Difference between revisions of "АЗЕРБАЙЖАН"
м (категория кошуу) |

(5 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЗЕРБАЙЖАН,''' А з е р б а й ж а н Р е с п у б л и к а с ы – Закавказьенин чыгышындагы мамлекет. Түндүгүнөн Дагстан, түндүк-батышынан Грузия, түштүк-батышынан Армения жана Түркия, түштүгүнөн Иран менен чектешет. Чыгышын Каспий деңизи чулгайт. Аянты 86,6 миң ''км2.'' Калкы 9,8 млн (2015). Борбору – Баку шаары. Акча бирдиги – манат. Курамында ''Нахичеван Автономия Республикасы, Тоолуу Карабах тарыхый облусу,'' 66 район, 65 шаар, 122 шаарча бар.

==Мамлекеттик түзүлүшү.== | ==Мамлекеттик түзүлүшү.== | ||
Азербайжан – унитардык мамлекет. Азербайжандын Конституциясы 12. 11. 1995‑ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – бүткүл эл тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган президент. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – Милли межлис (бир палаталуу парламент; 5 жылдык мөөнөткө шайланып, 125 депутаттан турат). Аткаруу бийлигинин органы – премьер-министр жетектеген өкмөт (министрлер Кабинети). Премьер‑министр Милли межлистин макулдугу менен президент тарабынан дайындалат.
Aзербайжанда көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: «Жаңы Азербайжан», Азербайжан элдик фронту (НФА), Неокоммунисттик партия, Азербайжан коммунисттик партиясы, Мусулман демократиялык партиясы (Мусават), Ислам союзу.

==Табияты.== | ==Табияты.== | ||
Азербайжандын аймагы негизинен тоолуу. Түндүгүндө ''Чоң Кавказ,'' түштүгүндө ''Кичи Кавказ'' тоолору, алардын аралыгында ''Кура‑Аракс ойдуңу,'' түштүк-чыгышында ''Талыш тоолору'' (бийиктиги 2477 ''м)'' жана ''Ленкоран ойдуңу,'' түштүгүндө Орто Араке ойдуңу, Айоцдзор (Дарлагез) жана Зангезур тоо кыркалары курчап жатат. Ири жарым аралдары: Апшерон, Кура, Сара; ыңгайлуу бухталары: Кызыл‑Агач, Баку; ири аралдары: Апшерон архипелагында – Жилой жана Артём (жээкке дамба аркылуу туташат). Баку архипелагында майда аралдар бар. Апшерон | |||
[[File:АЗЕРБАЙЖАН16.png | thumb | Азербайжандын ландшафты.]] | [[File:АЗЕРБАЙЖАН16.png | thumb|Азербайжандын ландшафты.]] | ||
жарым аралы, Апшерон, Баку архипелагдары, Кура ойдуңу нефть жана газга бай; темир, алюминий (Дашкесан), полиметалл, алунит (Заглик), сымап, кобальт, коргошун, цинк, молибден, таш туз (Нахичеван), йод, бром кендери казылып алынат. Минералдуу суулар, дары баткак жана дарылык нефть (Нафталан) кендери бар. Өлкө негизинен субтропиктик алкакта жайгашып, мелүүндөн субтропикке өтмө климат өкүм сүрөт. Жылдык орточо температурасы 14,5°Сден (түздүктөрдө) 0°Сге чейин (тоолордо) өзгөрөт. Январдын орточо температурасы түздүктөрүндө 0°...–3°С; тоолуу аймактарында –3...–6°Сге, бийик тоолорунда –10°Сге чейин. Абсолюттук минимуму –30°С (Нахичеван ойдуңунда, бийик тоолордо). Июлдун орточо температурасы ойдуңдарда 25–27°С, бийик тоолордо 5°Сден төмөн. Абсолюттук максимуму 40–43°Сге чейин. Жылдык жаан‑чачыны ойдуңдарда 200–300 ''мм,'' тоо этектери менен жапыз тоолордо 300–900 ''мм,'' Ленкоран ойдуңунда 1200–1400 ''мм''ге (кээде 1700–1800 ''мм''ге) жетет. Эң ири дарыялары – Кура | |||
[[File:АЗЕРБАЙЖАН17.png | thumb | none]] | [[File:АЗЕРБАЙЖАН17.png | thumb|none]] | ||
(мында Мингечаур ГЭСи ж | (мында Мингечаур ГЭСи жана суу сактагычы бар) жана Аракс. Ири көлдөрү: Гажикабул (аянты ''15,5 км2),'' Беюкшор (10,3 ''км2).'' Кавказдагы эң кооз көл – Гөйкөл. Түзөң бөлүгүндө негизинен боз топурак үстөмдүк кылат; тоо капталдарына коңур жана күрөң тоо‑токой, тоо‑шалбаа, Ленкоран ойдуңуна сары топурактар мүнөздүү. Кургак талаа, жарым чөл (шыбак, бетеге, эфемер, бийик тоолуу субальп, альп), шалбаа өсүмдүктөрү, тоолорунда жазы жалбырактуу токой (эмен, бук, граб ж. б.), Талыш тоолорунун этектеринде каштан эмени, курма, катраңкы өсөт. Азербайжандын аймагында 14 корук бар; алардын ирилери: Гөйкөл (1925‑жылдан иштейт), Кызыл-Агач (Кура дарыясынын чатында, куштар кыштап өтөт), Закатал (дагстан туру мекендейт), Ширван, Гиркан (Талыш тоолорунун реликт токою) ж. б. Өлкөнүн эколологиялык абалы жылдан жылга оорлошууда. Айлана‑чөйрөнү булгоочу негизги булак нефть казып алуу жана ажыратуу, металлургия, химия өнөр жайы, тоо-кен комбинаты, ошондой эле кургакчылык (талаада), токой кыюу, Каспий деңиз суусунун деңгээлинин көтөрүлүшү жана нефть, нефть продуктулары менен булганышы табиятка терс таасирин тийгизүүдө.
Кура жана Араке дарыясында фенол менен оор темирдин концентраты өтө (ККЧ 15_25 эсе) жогору.

==Калкы.== | ==Калкы.== | ||
Өлкөнүн негизги калкы азербайжандар (азерилер, 91,6%), | Өлкөнүн негизги калкы азербайжандар (азерилер, 91,6%), ошондой эле дагстандыктар, орус, армян, авар, лезгин, курд, татар, грузин ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Көп улуттуу өлкө болгонуна карабастан кийинки кездери азербайжан-армян кагылышуусунун натыйжасында кошуна Армениядан келген азербайжан‑качкындарынын эсебинен азербайжандардын саны өстү. Көп улуттун өкүлдөрү (армян, орус) өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга байланыштуу башка жактарга көчүп кетишүүдө. Калкынын орточо жыштыгы: 1 ''км''2 жерге 94,1 киши. Шаар калкы 56%. Ислам динин тутат (62% мусулман‑шеиттер, 26% мусулман‑сүнөттөр). Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 69,5, аялдарыныкы – 74,5 жаш. Ири шаарлары: Баку, Гянжа, Сумгаит, Мингечаур, Али‑Байрамлы, Нахичеван. Жергиликтүү калктын (азербайжандар) көпчүлүгү Иранда (30 млн), Түркияда да (3 млн) жашайт.
'''Тарыхы'''. Азыркы Азербайжандын аймагында алгачкы адамдар палеолит доорунда жашашкан. Б. з. ч. 9‑кылымда пайда болгон Ман мамлекетинде чарба жана маданияты бир кыйла дурус өнүгүп, узак убакыттарга дейре Ассириянын, Урартунун кол салууларына туруштук берип келген. Б. з. ч. 7‑кылымда түзүлгөн Мидия мамлекети падыша Киаксардын тушунда Байыркы Чыгыштагы зор империялардын бирине айланат да, Ман анын курамына кирип, негизги маданий борборго айланган. Б. з. ч. 6‑кылымдын ортосунда Мидияны Персия басып алып, бийлик ''Ахемениддер'' династиясынын колуна өтөт. Жергиликтүү калк аларга каршы бир нече жолу көтөрүлүш чыгарат. Ахемениддерди Македонскийдин аскерлери талкалагандан кийин (б. з. ч. 4‑кылымдын аягы), Aзербайжанда мамлекеттүүлүк калыбына келтирилет. Бул мамлекеттик түзүлүш Атропатена деп аталып, борбору Газак шаары болгон. Анда дыйканчылык, мал чарбасы жана кол өнөрчүлүк жакшы өнүккөн. Кийинчерээк Азербайжандын аймагында жана Түштүк Дагстанда Албания мамлекети пайда болгон. 3–9‑кылымда өлкөгө Иран жана Араб халифаты бийлик жүргүзүп, ислам дини киргизилген. Басып алуучуларга каршы жергиликтүү эл көтөрүлүшкөн (мис., Бабектин көтөрүлүшү). Элдик кыймылдар Араб халифатынын бийлигинин начарлашына алып келип, Азербайжандын аймагында 9–16‑кылымда Ширваншахтардын, Кара-Коюнлу, Ак‑Коюнлу аттуу мамлекеттери пайда болгон. Түрк урууларынын тарыхый узак мезгилдер бою (7–11‑кылымдар) Азербайжанга келип отурукташып, ал жердеги калк менен аралашуусунун натыйжасында байыркы жергиликтүү тилдер колдонуудан чыгып, түрк тилинде (11–13‑кылымдар) сүйлөгөн Азербайжан эли калыптанган. 11–14‑кылымдарда өлкөнү монгол‑татарлар Тимур, түрк‑селжуктары басып алып, бүлгүнгө учураткан. Азербайжандын тарыхында 16‑кылымдын башында түзүлгөн ''Сефевиддер'' мамлекети маанилүү роль ойноду. Азербайжан үчүн Иран жана Түркиянын ортосунда дайыма согуштук кагылышуу болуп турган. 18‑кылымдын орто ченинде Азербайжандын аймагында Иранга көз каранды 15 феодалдык мамлекет болгон. 1813–28‑ж. орус‑иран согушунун натыйжасында Түндүк Азербайжан Россияга каратылган. Февраль революциясынан кийин Бакуда кош бийлик түзүлөт: коомдук уюмдардын Аткаруу комитети (Убактылуу өкмөттүн жергиликтүү органы) жана жумушчу депутаттардын Совети (большевиктердин көзөмөлүндөгү). Убактылуу өкмөт кулатылгандан кийин жумушчу депутаттардын Баку Совети Aзербайжанда Совет бийлигинин орнотулгандыгын жарыялаган. Мусаватчылардын куралдуу көтөрүлүшү басылган соң Баку эл комиссарлар Совети (''Баку коммунасы)'' түзүлгөн. 31. 7. 1918‑ж. Бакуда бийлик Борбордук Каспий өкмөтүнө өткөн. Сентябрда түрк жана азербайжан аскер бөлүктөрүнөн турган Кавказ ислам армиясы Борбордук Каспий өкмөтүн кулатып, 28. 5. 1918‑ж. түрктөрдүн колдоосуна таянган мусаватчылар борбору Гянжа болгон Азербайжан Демократиялык Республикасын (АДР) жарыялаган. | ||
