакасындагы деңиз жээгинин көрүнүшү» (1835) деген сүрөтүн тарткан. 1840‑жылы өз мезгилинин эң көрүнүктүү маринисти деген европалык атакка ээ болгон. Аны замандаштары К. П. Брюллов, В. Д. Жуковский, У. Тёрнер жогору баалашкан. Сүрөтчү 1836‑жылы А. С. Пушкин менен таанышып, ага бир катар картиналарын арнаган.
И. К. Айвазовскийдин бүткүл өмүрүндөгү искусствосунун негизги темасы дайым өзгөрүлмөлүү, каардуу деңиз болуп кала берген. Чыгармалары талкаланган кемелердеги деңиздин толкуну менен күрөшкөн адамдарды романтикалык эффектте чагылтып, таасирлүү эргүүнү пайда кылат. «Тогузунчу вал» (1850), «Чесмен согушу», «Наваррин согушу» (1848), «Кара деңиз» (1881), «Толкундар арасында» (1898) деген шедеврлердин, ошондой эле 6 миңге жакын картина, сүрөт жана акварелдин автору.
Ад.: Пилипенко В. Н. Айвазовский И. К. М., 1980.