Difference between revisions of "АЗИРЕИЛ"
117-179>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |
||
(5 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЗИРЕИЛ''' – диний түшүнүк боюнча жан алгыч, Кудайдын эң жакын периштелеринин бири. Ал төрт жүзү, төрт миң канаты бар, денеси жердеги адамдардын санына барабар көз <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> тилден жаралган, жарыкчылыктын тактысында отурган жан катары сүрөттөлөт. Алгач жөн гана негизги периштелердин бири катары саналган. Кудай ''Адамды'' жаратууда периштелерди жерден топурак алып келүүгө жиберет. Жер каршылык көрсөтүп, Жебиреил, Микаил <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> Исрафил периштелер алып келе албай коюшат. Муну Азиреил ишке ашырып, ал каардуулугу үчүн башкы жан алгыч катары дайындалат. Адамдын бул «жалган дүйнөдөн» кете турган мөөнөтү келгенде, Жараткандын жанында өскөн дарактан анын аты жазылган жалбырак түшөт имиш. Андан соң кырк күндүн ичинде адамдын жаны денесинен ажырап чыгыш керек. Адамдар алгач буга каршылык көрсөтүүсү мүмкүн, ошондуктан Азиреил көп учурда Кудайга кайрылат деп айтылат. Миф боюнча Муса көпкө чейин Азиреил <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> кармашып, каршылык көрсөткөн делет. Азиреил жөнүндө алгачкы маалыматтар библиялык мифологияларда, иудей булактарында, кийин Куранда айтылат.<br> | |||
[[Категория:1-Том]] |
08:36, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЗИРЕИЛ – диний түшүнүк боюнча жан алгыч, Кудайдын эң жакын периштелеринин бири. Ал төрт жүзү, төрт миң канаты бар, денеси жердеги адамдардын санына барабар көз жана тилден жаралган, жарыкчылыктын тактысында отурган жан катары сүрөттөлөт. Алгач жөн гана негизги периштелердин бири катары саналган. Кудай Адамды жаратууда периштелерди жерден топурак алып келүүгө жиберет. Жер каршылык көрсөтүп, Жебиреил, Микаил жана Исрафил периштелер алып келе албай коюшат. Муну Азиреил ишке ашырып, ал каардуулугу үчүн башкы жан алгыч катары дайындалат. Адамдын бул «жалган дүйнөдөн» кете турган мөөнөтү келгенде, Жараткандын жанында өскөн дарактан анын аты жазылган жалбырак түшөт имиш. Андан соң кырк күндүн ичинде адамдын жаны денесинен ажырап чыгыш керек. Адамдар алгач буга каршылык көрсөтүүсү мүмкүн, ошондуктан Азиреил көп учурда Кудайга кайрылат деп айтылат. Миф боюнча Муса көпкө чейин Азиреил менен кармашып, каршылык көрсөткөн делет. Азиреил жөнүндө алгачкы маалыматтар библиялык мифологияларда, иудей булактарында, кийин Куранда айтылат.