[[File:АЗЕРБАЙЖАН19.png | thumb | АЗЕРБАЙЖАН]] | [[File:АЗЕРБАЙЖАН19.png | thumb|АЗЕРБАЙЖАН]] | ||
1920‑ж. Париж (Версаль) конференциясында АДРдин көз каранды эместиги жөнүндө де‑факто таанылат. Бирок Советтик Россия АДРдин легитимдүүлүгүн тааныгандан баш тарткан. 1920‑ж. апрелде англис аскерлери Азербайжандан чыгарылгандан кийин Бакуга Кызыл Армия кирген жана Н. Нариманов жетектеген Азербайжан ССРи түзүлгөн. 13. 12. 1922‑ж. Азербайжан, Грузия жана Армения Закавказье Советтик Федерация Социалисттик Республикаларына бириккен жана 30. 12. 1922‑ж. СССРдин курамына кирген. 1936–91‑ж. Азербайжан союздук республика катары СССРдин курамында болгон. 1991‑ж. августта Азербайжан көз каранды эмес республика катары жарыяланган. Ошол эле жылы А. А. Муталибов Азербайжандын президенти болуп шайланган. 1991‑ж. оппозиция тарабынан ал бийликтен четтетилип, анын ордуна А. Эльчибей шайлоодо жеңишке жетишкен. 1991‑жылдан ''Тоолуу Карабахтагы'' армян‑азербайжан ортосундагы чыр‑чатактардын күчөгөнүнө байланыштуу өлкөдө бир топ татаал кырдаал түзүлүп, Эльчибейдин саясаты өлкөнү саясий жана экономикалык кризиске алып келген. 1993‑ж. июнь айында ал Бакудан качып кеткен жана мунун натыйжасында президент бийликтен четтетилген. 1993‑ж. Г. ''Алиев'' президенттикке шайланган. Анын тушунда саясий жана экономикалык кырдаал бир топ жакшырып, Россия, Түркия жана батыш өлкөлөрү менен байланыштар чыңдалган. 2003‑ж. 15‑октябрда президенттик шайлоодо жеңишке Г. Алиевдин уулу Ильхам Алиев ээ болуп, ал 79,46% добуш алган. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок. Эртеси күнү президенттикке талапкерлердин бири, Мусават партиясынын лидери Иса Гамбардын үч миңден ашуун жактоочулары борбордук аянтка чыгышкан. Окуя болгон жерге ички аскерлердин полку келип, алар менен кагылышып, натыйжада курмандыктар болгон. 2008‑ж. И. Алиев экинчи, 2013‑ж. үчүнчү жолу президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. И. Алиевдин тушунда өлкөнүн экономикасы 2,6 эсеге, өнөр жай өндүрүшү 2,5 эсеге өсүп, 770 миңге жакын жаңы жумуш орундары пайда болду, жакырчылыктын деңгээли 49дан 13,2% га чейин төмөндөдү, бюджеттин чыгымдары 12 эседен ашык көбөйдү. 2006–07‑ж. Каспий мунайын Жер Ортолук деңизиндеги Түркиянын Жейхан портуна жана Түштүк Кавказ газ түтүгүнө (Баку‑Тбилиси‑Эрзурум) ташуу үчүн Баку‑Тбилиси‑Жейхан мунай кууру ишке киргизилди. 2017‑жылдын 30‑октябрында Баку – Тбилиси – Карс (БТК) темир жол линиясынын расмий ачылыш аземи болуп, ага И. Алиев, Түркиянын Президенти Р. Т. Эрдоган жана Грузиянын премьер‑министри Г. Квирикашвили катышты. Бакуда өткөрүлгөн спорттук мелдештер: күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат (2007), бокс (2011), ошондой эле Евровидение ыр сынагы (2012), биринчи жолу болуп өткөн Европа оюндары (2015) ж. б. өлкөнүн эл аралык кадыр‑баркын көтөрүүгө багытталган. Азербайжандын тышкы саясатында Тоолуу Карабак негизги маселелерден. 2008‑ж. ноябрда Түштүк Кавказдагы кырдаалды жакшыртуу боюнча Азербайжан, Армения жана Россиянын Президенттери биргелешкен декларацияга кол коюшкан. Бирок 2020‑жылдын 27‑сентябрында Тоолуу Карабакта куралдуу кагылышуулар болуп, ал ошол эле жылдын 10‑ноябрына чейин уланган. Азербайжандын Президенти, Армениянын Премьер‑министри жана Россиянын Президенти 10‑ноябрдан тартып ок атышууну токтотуу жөнүндө декларацияга кол коюшуп, биргелешип иш алып барышты. Согуш учурунда 5 шаар (Жебраил, Физули, Зангилан, Губадли, Шуша), 4 кыштак жана 240 айыл Азербайжан армиясынын көзөмөлүнө өткөн.

==Экономикасы.== | ==Экономикасы.== | ||
Азербайжан – агрардык‑индустриалуу өлкө. Ички дүң продукциясында (ИДПде) өнөр жайынын үлүшү 38%, айыл жана балык чарбаларыныкы 13%, тейлөө чөйрөсүнүкү 49% (2003). ИДПнин көлөмү 98,8 млрд долларды (АКШ, 2012) түзгөн, аны киши башына бөлүштүргөндө 7399 доллардан туура келген. Өнөр жайынын негизги тармагы – нефть казып алуу жана иштетүү (өнөр жай продукциясынын 25%тен ашыгын берет). Нефть өнөр жайында башкы нефть казып алуучу компаниялар – Азербайжан мамлекеттик нефть компаниясы (ГНАКР) жана Эл аралык компания (АМОК). Негизинен Баку шаарынын аймагынан, Каспий деңизинин жээгинен, деңиздин өзүнөн казып алынат. Кургактыкта 34, шельфте 17 кен иштетилет. 2003‑ж. 15,4 млн ''т'' нефть казылып алынып, 9,1 млн тсы экспорттолгон; 5,1 млрд ''м3''газ (ири кени Шах‑Деңиз) өндүрүлгөн. | |||
[[File:АЗЕРБАЙЖАН20.png | thumb | Каспий денизиндеги нефть платформасы.]] | [[File:АЗЕРБАЙЖАН20.png | thumb|Каспий денизиндеги нефть платформасы.]] | ||
Нефть Россиянын (мурдагы Баку – Новороссийск нефть кууру реконструкцияланган) жана Грузиянын (Супса) аймагы аркылуу Түркияга (Жейхан) жеткирилмекчи. 2003‑ж. 21,3 млрд ''кВт‑с'' электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 88% жылуулук станцияларына (мазут, газ менен иштейт; ири станциялары: Мингечаур, Али‑Байрамлы) жана 13% ГЭСке (Шамхор, Мингечаур – Кура дарыясында) туура келет. Нефть жана газдын базасында химия өнөр жайы өнүккөн (полиэтилен, пропилен, спирт, каустикалык сода, полиэфир ж. б. чыгарат). Машина куруу өнөр жайы нефть-газ жана нефть‑химия тармактары (стационардык жана калкыма бургу платформалары) үчүн жабдууларды даярдоого адистешкен. Электр‑техникалык, прибор (чакан трансформаторлор, кабель продукциялары, муздаткыч) жана кеме куруу ишканалары иштейт; ири борборлору: Баку, Сумгаит, Мингечаур, Гянжа. Кара металлургиянын негизги ишканалары: Азербайжан тоо-кен комбинаты (Дашкесан), Даш‑Салах ишканасы (бентонит), Баку болот куюу жана болот арматурасын чыгаруучу заводдор; түстүү металлургиянын негизги тармагы – алюминий өнөр жайы (Гянжадагы глинозём, Сумгаиттеги алюминий ж. б.). Жеңил өнөр жайынын негизги тармактары пахта тазалоо (Агдаш, Барда, Сабирабад, Али‑Байрамалы ж. б.), накта жибек (Шеки, Ордубад, Ханкенди), кебез‑кездеме, килем токуу (Шуша, Шемаха, Казах ж. б.). Тамак‑аш өнөр жайынан ун, май‑сыр жана консерва даярдоочу тармактарынан сырткары мөмө‑жемишти кайра иштетүү (Баку, Шамкир, Гянжа, Ханлар, Акста- | |||
фа), шарап жасоо, балык (мекре икрасы), | фа), шарап жасоо, балык (мекре икрасы), ошондой эле чай (Ленкоран, Астара, Масалды) жана тамеки өндүрүштөрү (Евлах, Белоканы) өнүккөн. Өлкөнүн өнөр жай продукциясынын 80% ке жакыны Апшерон экономикалык районунда (Баку, Сумгаитте) өндүрүлөт. Айыл чарба продуктусунун 97% и фермер жана жеке чарбаларда өндүрүлөт. Айыл чарбага жарактуу жери 4,8 млн ''га'' (өлкөнүн аймагынын 55% и), анын 1,8 млн ''га''сы айдоо жер, 2,7 млн ''га''дан ашыгы жайыт жана чабынды. Дан эгиндери (буудай, арпа, жүгөрү), айрым жерлеринде – шалы жана техникалык өсүмдүктөр (пахта – Кура‑Аракс өрөөнүндө, тамеки – негизинен өлкөнүн түндүгүнөн, чай – Каспий деңизинин жээгинде жана Ленкоран ойдуңунда; күн карама ж. б.), жашылча‑жемиш, картөшкө айдалат. Куба‑Хачмас районунда Апшерон жарым аралы, Ленкоран жана Кура‑Аракс ойдундарында багбанчылык (алма, алмурут, айва, өрүк, алча, шабдаалы, фундук, жаңгак ж.б.), жашылчачылык, жүзүмчүлүк өнүккөн. Нахичеван Автономия Республикасы, Тоолуу Карабах тарыхый облусу субтропик өсүмдүктөрүн өстүрүүгө (анар, анжир, бадам, курма) адистештирилген. Тоолуу аймактарында кой чарбасы, тоо этектеринде аары чарбасы, Кура‑Аракс өрөөнүндө, Чоң Кавказда жибекчилик өнүккөн. Уй, буйвол, жылкы асыралат. Үй кушу багылат. Транспорттун негизги түрү автомобиль транспорту. Автомобиль жолунун уз. 59,1 миң ''км'' (анын 1/2 бөлүгү асфальтталган; 2004), темир жолунуку 2,9 миң ''км'' (2009). Негизги темир жол түйүндөрү: Баку, Балажары, Алят, Гянжа, Нахичеван. Башкы порту – Баку (жүктүн көбү Каспий деңизи аркылуу Түркмөнстан менен Иранга жөнөтүлөт), темир жол парому аркылуу Каспий деңизинин чыгыш жээги (Түркмөн-Башы, Актау, Бекдаш) менен байланышат. Кура дарыясында кеме жүрөт. Аба транспорту да жакшы өнүккөн. Эл аралык Бина (Бакудан 25 ''км)'' жана Нахичеван аэропорттору бар. Нефть куурунун узундугу 1415 ''км'' (Баку – Батуми, Али – Байрамлы-Баку), газ куурунуку 2896 ''км'' (Карадаг – Сумгаит, Али‑Байрамлы Карадаг). Курорттору: Истису, Нафталан, Апшерон курорттор тобу ж. б. Сыртка нефть жана нефть продукциясы, түстүү металл, пахта, азык‑түлүк чыгарып, сырттан машина жана машина жабдууларын, өнөр жай сырьёлорун ж. б. алат. Негизги сырткы соода шериктери: КМШ, Европа шериктеш өлкөлөрү, Түркия, Иран.
