Difference between revisions of "АЗЕРБАЙЖАНДАР"
м (→top: категория кошуу) |

(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЗЕРБАЙЖАНДАР'''(өздөрүн азербайжанлылар деп аташат) – Азербайжан ж | '''АЗЕРБАЙЖАНДАР''' (өздөрүн азербайжанлылар деп аташат) – Азербайжан жана Ирандын түндүк-батышындагы жергиликтүү калк. Ошондой эле азыркы Россия (Дагестан), Грузия (Борчалы), (Карс жана Ыгдыр) ж. б. аймактарда да жашашат. Азербайжан тилинде сүйлөшөт. Жалпы саны 30–35 млн, анын ичинде Азербайжанда 8,2 млн (2009), Иранда 15 млн (2009). Кыргызстанда 17 267 (2009). Азербайжандар 19–20‑кылымдын башында расмий орус документтеринде түрктөр, татарлар деп аталган. Алар айрум, афшар, баят, карадаг, карапапах, падар, шахсеван ж. б. субэтностук топторго бөлүнөт. Байыркы Ман мамлекетинин, кавказдык Албаниянын, Мидия, Атропатендин жергиликтүү элдери, кавказ тилдүү (албан, гаргар, ути, каспи, лег), иран тилдүү (курт, ман не, мидян), түрк тилдүү (хазар, болгар, печенег, огуз) урууларынын ассимиляцияланышы менен Азербайжандар 11–13‑кылымдарда өзүнчө эл болуп калыптанган. Дини – мусулман‑сунниттер (ирандык Азербайжандар – мусулман шииттер). Азербайжандар негизинен өнөр жайларда (нефть, газ, ж. б.) иштешет, ошондой эле мал чарбачылык, дыйканчылык менен да кесип кылышат. Азербайжандардын көпчүлүгү шаарда жашашат. Улуттук кийими кыска көйнөк, архалук (көкүрөгү оюлган кофта), кенен ыштан, булгаары бут кийим; кур, чуха (узун тыш кийим), жораб, эркектер папах, аялдар чадра (чүмбөт) кийишкен. Тамак‑ашы негизинен ун, эт, жашылча‑жемиш азыктарынан даярдалып, анын ичинде нан (тенур, тендирде бышырылган), говурма, басдырма, люля‑кебаб, долма ж. б. (эттен даярдалган), күрүч (палоонун 50дөн ашык түрү), суусундук катары чай, шербет, айран кеңири пайдаланылат. | ||
''Ш. Керимова'' | ''Ш. Керимова'' | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:36, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЗЕРБАЙЖАНДАР (өздөрүн азербайжанлылар деп аташат) – Азербайжан жана Ирандын түндүк-батышындагы жергиликтүү калк. Ошондой эле азыркы Россия (Дагестан), Грузия (Борчалы), (Карс жана Ыгдыр) ж. б. аймактарда да жашашат. Азербайжан тилинде сүйлөшөт. Жалпы саны 30–35 млн, анын ичинде Азербайжанда 8,2 млн (2009), Иранда 15 млн (2009). Кыргызстанда 17 267 (2009). Азербайжандар 19–20‑кылымдын башында расмий орус документтеринде түрктөр, татарлар деп аталган. Алар айрум, афшар, баят, карадаг, карапапах, падар, шахсеван ж. б. субэтностук топторго бөлүнөт. Байыркы Ман мамлекетинин, кавказдык Албаниянын, Мидия, Атропатендин жергиликтүү элдери, кавказ тилдүү (албан, гаргар, ути, каспи, лег), иран тилдүү (курт, ман не, мидян), түрк тилдүү (хазар, болгар, печенег, огуз) урууларынын ассимиляцияланышы менен Азербайжандар 11–13‑кылымдарда өзүнчө эл болуп калыптанган. Дини – мусулман‑сунниттер (ирандык Азербайжандар – мусулман шииттер). Азербайжандар негизинен өнөр жайларда (нефть, газ, ж. б.) иштешет, ошондой эле мал чарбачылык, дыйканчылык менен да кесип кылышат. Азербайжандардын көпчүлүгү шаарда жашашат. Улуттук кийими кыска көйнөк, архалук (көкүрөгү оюлган кофта), кенен ыштан, булгаары бут кийим; кур, чуха (узун тыш кийим), жораб, эркектер папах, аялдар чадра (чүмбөт) кийишкен. Тамак‑ашы негизинен ун, эт, жашылча‑жемиш азыктарынан даярдалып, анын ичинде нан (тенур, тендирде бышырылган), говурма, басдырма, люля‑кебаб, долма ж. б. (эттен даярдалган), күрүч (палоонун 50дөн ашык түрү), суусундук катары чай, шербет, айран кеңири пайдаланылат.
Ш. Керимова