Difference between revisions of "АЗДАР"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЗДАР,''' азбудун – орто кылымдагы жазма булактарда, рун жазууларында кездешкен калктын аты. Жазма булактарда түргөштөр: тухси <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> аз деп экиге бөлүнгөн. Тон‑Йукукка арналган жазууда Көгмөн тоосун ашып, кыргыздарды чабаарда, өздөрү мурда багындырган талаа тилкеден келген аз уруусунун бир адамын жол көрсөткүч катары алышат. Тексттин кийинки саптарына карап болжогондо, жергиликтүү жол көрсөткүч жолдон адашканы үчүн сайып өлтүрүлгөн. Л. П. ''Потаповдун'' пикири боюнча Аздар мурун Тыванын батышында жашап, 716‑жылы ''Чыгыш Түрк кагандыгы'' тарабынан талкаланган соң, басымдуу бөлүгү түштүк-батышка ооп, Жети‑Суудагы түргөштөргө кошулган. Калгандары Саян‑Алтай элинин ичинде өзүнчө топту түзүп калышкан. ''Күлтегинге'' арналган жазууда аз уруусу кыргыз элин курап келдик «аз кыркыз будуныг йарат келтимиз...» деп ''Барсбектин'' эли аталат. В. Я. ''Бутанаев'' Енисейдеги Кыргыз мамлекетинин башкаруучу уруусу Аздар аталган деп болжойт. | |||
''К.Табалдиев.''<br> | |||
[[Категория:1-Том]] |
08:36, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЗДАР, азбудун – орто кылымдагы жазма булактарда, рун жазууларында кездешкен калктын аты. Жазма булактарда түргөштөр: тухси жана аз деп экиге бөлүнгөн. Тон‑Йукукка арналган жазууда Көгмөн тоосун ашып, кыргыздарды чабаарда, өздөрү мурда багындырган талаа тилкеден келген аз уруусунун бир адамын жол көрсөткүч катары алышат. Тексттин кийинки саптарына карап болжогондо, жергиликтүү жол көрсөткүч жолдон адашканы үчүн сайып өлтүрүлгөн. Л. П. Потаповдун пикири боюнча Аздар мурун Тыванын батышында жашап, 716‑жылы Чыгыш Түрк кагандыгы тарабынан талкаланган соң, басымдуу бөлүгү түштүк-батышка ооп, Жети‑Суудагы түргөштөргө кошулган. Калгандары Саян‑Алтай элинин ичинде өзүнчө топту түзүп калышкан. Күлтегинге арналган жазууда аз уруусу кыргыз элин курап келдик «аз кыркыз будуныг йарат келтимиз...» деп Барсбектин эли аталат. В. Я. Бутанаев Енисейдеги Кыргыз мамлекетинин башкаруучу уруусу Аздар аталган деп болжойт.
К.Табалдиев.