Маданияты. Aзербайжанда алгачкы мектептер 5‑кылымда пайда болгон. 7‑кылымда араб мектептери, 10–11‑кылымдарда медреселер түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Азербайжандын билим берүү системасы 1992‑жылкы билим берүү мыйзамы (1994, 95, 97, 99‑ж. редакцияланган) б‑ча жүзөгө ашууда. Республикада 1777 мектепке чейинки мекемелер (бала бакча), 4554 жалпы билим берүүчү мектептер, 110 кесиптик техникалык окуу жайлар жана лицейлер, 68 кесиптик орто окуу жайлар, 405 мектептен тышкары мекемелер жана 57 (анын ичинде 32 мамл., 24 министрликке караштуу) ЖОЖ бар (2004). Aзербайжанда билим берүү акысыз жана контракт жолу менен жүргүзүлөт. Бардык билим берүү тармактарына бирдей мамлекеттик стандарт кабыл алынган. Өлкөнүн ири ЖОЖнун өзөгүн Баку мамлекеттик университети (1919‑ж. негизделген), Азербайжан медициналык университети (1930) ж. б., Баку, Сумгаит, Ленкоран, Гянжа, Нахичеван шаарындагы университеттер, 10 академия түзөт. Мамлекеттик эмес ЖОЖ: «Азербайжан», «Азия», «Хазар», «Тефеккюр», «Одлар», «Юрду» жана Азербайжан эл аралык университети ж. б. М. Ф. Ахундов атындагы мамлекеттик китепкана (1923), Азербайжан Илимдер Академиясынын борбордук китепканасы, Азербайжан Илимдер Акадамиясына караштуу тарых, Р. Мустафаев атындагы искусство жана Низами атындагы Азербайжан көркөм адабият музейлери бар.
Aзербайжанда басма сөз 19‑кылымдын 30‑жылдарында башталган. Азыркы учурда 600дөй коомдук‑саясий гезит, журналдар азербайжан («Республика», «Халг гезити», «Ачыг Сёз», «Шарг»), орус («Бакинский рабочий», «Эхо», «Зеркало», «Содружество») жана англис тилдеринде («Каспиан бизнес ньюс», «Азери тайме», «Баку сан») чыгат (2004). Ири маалымат агентчиликтери («Туран», «Тренд», «Медиа‑пресс»), мамлекеттик телекөрсөтүү («Аз‑ТиВи»), мамлекеттик радиоуктуруу («Республика», «Араз») жана көз каранды эмес телерадиокомпаниялар (ириси – АНС) иштейт.
Азербайжан адабияты байыркы бай адабияттын бири. Анда миңдеген жылдар бою айтылып келе жаткан эмгек, өз ара мамилелер, үрп‑адат жөнүндөгү ырлар, макал‑лакаптар, сатиралык аңгемелер элдин ой-тилектерин чагылдырат. Азербайжан элинин элдик оозеки поэтикалык чыгармаларынын үлгүлөрү түрк элдеринин байыркы ири адабий эстелиги Махмуд Кашгаринин «Диван‑и‑лугат‑ат‑түрк» деген сөздүгүндө кездешет. Жазма адабияты Жакынкы Чыгыштын таасиринде 7–11‑кылымдарда араб тилинде, 10–13‑кылымдарда фарсы тилинде өнүккөн. 10–11‑кылымдарда араб тилинде жазган белгилүү Багдад акындары – Абу‑ль‑Ала Гянжеви (акындардын «паашасы» титулунун ээси), Хагани, Фелеки Ширванинин улуту азербайжан болгон. Алардын эң көрүнүктүүсү акын‑гуманист Низами Гянжевинин чыгармалары менен Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштын акындары таасирленишкен. Aзербайжанда улуттук тилде жазуу 13–14‑кылымдарда пайда болуп, «Гасаноглы» казалы жана «Китаби Деде Коркуд» эпикалык чыгармасы азербайжан тилинде жазылган. Несиминин лирикасы азербайжан тилиндеги чоң диван‑жыйнактарына кирген. Ал эми поэзиянын өнүгүшү Физулинин ысымы менен байланыштуу. Анын казалдары жана лирика-эпикалык «Лейли‑Межнун» поэмасы (1537) Азербайжандын адабий тилинин калыптанышында чоң роль ойногон. Азербайжан элинин баатырдык‑романтикалык поэмалары менен дастандары («Көроглы», «Ашик Гариб», «Асли жана Керем» ж. б.) жарык көргөн. 18‑кылымдын акындарынын чыгармаларында (Видади, Нишата Ширвани, Ага Масиха Ширвани, өзгөчө Карабах хандыгынын мамлекеттик ишмери жана акыны Вагиф) ырдын формасы жана тили жөнөкөйлөшүп, 19‑кылымда классикалык поэзия өнүгө баштайт. Ага А. Бакихановдун прозасы, Закирдин социалисттик сатирасы жол ачкан. Азербайжан драматургиясына негиз салуучу М. Ф. Ахундов биринчилерден болуп азербайжан адабиятын орус адабияты менен байланыштырган. Анын «Алданган жылдыздар» (1857) жана өз учурундагы коомдун кулк‑мүнөзүн чагылдырган 6 пьесасы Азербайжан адабиятынын өнүгүшүнө зор салым кошкон. 20-кылымдагы улуттук коомдук аң‑сезимдин өсүшү адабиятта өзгөчө орунду ээледи. Улуттук тилде мектептер ачылып, гезит, журналдар («ШаркиРус», «Хаят» гезиттери; «Молла Насреддин», «Фиюзат» ж. б.) жарык көрө баштады. 1920–80‑жылдары Азербайжан адабияты көп кырдуулугу менен айырмаланат. Айрыкча Мюшфиканын, С. Вургунанын, Р. Рзанын, Б. Вагабзаденин, Наби Хазринин (Бабаева) жана Мамед Аризанын поэзиясы жогорку чеберчиликте берилип, орус классикасынын котормолору азербайжан тилинде жарык көргөн. 21-кылымдын башында азербайжан элинин руханий байлыгы болгон адабияты толугу менен калыбына келтирилип, мурда жарык көрбөгөн акындардын, прозаиктердин Ахмед Жавад, И. Алмасзаде, Алибек Гусейнзаде, У. Банин ж. б‑дын чыгар малары басылууда жана А. адабиятынын тарыхы кайрадан каралып чыгууда.
Азербайжандын аймагында көптөгөн байыркы архитектура жана сүрөт искусствосунун эстеликтери сакталган. Өлкөнүн аймагында байыркы тарыхый эстеликтердин өзөгүн б.з.ч. 8–5 миң жылдыкка таандык (Кобустан) аска бетиндеги сүрөттөрү, менгирлер (мегалит курулмалардын жөнөкөй түрлөрү), дольмендер (мегалит көрүстөндөрү), ''кромлехилер,'' зооморфтуу карапа идиштер, таштан, чоподон жасалган эстеликтер жана энеолит доорунун колодон жасалган жасалгалары түзөт. Кичи Кавказдын этегинде Нахичеван Автономия Республикасынын аймагында б.з.ч. 1 миң жылдыктын эбегейсиз зор курулмаларынын калдыктары сакталган. Б.з.ч. 5–4‑кылымдардагы Азербайжан тарыхый эстеликтери Ахеменид мамлекетинин маданиятына түспөлдөш болуп, б.з.ч. 4‑кылымдын аягында Атропатен маданиятына баш баккан. Буга 5–7‑кылымдардагы | ||
Үй кушу багылат. Транспорттун негизги түрү автомобиль транспорту. Автомобиль жолунун уз. 59,1 миң ''км'' | [[File:АЗЕРБАЙЖАН22.png | thumb|Байыркы зодчийликтин бермети Шекин хандыгынын ак сарайы.]] | ||
(анын 1/2 бөлүгү асфальтталган; 2004), темир жолунуку 2,9 миң ''км'' (2009). Негизги темир жол түйүндөрү: Баку, Балажары, Алят, Гянжа, Нахичеван. Башкы порту – Баку (жүктүн көбү Каспий деңизи аркылуу Түркмөнстан | тарыхый эстеликтер (Чирах‑Кала сепили; Кум, Ленит, Мингечаурдагы христиан храмдары), скульптуралар күбө. Азербайжандын орто кылымдын башындагы маданияты Албаниянын, Армениянын жана Грузиянын маданиятына байланышы бар экендигин айгинелейт. Aзербайжанда 7–8‑кылымдарда ислам динин кабыл алышы менен ар түрдүү мусулман маданиятынын курулмалары (мечит, медресе, күмбөз ж. б.) жаралган. 9-кылымдын 2-жарымында 10‑кылымдын башында араб халифатынын кулашы көптөгөн майда мамлекеттердин борборлорунда ислам архитектурасынын орнаментинин жана каллиграфиясынын жеке менчик мектептеринин (12–13‑кылымдар) пайда болушуна алып келген. Буга Бакудагы Кыздар мунарасы (Кыз калаасы, 12–кылым), Жугадагы жана Нахичеван күмбөздөрү, Мардакян, Нардаран, Пирсагат суусунун боюнда, Ханегидеги сепилдер (14–16‑кылымдар), мавзолейлер, монумент кескилеринин үлгүлөрү, Байлакандын жана Гянжинин керамика жазуулары ж. б. күбө. 19–кылымдын 1-жарымында Азербайжан маданияты орус жана батыш Европа мамлекетинин маданиятынан таасирленип, архитектурада классицизм, 19–20‑кылымдардан эклектика жана модерн стилдери үстөмдүк кылган. 1923‑ж. 1‑жолу Баку шаарынын генпланы бекитилип, эски шаардын түзүлүшү өзгөрүүгө дуушарланган. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин улуттук стилде үйлөрдү жасалгалоодо (архитекторлору Л. В. Руднер, В. О. Мунц ж. б.) жергиликтүү курулуш материалдарын колдонушкан. 1960‑ж. индустриалдык курулуш күч алып, жаңы типтеги коомдук курулуштар (стадион, цирк, дүрдүйнө дүкөндөрү ж. б.) пайда болгон. Азербайжандын сүрөт өнөрү (М. К. Эривани, М. М. Навваб, У. Г. Карабаги, А. А. Азимзаде, Б. Ш. Кенгерли) реалдуу багытта өнүгө баштаган. 1920–30‑ж. сүрөтчүлөр (С. А. Саламзаде, К. Ханларов, Г. А. Халыков, Ш. Мангасаров) француз сүрөтчүлөрүнөн үлгү алышкан. 1930-жылдын жарымынан сүрөт искусствосу социалисттик-реализм багытында (М. Абдуллаев, Н. Касумов, П. В. Сабсай, Д. М. Карягды) өнүгө баштаган. | ||
Маданияты. | [[File:АЗЕРБАЙЖАН23.png | thumb|Баку метросу. Станциянын архитектурасы модерн жана улуттук салткашайкеш жасалган.]] | ||
1970‑ж. аягынан сүрөтчүлөр символ менен метафораларды кеңири колдонушкан. Азыркы учурда (20–21‑кылымдар) сүрөтчүлөр жеке
көргөзмөлөрүн уюштуруп, сүрөт коомдорун (Бакудагы искусттво борбору; У. Ахвердиев, Э. Алимирзоев ж. б.) түзүүдө. Азербайжандын сүрөт искусствосуна А. Жафаров, Т. Нариманбеков, С. Бахлулзаде, А. Рзакулиев көрүнүктүү салымдарын кошкон. Азербайжан элдик музыкасы эмгек, элдик салтанат, диний үрп‑адат, каада‑салт менен тыгыз байланыштуу. Байыркы музыкасы Кобулстандагы аска бетиндеги сүрөттөрдөн (музыканттар менен бийчилердин сүрөтүнөн) көрүнүп турат. Улуттук музыка формасы жана жанрынын ар түрдүүлүгү менен айырмаланган фольклордун негизинде өнүккөн. Музыкалык аспаптары – саз, канон, уд, кеманча, түтек, баламан, нагара, гоша‑нагара, дэф ж. б. Азербайжандын оозеки профессионалдык искусствосун ашугдар негиздеген. Алар лирикалык ырларды жана дастандарды жаратышып, элге жайылтышкан. Ашугдардын (Гурбан, 16‑кылым; Гариб, Диварганлы Аббас, Валех, 17–18‑кылымдар; Алескер, Нажаф‑кули, Аббас‑кули, Молла‑Жума, 19‑кылым) ырлары саз аспабы менен коштолсо, мугамдар (Г. Гуси, Саттар, Жаббар Карягды, Шекили Алескер, Сеид Шушинский, Бюль‑Бюль, Зульфи Адигезалов, Хан Шушинский, А. Гасымов) вокалдык аспаптарда чеберчилик менен ойногон. 19‑кылымдын аягында ансамбль түзүлүп, алгачкы концерттеринде ашуг менен мугамдардын ырчы, бийчилери өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Ал улуттук операнын жаралышына өбөлгө түзгөн. Физулинин чыгармасы | |||
[[File:АЗЕРБАЙЖАН24.png | thumb|Мирза Кадым Эривани. «Жаш жигиттин портрети». 19‑кылымдын ортосу. Баку. Азер байжан искусство музейи.]] | |||
боюнча «Межнун Лейлинин бейит башында» аттуу алгачкы опера (1908) коюлган. 20‑кылымдын башында композиторлор мектеби уюшулган. Улуттук музыканын башаты У. Гажибеков («Лейли жана Межнун», 1908, алгачкы мугам операсы) менен М. Магомаевден башталып, алар музыкалык окуу жайларын (Баку консерваториясы, 1921) ачылышына зор салым кошкон. Музыка дүйнөсүнө жаңы муундар – Л. Зейналлы, Ж. Гажиев, К. Караев, А. Бадалбейли, Ф. Амиров, С. Гажибеков, Р. Гажиев, Т. Кулиев, А. Меликов, А. Ализаде, Ниязи ж. б. келип кошулду. Өзгөчө ийгиликтерге музыканттар К. Караев, Р. Бейбутов, Л. Иманов, 3. Ханларова, А. Аскеров (либретто жазган); М. Р. Беннер, Г. Г. Шароев, К. Сафар‑Алиева, Р. Атакишиев, Э. На зирова, В. Мустафазаде (пианисттер) ж. б. жетишкен.
Азербайжандын бий өнөрү байыркы улуттук диний үрп-адаттар менен (аңчылык, от, балык улоого ж. б.) байланыштуу. Өзгөчө белгилүү бийлери «таракема», «гытгылыда», «иннаби», «жейран‑бала»,«ялла».1938‑ж. бий коллективи уюшулган. | |||
[[File:АЗЕРБАЙЖАН25.png | thumb|У. Гаджибеков. «Аршин мал алан». Азер байжан театры]] | |||
1940‑ж. алгачкы улуттук балет «Кыздар мунарасы» (А. Бадалбейли) коюлган. 1923‑ж. Бакуда балет студиясы уюшулуп, 1933‑ж. балет мектеби, 1936‑ж. Баку хореографиялык окуу жайы ачылган. 1982‑жылдан Бакуда камералык балет иштөөдө. Балет өнөрүнө орчундуу салым кошкондор – Г. Алмасзаде, Л. Векилова, М. Мамедов, Р. Ахундова, Т. Ширалиева ж. б.
Азербайжандын театр искусствосу байыркы элдик бий, оюн‑зооктордон башталып, «Саячы», «Юглама», «Коса‑Коса», «Гаравелли» аттуу улуттук драмалар коюлган. «Шах Селим», «Марат юну», «Каракөз», «Кечал пехлеван» элдик оюндардын негизинде куурчак театры жаралган. Орто кылымда диний театр | |||
[[File:АЗЕРБАЙЖАН26.png | thumb|«Насими» фильми. Реж. Г. Сейдбейли (Насими – Р. Ба лаев). 1974.]] | |||
(«Шабих») таралган. Улуттук тилде спектаклдер Тифлисте (1873), Кубеде (1875), Шекиде (1879), Эриваниде (1882), Шушта (1883) жана Нахичеванда (1883) коюла баштаган. 20‑кылымдын башында Aзербайжанда мусулман артисттеринин «Гамийет» группасы менен «Нижат» жана «Сафа» агартуу коомдорунун астында театр бөлүмдөрү иштеген. 1923–47‑ж. Бакуда М. Ф. Ахундов атындагы театр мектеби иштеп, 1945‑ж. анын негизинде Азербайжан театр интитуту (учурда мамлекеттик искусство жана маданият институту) ачылган. 21‑кылымдын башынан Бакуда музыкалуу комедия (орус жана Азербайжан группалары), куурчак жана жаштар театры, пантомима театрлары, ошондой эле «Йуг» театры иштейт. Театр искусствосунун өнүгүшүнө Г. Араблинский, Ж. Зейналов, М. Мамедов, М. Алвенди, И. Исфаганлы, М. Аббасов ж. б. көрүнүктүү салым кошкон.
Aзербайжанда алгачкы көркөм фильм 1916‑ж. (Г. Араблинскийдин катышуусунда «Нефть жана миллиондор дүйнөсүндө»), андан соң 1917‑ж. У. Гажибековдун «Аршин малалан» опереттасынын негизинде улуттук алгачкы кинокомедия (Бакуда) тартылган. 1923‑ж. фотокино башкармасы (учурда «Азербайжанфильм») уюшулуп, анда режиссёрлор менен актёрлор (Ж. Жабарлы, А. Кулиев, С. Марданов, С. Гажиева, А. Герайбейли, А. Мамедова, Кязим Зия ж. б.) даярдалган. Алгач үндүү фильм 1936‑жылдан баштан тартыла баштаган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кулиевдин «Мекендин уулу» (1941), «Бахтиар» (1942) аттуу фильмдери тартылган.1945-54‑ж. аралыгында киноөндүрүшү токтоп калган, 1947‑ж. Е. Л. Жигандын
«Фаталихан» фильми тартыла баштап, ал 1959‑ж. бүткөн. 60‑жылдын 2‑жарымында Азербайжан киносу жандана баштап, Г. Сеидзаде, Т. Тагизаде, Т. Сейдбейли, А. Ибрагимов ж. б. режиссёрлордун кинофильмдери тартылган. Акыркы мезгилде Г. Мехтиевдин «Бөтөн бирөөнүн убактысы» (1997), Р. Пуйинин «Кыйраган көпүрө» (1997), Я. Рзаевдин «Сары кийимчен колукту» (1999), Ожагованын «Отелдеги бөлмө» (1999), Р. Ибрагимбеков жана Р. Мирзоевдин «Үй‑бүлө» аттуу фильмдери тартылды.
Цирк өнөрү алгач көчө майрамдарында коюлуп, аркан баскычтар, жылан арбагычтар, маскарапоздор, көз боёочулар, палвандар өнөр көрсөтүшкөн. Цирк өнөрүн бир тууган Никитиндер 1904‑ж. негиздешкен. 1945‑ж. цирк коллективи түзүлүп, Азербайжандын белгилүү композиторлору, акындары, балетмейстрлери кошо иш алып барышкан. 1967‑ж. Бакуда цирк (Европадагы эң ири, 2400 орундуу) курулган.
Ад.: ''Будагов Б. А.'' Современные естественные ландшафты Азербайджанской ССР. Баку, 1988; ''он же.'' Проблемы окружающей среды Азербайджана. Баку, 1991 (на рус. и азерб. яз); ''Алиев И. Г.'' Очерк истории Атропатены. Баку, 1989; ''Буниятов 3. М.'' | |||
Азербайджан в VI‑IX вв. Баку. 1989; ''Бакыханов А.'' | |||
тарыхый эстеликтер ( | Гюлистан и Иран. Баку, 1991; Экономическая и социальная география стран ближнего зарубежья. М., 2004. С. 255‑286; ''Бадалов Р.'' В контексте по‑истории // Территория кино; Постсоветское десятилетие. М., 2001.

(М. К. Эривани, М. М. Навваб, У. Г. Карабаги, А. А. Азимзаде, Б. Ш. Кенгерли) реалдуу | |||
[[File:АЗЕРБАЙЖАН23.png | thumb | Баку метросу. Станциянын архитектурасы модерн жана улуттук салткашайкеш жасалган.]] | |||
көргөзмөлөрүн уюштуруп, сүрөт коомдорун (Бакудагы | |||
[[File:АЗЕРБАЙЖАН24.png | thumb | Мирза Кадым Эривани. «Жаш жигиттин портрети». 19‑ | |||
[[File:АЗЕРБАЙЖАН25.png | thumb | У. Гаджибеков. «Аршин мал алан». Азер байжан театры]] | |||
[[File:АЗЕРБАЙЖАН26.png | thumb | | |||
Цирк өнөрү алгач көчө майрамдарында коюлуп, аркан баскычтар, жылан арбагычтар, маскарапоздор, көз боёочулар, палвандар өнөр көрсөтүшкөн. | |||
Ад.: ''Будагов Б. А.'' Современные естественные ландшафты Азербайджанской ССР. Баку, 1988; ''он же.'' Проблемы окружающей среды Азербайджана. Баку, 1991 (на рус. и азерб. яз); ''Алиев И. Г.'' Очерк истории Атропатены. Баку, 1989; ''Буниятов 3. М.'' | |||
Азербайджан в | |||
Гюлистан и Иран. Баку, 1991; Экономическая и социальная география стран ближнего зарубежья. М., 2004. С. | |||
''Ө. Бараталиев, Б. Үсөнканов, А. Орозов, Ш. Керимова''
| ''Ө. Бараталиев, Б. Үсөнканов, А. Орозов, Ш. Керимова''

[[Категория:1-Том]] |
08:36, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЗЕРБАЙЖАН, А з е р б а й ж а н Р е с п у б л и к а с ы – Закавказьенин чыгышындагы мамлекет. Түндүгүнөн Дагстан, түндүк-батышынан Грузия, түштүк-батышынан Армения жана Түркия, түштүгүнөн Иран менен чектешет. Чыгышын Каспий деңизи чулгайт. Аянты 86,6 миң км2. Калкы 9,8 млн (2015). Борбору – Баку шаары. Акча бирдиги – манат. Курамында Нахичеван Автономия Республикасы, Тоолуу Карабах тарыхый облусу, 66 район, 65 шаар, 122 шаарча бар.
Мамлекеттик түзүлүшү.
Азербайжан – унитардык мамлекет. Азербайжандын Конституциясы 12. 11. 1995‑ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – бүткүл эл тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган президент. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – Милли межлис (бир палаталуу парламент; 5 жылдык мөөнөткө шайланып, 125 депутаттан турат). Аткаруу бийлигинин органы – премьер-министр жетектеген өкмөт (министрлер Кабинети). Премьер‑министр Милли межлистин макулдугу менен президент тарабынан дайындалат.
Aзербайжанда көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: «Жаңы Азербайжан», Азербайжан элдик фронту (НФА), Неокоммунисттик партия, Азербайжан коммунисттик партиясы, Мусулман демократиялык партиясы (Мусават), Ислам союзу.
Табияты.
Азербайжандын аймагы негизинен тоолуу. Түндүгүндө Чоң Кавказ, түштүгүндө Кичи Кавказ тоолору, алардын аралыгында Кура‑Аракс ойдуңу, түштүк-чыгышында Талыш тоолору (бийиктиги 2477 м) жана Ленкоран ойдуңу, түштүгүндө Орто Араке ойдуңу, Айоцдзор (Дарлагез) жана Зангезур тоо кыркалары курчап жатат. Ири жарым аралдары: Апшерон, Кура, Сара; ыңгайлуу бухталары: Кызыл‑Агач, Баку; ири аралдары: Апшерон архипелагында – Жилой жана Артём (жээкке дамба аркылуу туташат). Баку архипелагында майда аралдар бар. Апшерон
жарым аралы, Апшерон, Баку архипелагдары, Кура ойдуңу нефть жана газга бай; темир, алюминий (Дашкесан), полиметалл, алунит (Заглик), сымап, кобальт, коргошун, цинк, молибден, таш туз (Нахичеван), йод, бром кендери казылып алынат. Минералдуу суулар, дары баткак жана дарылык нефть (Нафталан) кендери бар. Өлкө негизинен субтропиктик алкакта жайгашып, мелүүндөн субтропикке өтмө климат өкүм сүрөт. Жылдык орточо температурасы 14,5°Сден (түздүктөрдө) 0°Сге чейин (тоолордо) өзгөрөт. Январдын орточо температурасы түздүктөрүндө 0°...–3°С; тоолуу аймактарында –3...–6°Сге, бийик тоолорунда –10°Сге чейин. Абсолюттук минимуму –30°С (Нахичеван ойдуңунда, бийик тоолордо). Июлдун орточо температурасы ойдуңдарда 25–27°С, бийик тоолордо 5°Сден төмөн. Абсолюттук максимуму 40–43°Сге чейин. Жылдык жаан‑чачыны ойдуңдарда 200–300 мм, тоо этектери менен жапыз тоолордо 300–900 мм, Ленкоран ойдуңунда 1200–1400 ммге (кээде 1700–1800 ммге) жетет. Эң ири дарыялары – Кура
(мында Мингечаур ГЭСи жана суу сактагычы бар) жана Аракс. Ири көлдөрү: Гажикабул (аянты 15,5 км2), Беюкшор (10,3 км2). Кавказдагы эң кооз көл – Гөйкөл. Түзөң бөлүгүндө негизинен боз топурак үстөмдүк кылат; тоо капталдарына коңур жана күрөң тоо‑токой, тоо‑шалбаа, Ленкоран ойдуңуна сары топурактар мүнөздүү. Кургак талаа, жарым чөл (шыбак, бетеге, эфемер, бийик тоолуу субальп, альп), шалбаа өсүмдүктөрү, тоолорунда жазы жалбырактуу токой (эмен, бук, граб ж. б.), Талыш тоолорунун этектеринде каштан эмени, курма, катраңкы өсөт. Азербайжандын аймагында 14 корук бар; алардын ирилери: Гөйкөл (1925‑жылдан иштейт), Кызыл-Агач (Кура дарыясынын чатында, куштар кыштап өтөт), Закатал (дагстан туру мекендейт), Ширван, Гиркан (Талыш тоолорунун реликт токою) ж. б. Өлкөнүн эколологиялык абалы жылдан жылга оорлошууда. Айлана‑чөйрөнү булгоочу негизги булак нефть казып алуу жана ажыратуу, металлургия, химия өнөр жайы, тоо-кен комбинаты, ошондой эле кургакчылык (талаада), токой кыюу, Каспий деңиз суусунун деңгээлинин көтөрүлүшү жана нефть, нефть продуктулары менен булганышы табиятка терс таасирин тийгизүүдө.
Кура жана Араке дарыясында фенол менен оор темирдин концентраты өтө (ККЧ 15_25 эсе) жогору.
Калкы.
Өлкөнүн негизги калкы азербайжандар (азерилер, 91,6%), ошондой эле дагстандыктар, орус, армян, авар, лезгин, курд, татар, грузин ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Көп улуттуу өлкө болгонуна карабастан кийинки кездери азербайжан-армян кагылышуусунун натыйжасында кошуна Армениядан келген азербайжан‑качкындарынын эсебинен азербайжандардын саны өстү. Көп улуттун өкүлдөрү (армян, орус) өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга байланыштуу башка жактарга көчүп кетишүүдө. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 94,1 киши. Шаар калкы 56%. Ислам динин тутат (62% мусулман‑шеиттер, 26% мусулман‑сүнөттөр). Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 69,5, аялдарыныкы – 74,5 жаш. Ири шаарлары: Баку, Гянжа, Сумгаит, Мингечаур, Али‑Байрамлы, Нахичеван. Жергиликтүү калктын (азербайжандар) көпчүлүгү Иранда (30 млн), Түркияда да (3 млн) жашайт.
Тарыхы. Азыркы Азербайжандын аймагында алгачкы адамдар палеолит доорунда жашашкан. Б. з. ч. 9‑кылымда пайда болгон Ман мамлекетинде чарба жана маданияты бир кыйла дурус өнүгүп, узак убакыттарга дейре Ассириянын, Урартунун кол салууларына туруштук берип келген. Б. з. ч. 7‑кылымда түзүлгөн Мидия мамлекети падыша Киаксардын тушунда Байыркы Чыгыштагы зор империялардын бирине айланат да, Ман анын курамына кирип, негизги маданий борборго айланган. Б. з. ч. 6‑кылымдын ортосунда Мидияны Персия басып алып, бийлик Ахемениддер династиясынын колуна өтөт. Жергиликтүү калк аларга каршы бир нече жолу көтөрүлүш чыгарат. Ахемениддерди Македонскийдин аскерлери талкалагандан кийин (б. з. ч. 4‑кылымдын аягы), Aзербайжанда мамлекеттүүлүк калыбына келтирилет. Бул мамлекеттик түзүлүш Атропатена деп аталып, борбору Газак шаары болгон. Анда дыйканчылык, мал чарбасы жана кол өнөрчүлүк жакшы өнүккөн. Кийинчерээк Азербайжандын аймагында жана Түштүк Дагстанда Албания мамлекети пайда болгон. 3–9‑кылымда өлкөгө Иран жана Араб халифаты бийлик жүргүзүп, ислам дини киргизилген. Басып алуучуларга каршы жергиликтүү эл көтөрүлүшкөн (мис., Бабектин көтөрүлүшү). Элдик кыймылдар Араб халифатынын бийлигинин начарлашына алып келип, Азербайжандын аймагында 9–16‑кылымда Ширваншахтардын, Кара-Коюнлу, Ак‑Коюнлу аттуу мамлекеттери пайда болгон. Түрк урууларынын тарыхый узак мезгилдер бою (7–11‑кылымдар) Азербайжанга келип отурукташып, ал жердеги калк менен аралашуусунун натыйжасында байыркы жергиликтүү тилдер колдонуудан чыгып, түрк тилинде (11–13‑кылымдар) сүйлөгөн Азербайжан эли калыптанган. 11–14‑кылымдарда өлкөнү монгол‑татарлар Тимур, түрк‑селжуктары басып алып, бүлгүнгө учураткан. Азербайжандын тарыхында 16‑кылымдын башында түзүлгөн Сефевиддер мамлекети маанилүү роль ойноду. Азербайжан үчүн Иран жана Түркиянын ортосунда дайыма согуштук кагылышуу болуп турган. 18‑кылымдын орто ченинде Азербайжандын аймагында Иранга көз каранды 15 феодалдык мамлекет болгон. 1813–28‑ж. орус‑иран согушунун натыйжасында Түндүк Азербайжан Россияга каратылган. Февраль революциясынан кийин Бакуда кош бийлик түзүлөт: коомдук уюмдардын Аткаруу комитети (Убактылуу өкмөттүн жергиликтүү органы) жана жумушчу депутаттардын Совети (большевиктердин көзөмөлүндөгү). Убактылуу өкмөт кулатылгандан кийин жумушчу депутаттардын Баку Совети Aзербайжанда Совет бийлигинин орнотулгандыгын жарыялаган. Мусаватчылардын куралдуу көтөрүлүшү басылган соң Баку эл комиссарлар Совети (Баку коммунасы) түзүлгөн. 31. 7. 1918‑ж. Бакуда бийлик Борбордук Каспий өкмөтүнө өткөн. Сентябрда түрк жана азербайжан аскер бөлүктөрүнөн турган Кавказ ислам армиясы Борбордук Каспий өкмөтүн кулатып, 28. 5. 1918‑ж. түрктөрдүн колдоосуна таянган мусаватчылар борбору Гянжа болгон Азербайжан Демократиялык Республикасын (АДР) жарыялаган.
1920‑ж. Париж (Версаль) конференциясында АДРдин көз каранды эместиги жөнүндө де‑факто таанылат. Бирок Советтик Россия АДРдин легитимдүүлүгүн тааныгандан баш тарткан. 1920‑ж. апрелде англис аскерлери Азербайжандан чыгарылгандан кийин Бакуга Кызыл Армия кирген жана Н. Нариманов жетектеген Азербайжан ССРи түзүлгөн. 13. 12. 1922‑ж. Азербайжан, Грузия жана Армения Закавказье Советтик Федерация Социалисттик Республикаларына бириккен жана 30. 12. 1922‑ж. СССРдин курамына кирген. 1936–91‑ж. Азербайжан союздук республика катары СССРдин курамында болгон. 1991‑ж. августта Азербайжан көз каранды эмес республика катары жарыяланган. Ошол эле жылы А. А. Муталибов Азербайжандын президенти болуп шайланган. 1991‑ж. оппозиция тарабынан ал бийликтен четтетилип, анын ордуна А. Эльчибей шайлоодо жеңишке жетишкен. 1991‑жылдан Тоолуу Карабахтагы армян‑азербайжан ортосундагы чыр‑чатактардын күчөгөнүнө байланыштуу өлкөдө бир топ татаал кырдаал түзүлүп, Эльчибейдин саясаты өлкөнү саясий жана экономикалык кризиске алып келген. 1993‑ж. июнь айында ал Бакудан качып кеткен жана мунун натыйжасында президент бийликтен четтетилген. 1993‑ж. Г. Алиев президенттикке шайланган. Анын тушунда саясий жана экономикалык кырдаал бир топ жакшырып, Россия, Түркия жана батыш өлкөлөрү менен байланыштар чыңдалган. 2003‑ж. 15‑октябрда президенттик шайлоодо жеңишке Г. Алиевдин уулу Ильхам Алиев ээ болуп, ал 79,46% добуш алган. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок. Эртеси күнү президенттикке талапкерлердин бири, Мусават партиясынын лидери Иса Гамбардын үч миңден ашуун жактоочулары борбордук аянтка чыгышкан. Окуя болгон жерге ички аскерлердин полку келип, алар менен кагылышып, натыйжада курмандыктар болгон. 2008‑ж. И. Алиев экинчи, 2013‑ж. үчүнчү жолу президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. И. Алиевдин тушунда өлкөнүн экономикасы 2,6 эсеге, өнөр жай өндүрүшү 2,5 эсеге өсүп, 770 миңге жакын жаңы жумуш орундары пайда болду, жакырчылыктын деңгээли 49дан 13,2% га чейин төмөндөдү, бюджеттин чыгымдары 12 эседен ашык көбөйдү. 2006–07‑ж. Каспий мунайын Жер Ортолук деңизиндеги Түркиянын Жейхан портуна жана Түштүк Кавказ газ түтүгүнө (Баку‑Тбилиси‑Эрзурум) ташуу үчүн Баку‑Тбилиси‑Жейхан мунай кууру ишке киргизилди. 2017‑жылдын 30‑октябрында Баку – Тбилиси – Карс (БТК) темир жол линиясынын расмий ачылыш аземи болуп, ага И. Алиев, Түркиянын Президенти Р. Т. Эрдоган жана Грузиянын премьер‑министри Г. Квирикашвили катышты. Бакуда өткөрүлгөн спорттук мелдештер: күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат (2007), бокс (2011), ошондой эле Евровидение ыр сынагы (2012), биринчи жолу болуп өткөн Европа оюндары (2015) ж. б. өлкөнүн эл аралык кадыр‑баркын көтөрүүгө багытталган. Азербайжандын тышкы саясатында Тоолуу Карабак негизги маселелерден. 2008‑ж. ноябрда Түштүк Кавказдагы кырдаалды жакшыртуу боюнча Азербайжан, Армения жана Россиянын Президенттери биргелешкен декларацияга кол коюшкан. Бирок 2020‑жылдын 27‑сентябрында Тоолуу Карабакта куралдуу кагылышуулар болуп, ал ошол эле жылдын 10‑ноябрына чейин уланган. Азербайжандын Президенти, Армениянын Премьер‑министри жана Россиянын Президенти 10‑ноябрдан тартып ок атышууну токтотуу жөнүндө декларацияга кол коюшуп, биргелешип иш алып барышты. Согуш учурунда 5 шаар (Жебраил, Физули, Зангилан, Губадли, Шуша), 4 кыштак жана 240 айыл Азербайжан армиясынын көзөмөлүнө өткөн.
Экономикасы.
Азербайжан – агрардык‑индустриалуу өлкө. Ички дүң продукциясында (ИДПде) өнөр жайынын үлүшү 38%, айыл жана балык чарбаларыныкы 13%, тейлөө чөйрөсүнүкү 49% (2003). ИДПнин көлөмү 98,8 млрд долларды (АКШ, 2012) түзгөн, аны киши башына бөлүштүргөндө 7399 доллардан туура келген. Өнөр жайынын негизги тармагы – нефть казып алуу жана иштетүү (өнөр жай продукциясынын 25%тен ашыгын берет). Нефть өнөр жайында башкы нефть казып алуучу компаниялар – Азербайжан мамлекеттик нефть компаниясы (ГНАКР) жана Эл аралык компания (АМОК). Негизинен Баку шаарынын аймагынан, Каспий деңизинин жээгинен, деңиздин өзүнөн казып алынат. Кургактыкта 34, шельфте 17 кен иштетилет. 2003‑ж. 15,4 млн т нефть казылып алынып, 9,1 млн тсы экспорттолгон; 5,1 млрд м3газ (ири кени Шах‑Деңиз) өндүрүлгөн.
Нефть Россиянын (мурдагы Баку – Новороссийск нефть кууру реконструкцияланган) жана Грузиянын (Супса) аймагы аркылуу Түркияга (Жейхан) жеткирилмекчи. 2003‑ж. 21,3 млрд кВт‑с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 88% жылуулук станцияларына (мазут, газ менен иштейт; ири станциялары: Мингечаур, Али‑Байрамлы) жана 13% ГЭСке (Шамхор, Мингечаур – Кура дарыясында) туура келет. Нефть жана газдын базасында химия өнөр жайы өнүккөн (полиэтилен, пропилен, спирт, каустикалык сода, полиэфир ж. б. чыгарат). Машина куруу өнөр жайы нефть-газ жана нефть‑химия тармактары (стационардык жана калкыма бургу платформалары) үчүн жабдууларды даярдоого адистешкен. Электр‑техникалык, прибор (чакан трансформаторлор, кабель продукциялары, муздаткыч) жана кеме куруу ишканалары иштейт; ири борборлору: Баку, Сумгаит, Мингечаур, Гянжа. Кара металлургиянын негизги ишканалары: Азербайжан тоо-кен комбинаты (Дашкесан), Даш‑Салах ишканасы (бентонит), Баку болот куюу жана болот арматурасын чыгаруучу заводдор; түстүү металлургиянын негизги тармагы – алюминий өнөр жайы (Гянжадагы глинозём, Сумгаиттеги алюминий ж. б.). Жеңил өнөр жайынын негизги тармактары пахта тазалоо (Агдаш, Барда, Сабирабад, Али‑Байрамалы ж. б.), накта жибек (Шеки, Ордубад, Ханкенди), кебез‑кездеме, килем токуу (Шуша, Шемаха, Казах ж. б.). Тамак‑аш өнөр жайынан ун, май‑сыр жана консерва даярдоочу тармактарынан сырткары мөмө‑жемишти кайра иштетүү (Баку, Шамкир, Гянжа, Ханлар, Акста-
фа), шарап жасоо, балык (мекре икрасы), ошондой эле чай (Ленкоран, Астара, Масалды) жана тамеки өндүрүштөрү (Евлах, Белоканы) өнүккөн. Өлкөнүн өнөр жай продукциясынын 80% ке жакыны Апшерон экономикалык районунда (Баку, Сумгаитте) өндүрүлөт. Айыл чарба продуктусунун 97% и фермер жана жеке чарбаларда өндүрүлөт. Айыл чарбага жарактуу жери 4,8 млн га (өлкөнүн аймагынын 55% и), анын 1,8 млн гасы айдоо жер, 2,7 млн гадан ашыгы жайыт жана чабынды. Дан эгиндери (буудай, арпа, жүгөрү), айрым жерлеринде – шалы жана техникалык өсүмдүктөр (пахта – Кура‑Аракс өрөөнүндө, тамеки – негизинен өлкөнүн түндүгүнөн, чай – Каспий деңизинин жээгинде жана Ленкоран ойдуңунда; күн карама ж. б.), жашылча‑жемиш, картөшкө айдалат. Куба‑Хачмас районунда Апшерон жарым аралы, Ленкоран жана Кура‑Аракс ойдундарында багбанчылык (алма, алмурут, айва, өрүк, алча, шабдаалы, фундук, жаңгак ж.б.), жашылчачылык, жүзүмчүлүк өнүккөн. Нахичеван Автономия Республикасы, Тоолуу Карабах тарыхый облусу субтропик өсүмдүктөрүн өстүрүүгө (анар, анжир, бадам, курма) адистештирилген. Тоолуу аймактарында кой чарбасы, тоо этектеринде аары чарбасы, Кура‑Аракс өрөөнүндө, Чоң Кавказда жибекчилик өнүккөн. Уй, буйвол, жылкы асыралат. Үй кушу багылат. Транспорттун негизги түрү автомобиль транспорту. Автомобиль жолунун уз. 59,1 миң км (анын 1/2 бөлүгү асфальтталган; 2004), темир жолунуку 2,9 миң км (2009). Негизги темир жол түйүндөрү: Баку, Балажары, Алят, Гянжа, Нахичеван. Башкы порту – Баку (жүктүн көбү Каспий деңизи аркылуу Түркмөнстан менен Иранга жөнөтүлөт), темир жол парому аркылуу Каспий деңизинин чыгыш жээги (Түркмөн-Башы, Актау, Бекдаш) менен байланышат. Кура дарыясында кеме жүрөт. Аба транспорту да жакшы өнүккөн. Эл аралык Бина (Бакудан 25 км) жана Нахичеван аэропорттору бар. Нефть куурунун узундугу 1415 км (Баку – Батуми, Али – Байрамлы-Баку), газ куурунуку 2896 км (Карадаг – Сумгаит, Али‑Байрамлы Карадаг). Курорттору: Истису, Нафталан, Апшерон курорттор тобу ж. б. Сыртка нефть жана нефть продукциясы, түстүү металл, пахта, азык‑түлүк чыгарып, сырттан машина жана машина жабдууларын, өнөр жай сырьёлорун ж. б. алат. Негизги сырткы соода шериктери: КМШ, Европа шериктеш өлкөлөрү, Түркия, Иран.
Маданияты. Aзербайжанда алгачкы мектептер 5‑кылымда пайда болгон. 7‑кылымда араб мектептери, 10–11‑кылымдарда медреселер түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Азербайжандын билим берүү системасы 1992‑жылкы билим берүү мыйзамы (1994, 95, 97, 99‑ж. редакцияланган) б‑ча жүзөгө ашууда. Республикада 1777 мектепке чейинки мекемелер (бала бакча), 4554 жалпы билим берүүчү мектептер, 110 кесиптик техникалык окуу жайлар жана лицейлер, 68 кесиптик орто окуу жайлар, 405 мектептен тышкары мекемелер жана 57 (анын ичинде 32 мамл., 24 министрликке караштуу) ЖОЖ бар (2004). Aзербайжанда билим берүү акысыз жана контракт жолу менен жүргүзүлөт. Бардык билим берүү тармактарына бирдей мамлекеттик стандарт кабыл алынган. Өлкөнүн ири ЖОЖнун өзөгүн Баку мамлекеттик университети (1919‑ж. негизделген), Азербайжан медициналык университети (1930) ж. б., Баку, Сумгаит, Ленкоран, Гянжа, Нахичеван шаарындагы университеттер, 10 академия түзөт. Мамлекеттик эмес ЖОЖ: «Азербайжан», «Азия», «Хазар», «Тефеккюр», «Одлар», «Юрду» жана Азербайжан эл аралык университети ж. б. М. Ф. Ахундов атындагы мамлекеттик китепкана (1923), Азербайжан Илимдер Академиясынын борбордук китепканасы, Азербайжан Илимдер Акадамиясына караштуу тарых, Р. Мустафаев атындагы искусство жана Низами атындагы Азербайжан көркөм адабият музейлери бар.
Aзербайжанда басма сөз 19‑кылымдын 30‑жылдарында башталган. Азыркы учурда 600дөй коомдук‑саясий гезит, журналдар азербайжан («Республика», «Халг гезити», «Ачыг Сёз», «Шарг»), орус («Бакинский рабочий», «Эхо», «Зеркало», «Содружество») жана англис тилдеринде («Каспиан бизнес ньюс», «Азери тайме», «Баку сан») чыгат (2004). Ири маалымат агентчиликтери («Туран», «Тренд», «Медиа‑пресс»), мамлекеттик телекөрсөтүү («Аз‑ТиВи»), мамлекеттик радиоуктуруу («Республика», «Араз») жана көз каранды эмес телерадиокомпаниялар (ириси – АНС) иштейт.
Азербайжан адабияты байыркы бай адабияттын бири. Анда миңдеген жылдар бою айтылып келе жаткан эмгек, өз ара мамилелер, үрп‑адат жөнүндөгү ырлар, макал‑лакаптар, сатиралык аңгемелер элдин ой-тилектерин чагылдырат. Азербайжан элинин элдик оозеки поэтикалык чыгармаларынын үлгүлөрү түрк элдеринин байыркы ири адабий эстелиги Махмуд Кашгаринин «Диван‑и‑лугат‑ат‑түрк» деген сөздүгүндө кездешет. Жазма адабияты Жакынкы Чыгыштын таасиринде 7–11‑кылымдарда араб тилинде, 10–13‑кылымдарда фарсы тилинде өнүккөн. 10–11‑кылымдарда араб тилинде жазган белгилүү Багдад акындары – Абу‑ль‑Ала Гянжеви (акындардын «паашасы» титулунун ээси), Хагани, Фелеки Ширванинин улуту азербайжан болгон. Алардын эң көрүнүктүүсү акын‑гуманист Низами Гянжевинин чыгармалары менен Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштын акындары таасирленишкен. Aзербайжанда улуттук тилде жазуу 13–14‑кылымдарда пайда болуп, «Гасаноглы» казалы жана «Китаби Деде Коркуд» эпикалык чыгармасы азербайжан тилинде жазылган. Несиминин лирикасы азербайжан тилиндеги чоң диван‑жыйнактарына кирген. Ал эми поэзиянын өнүгүшү Физулинин ысымы менен байланыштуу. Анын казалдары жана лирика-эпикалык «Лейли‑Межнун» поэмасы (1537) Азербайжандын адабий тилинин калыптанышында чоң роль ойногон. Азербайжан элинин баатырдык‑романтикалык поэмалары менен дастандары («Көроглы», «Ашик Гариб», «Асли жана Керем» ж. б.) жарык көргөн. 18‑кылымдын акындарынын чыгармаларында (Видади, Нишата Ширвани, Ага Масиха Ширвани, өзгөчө Карабах хандыгынын мамлекеттик ишмери жана акыны Вагиф) ырдын формасы жана тили жөнөкөйлөшүп, 19‑кылымда классикалык поэзия өнүгө баштайт. Ага А. Бакихановдун прозасы, Закирдин социалисттик сатирасы жол ачкан. Азербайжан драматургиясына негиз салуучу М. Ф. Ахундов биринчилерден болуп азербайжан адабиятын орус адабияты менен байланыштырган. Анын «Алданган жылдыздар» (1857) жана өз учурундагы коомдун кулк‑мүнөзүн чагылдырган 6 пьесасы Азербайжан адабиятынын өнүгүшүнө зор салым кошкон. 20-кылымдагы улуттук коомдук аң‑сезимдин өсүшү адабиятта өзгөчө орунду ээледи. Улуттук тилде мектептер ачылып, гезит, журналдар («ШаркиРус», «Хаят» гезиттери; «Молла Насреддин», «Фиюзат» ж. б.) жарык көрө баштады. 1920–80‑жылдары Азербайжан адабияты көп кырдуулугу менен айырмаланат. Айрыкча Мюшфиканын, С. Вургунанын, Р. Рзанын, Б. Вагабзаденин, Наби Хазринин (Бабаева) жана Мамед Аризанын поэзиясы жогорку чеберчиликте берилип, орус классикасынын котормолору азербайжан тилинде жарык көргөн. 21-кылымдын башында азербайжан элинин руханий байлыгы болгон адабияты толугу менен калыбына келтирилип, мурда жарык көрбөгөн акындардын, прозаиктердин Ахмед Жавад, И. Алмасзаде, Алибек Гусейнзаде, У. Банин ж. б‑дын чыгар малары басылууда жана А. адабиятынын тарыхы кайрадан каралып чыгууда.
Азербайжандын аймагында көптөгөн байыркы архитектура жана сүрөт искусствосунун эстеликтери сакталган. Өлкөнүн аймагында байыркы тарыхый эстеликтердин өзөгүн б.з.ч. 8–5 миң жылдыкка таандык (Кобустан) аска бетиндеги сүрөттөрү, менгирлер (мегалит курулмалардын жөнөкөй түрлөрү), дольмендер (мегалит көрүстөндөрү), кромлехилер, зооморфтуу карапа идиштер, таштан, чоподон жасалган эстеликтер жана энеолит доорунун колодон жасалган жасалгалары түзөт. Кичи Кавказдын этегинде Нахичеван Автономия Республикасынын аймагында б.з.ч. 1 миң жылдыктын эбегейсиз зор курулмаларынын калдыктары сакталган. Б.з.ч. 5–4‑кылымдардагы Азербайжан тарыхый эстеликтери Ахеменид мамлекетинин маданиятына түспөлдөш болуп, б.з.ч. 4‑кылымдын аягында Атропатен маданиятына баш баккан. Буга 5–7‑кылымдардагы
тарыхый эстеликтер (Чирах‑Кала сепили; Кум, Ленит, Мингечаурдагы христиан храмдары), скульптуралар күбө. Азербайжандын орто кылымдын башындагы маданияты Албаниянын, Армениянын жана Грузиянын маданиятына байланышы бар экендигин айгинелейт. Aзербайжанда 7–8‑кылымдарда ислам динин кабыл алышы менен ар түрдүү мусулман маданиятынын курулмалары (мечит, медресе, күмбөз ж. б.) жаралган. 9-кылымдын 2-жарымында 10‑кылымдын башында араб халифатынын кулашы көптөгөн майда мамлекеттердин борборлорунда ислам архитектурасынын орнаментинин жана каллиграфиясынын жеке менчик мектептеринин (12–13‑кылымдар) пайда болушуна алып келген. Буга Бакудагы Кыздар мунарасы (Кыз калаасы, 12–кылым), Жугадагы жана Нахичеван күмбөздөрү, Мардакян, Нардаран, Пирсагат суусунун боюнда, Ханегидеги сепилдер (14–16‑кылымдар), мавзолейлер, монумент кескилеринин үлгүлөрү, Байлакандын жана Гянжинин керамика жазуулары ж. б. күбө. 19–кылымдын 1-жарымында Азербайжан маданияты орус жана батыш Европа мамлекетинин маданиятынан таасирленип, архитектурада классицизм, 19–20‑кылымдардан эклектика жана модерн стилдери үстөмдүк кылган. 1923‑ж. 1‑жолу Баку шаарынын генпланы бекитилип, эски шаардын түзүлүшү өзгөрүүгө дуушарланган. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин улуттук стилде үйлөрдү жасалгалоодо (архитекторлору Л. В. Руднер, В. О. Мунц ж. б.) жергиликтүү курулуш материалдарын колдонушкан. 1960‑ж. индустриалдык курулуш күч алып, жаңы типтеги коомдук курулуштар (стадион, цирк, дүрдүйнө дүкөндөрү ж. б.) пайда болгон. Азербайжандын сүрөт өнөрү (М. К. Эривани, М. М. Навваб, У. Г. Карабаги, А. А. Азимзаде, Б. Ш. Кенгерли) реалдуу багытта өнүгө баштаган. 1920–30‑ж. сүрөтчүлөр (С. А. Саламзаде, К. Ханларов, Г. А. Халыков, Ш. Мангасаров) француз сүрөтчүлөрүнөн үлгү алышкан. 1930-жылдын жарымынан сүрөт искусствосу социалисттик-реализм багытында (М. Абдуллаев, Н. Касумов, П. В. Сабсай, Д. М. Карягды) өнүгө баштаган.
1970‑ж. аягынан сүрөтчүлөр символ менен метафораларды кеңири колдонушкан. Азыркы учурда (20–21‑кылымдар) сүрөтчүлөр жеке
көргөзмөлөрүн уюштуруп, сүрөт коомдорун (Бакудагы искусттво борбору; У. Ахвердиев, Э. Алимирзоев ж. б.) түзүүдө. Азербайжандын сүрөт искусствосуна А. Жафаров, Т. Нариманбеков, С. Бахлулзаде, А. Рзакулиев көрүнүктүү салымдарын кошкон. Азербайжан элдик музыкасы эмгек, элдик салтанат, диний үрп‑адат, каада‑салт менен тыгыз байланыштуу. Байыркы музыкасы Кобулстандагы аска бетиндеги сүрөттөрдөн (музыканттар менен бийчилердин сүрөтүнөн) көрүнүп турат. Улуттук музыка формасы жана жанрынын ар түрдүүлүгү менен айырмаланган фольклордун негизинде өнүккөн. Музыкалык аспаптары – саз, канон, уд, кеманча, түтек, баламан, нагара, гоша‑нагара, дэф ж. б. Азербайжандын оозеки профессионалдык искусствосун ашугдар негиздеген. Алар лирикалык ырларды жана дастандарды жаратышып, элге жайылтышкан. Ашугдардын (Гурбан, 16‑кылым; Гариб, Диварганлы Аббас, Валех, 17–18‑кылымдар; Алескер, Нажаф‑кули, Аббас‑кули, Молла‑Жума, 19‑кылым) ырлары саз аспабы менен коштолсо, мугамдар (Г. Гуси, Саттар, Жаббар Карягды, Шекили Алескер, Сеид Шушинский, Бюль‑Бюль, Зульфи Адигезалов, Хан Шушинский, А. Гасымов) вокалдык аспаптарда чеберчилик менен ойногон. 19‑кылымдын аягында ансамбль түзүлүп, алгачкы концерттеринде ашуг менен мугамдардын ырчы, бийчилери өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Ал улуттук операнын жаралышына өбөлгө түзгөн. Физулинин чыгармасы
боюнча «Межнун Лейлинин бейит башында» аттуу алгачкы опера (1908) коюлган. 20‑кылымдын башында композиторлор мектеби уюшулган. Улуттук музыканын башаты У. Гажибеков («Лейли жана Межнун», 1908, алгачкы мугам операсы) менен М. Магомаевден башталып, алар музыкалык окуу жайларын (Баку консерваториясы, 1921) ачылышына зор салым кошкон. Музыка дүйнөсүнө жаңы муундар – Л. Зейналлы, Ж. Гажиев, К. Караев, А. Бадалбейли, Ф. Амиров, С. Гажибеков, Р. Гажиев, Т. Кулиев, А. Меликов, А. Ализаде, Ниязи ж. б. келип кошулду. Өзгөчө ийгиликтерге музыканттар К. Караев, Р. Бейбутов, Л. Иманов, 3. Ханларова, А. Аскеров (либретто жазган); М. Р. Беннер, Г. Г. Шароев, К. Сафар‑Алиева, Р. Атакишиев, Э. На зирова, В. Мустафазаде (пианисттер) ж. б. жетишкен.
Азербайжандын бий өнөрү байыркы улуттук диний үрп-адаттар менен (аңчылык, от, балык улоого ж. б.) байланыштуу. Өзгөчө белгилүү бийлери «таракема», «гытгылыда», «иннаби», «жейран‑бала»,«ялла».1938‑ж. бий коллективи уюшулган.
1940‑ж. алгачкы улуттук балет «Кыздар мунарасы» (А. Бадалбейли) коюлган. 1923‑ж. Бакуда балет студиясы уюшулуп, 1933‑ж. балет мектеби, 1936‑ж. Баку хореографиялык окуу жайы ачылган. 1982‑жылдан Бакуда камералык балет иштөөдө. Балет өнөрүнө орчундуу салым кошкондор – Г. Алмасзаде, Л. Векилова, М. Мамедов, Р. Ахундова, Т. Ширалиева ж. б.
Азербайжандын театр искусствосу байыркы элдик бий, оюн‑зооктордон башталып, «Саячы», «Юглама», «Коса‑Коса», «Гаравелли» аттуу улуттук драмалар коюлган. «Шах Селим», «Марат юну», «Каракөз», «Кечал пехлеван» элдик оюндардын негизинде куурчак театры жаралган. Орто кылымда диний театр
(«Шабих») таралган. Улуттук тилде спектаклдер Тифлисте (1873), Кубеде (1875), Шекиде (1879), Эриваниде (1882), Шушта (1883) жана Нахичеванда (1883) коюла баштаган. 20‑кылымдын башында Aзербайжанда мусулман артисттеринин «Гамийет» группасы менен «Нижат» жана «Сафа» агартуу коомдорунун астында театр бөлүмдөрү иштеген. 1923–47‑ж. Бакуда М. Ф. Ахундов атындагы театр мектеби иштеп, 1945‑ж. анын негизинде Азербайжан театр интитуту (учурда мамлекеттик искусство жана маданият институту) ачылган. 21‑кылымдын башынан Бакуда музыкалуу комедия (орус жана Азербайжан группалары), куурчак жана жаштар театры, пантомима театрлары, ошондой эле «Йуг» театры иштейт. Театр искусствосунун өнүгүшүнө Г. Араблинский, Ж. Зейналов, М. Мамедов, М. Алвенди, И. Исфаганлы, М. Аббасов ж. б. көрүнүктүү салым кошкон.
Aзербайжанда алгачкы көркөм фильм 1916‑ж. (Г. Араблинскийдин катышуусунда «Нефть жана миллиондор дүйнөсүндө»), андан соң 1917‑ж. У. Гажибековдун «Аршин малалан» опереттасынын негизинде улуттук алгачкы кинокомедия (Бакуда) тартылган. 1923‑ж. фотокино башкармасы (учурда «Азербайжанфильм») уюшулуп, анда режиссёрлор менен актёрлор (Ж. Жабарлы, А. Кулиев, С. Марданов, С. Гажиева, А. Герайбейли, А. Мамедова, Кязим Зия ж. б.) даярдалган. Алгач үндүү фильм 1936‑жылдан баштан тартыла баштаган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кулиевдин «Мекендин уулу» (1941), «Бахтиар» (1942) аттуу фильмдери тартылган.1945-54‑ж. аралыгында киноөндүрүшү токтоп калган, 1947‑ж. Е. Л. Жигандын
«Фаталихан» фильми тартыла баштап, ал 1959‑ж. бүткөн. 60‑жылдын 2‑жарымында Азербайжан киносу жандана баштап, Г. Сеидзаде, Т. Тагизаде, Т. Сейдбейли, А. Ибрагимов ж. б. режиссёрлордун кинофильмдери тартылган. Акыркы мезгилде Г. Мехтиевдин «Бөтөн бирөөнүн убактысы» (1997), Р. Пуйинин «Кыйраган көпүрө» (1997), Я. Рзаевдин «Сары кийимчен колукту» (1999), Ожагованын «Отелдеги бөлмө» (1999), Р. Ибрагимбеков жана Р. Мирзоевдин «Үй‑бүлө» аттуу фильмдери тартылды.
Цирк өнөрү алгач көчө майрамдарында коюлуп, аркан баскычтар, жылан арбагычтар, маскарапоздор, көз боёочулар, палвандар өнөр көрсөтүшкөн. Цирк өнөрүн бир тууган Никитиндер 1904‑ж. негиздешкен. 1945‑ж. цирк коллективи түзүлүп, Азербайжандын белгилүү композиторлору, акындары, балетмейстрлери кошо иш алып барышкан. 1967‑ж. Бакуда цирк (Европадагы эң ири, 2400 орундуу) курулган.
Ад.: Будагов Б. А. Современные естественные ландшафты Азербайджанской ССР. Баку, 1988; он же. Проблемы окружающей среды Азербайджана. Баку, 1991 (на рус. и азерб. яз); Алиев И. Г. Очерк истории Атропатены. Баку, 1989; Буниятов 3. М.
Азербайджан в VI‑IX вв. Баку. 1989; Бакыханов А.
Гюлистан и Иран. Баку, 1991; Экономическая и социальная география стран ближнего зарубежья. М., 2004. С. 255‑286; Бадалов Р. В контексте по‑истории // Территория кино; Постсоветское десятилетие. М., 2001.
Ө. Бараталиев, Б. Үсөнканов, А. Орозов, Ш. Керимова