Difference between revisions of "АЖЫКЕ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(5 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЖЫКЕ''' – Түш. Кырг‑ндагы жайлоо, табигый кооз жер. Тар суусунун алабында. Чыгышынан Чакан‑Таш тоосу, түш.-батышынан ж‑а баты­шынан Ак‑Башат, Чалкан тоо кырлары м‑н чек­тешет. Кара‑Кулжа кыш‑нан 40‑45 ''км'' түш.-чы­гыш тарапта. Аянты 30 ''км''2дей, деңиз деңг. орт. бийикт. 1800–2300 ''м,'' эң бийик жери 2600 ''м'' (Чакан‑Таш тоосунда). А‑нин түш. ж‑а чыгыш капталы тик келип, түн.-батышка жантайың­кы. Бор мезгилинде пайда болгон акиташ тек­теринен турат. Батыш ж‑а түн.-батыш капталы палеоген‑неоген мезгилдеринин конгломерат, кумдуу чопо ж‑а гипс тектери м‑н капталган. Өрөөндөн Ажыке суусу агып өтөт. Климаты кон­тиненттик, жылдык орт. темп‑расы 3,2°С, ян­вардыкы –15,1°С, июлдуку – 15,4°С. Жылдык жаан‑чачыны 345 ''мм.'' Батыш ж‑а түн. капта­лында карагай, арча токою, чыгыш ж‑а түш. беттеринде майда бадал, сейрек арча өсөт. А‑ге талаа, токой, субальп ж‑а альп шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Табиятына карагай, арча, четин, шилби, табылгы, дарак‑бадалдар; бете­ге, шыбак ж. б. өсүмдүктөр кооздук берип турат. Жайлоого Кара‑Кулжа р‑нунун малы жа­йылат.

'''АЖЫКЕ''' – Түштүк Кыргызстандагы жайлоо, табигый кооз жер. Тар суусунун алабында. Чыгышынан Чакан‑Таш тоосу, түштүк-батышынан жана баты­шынан Ак‑Башат, Чалкан тоо кырлары менен чек­тешет. Кара‑Кулжа кыштагынан 40‑45 ''км'' түштүк-чы­гыш тарапта. Аянты 30 ''км''2дей, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1800–2300 ''м,'' эң бийик жери 2600 ''м'' (Чакан‑Таш тоосунда). Ажыкенин түштүк жана чыгыш капталы тик келип, түндүк-батышка жантайың­кы. Бор мезгилинде пайда болгон акиташ тек­теринен турат. Батыш жана түндүк-батыш капталы палеоген‑неоген мезгилдеринин конгломерат, кумдуу чопо жана гипс тектери менен капталган. Өрөөндөн Ажыке суусу агып өтөт. Климаты кон­тиненттик, жылдык орточо температурасы 3,2°С, ян­вардыкы –15,1°С, июлдуку – 15,4°С. Жылдык жаан‑чачыны 345 ''мм.'' Батыш жана түндүк капта­лында карагай, арча токою, чыгыш жана түштүк беттеринде майда бадал, сейрек арча өсөт. Ажыкеге талаа, токой, субальп жана альп шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Табиятына карагай, арча, четин, шилби, табылгы, дарак‑бадалдар; бете­ге, шыбак ж. б. өсүмдүктөр кооздук берип турат. Жайлоого Кара‑Кулжа районунун малы жа­йылат.

[[Категория:1-Том]]

08:35, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АЖЫКЕ – Түштүк Кыргызстандагы жайлоо, табигый кооз жер. Тар суусунун алабында. Чыгышынан Чакан‑Таш тоосу, түштүк-батышынан жана баты­шынан Ак‑Башат, Чалкан тоо кырлары менен чек­тешет. Кара‑Кулжа кыштагынан 40‑45 км түштүк-чы­гыш тарапта. Аянты 30 км2дей, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1800–2300 м, эң бийик жери 2600 м (Чакан‑Таш тоосунда). Ажыкенин түштүк жана чыгыш капталы тик келип, түндүк-батышка жантайың­кы. Бор мезгилинде пайда болгон акиташ тек­теринен турат. Батыш жана түндүк-батыш капталы палеоген‑неоген мезгилдеринин конгломерат, кумдуу чопо жана гипс тектери менен капталган. Өрөөндөн Ажыке суусу агып өтөт. Климаты кон­тиненттик, жылдык орточо температурасы 3,2°С, ян­вардыкы –15,1°С, июлдуку – 15,4°С. Жылдык жаан‑чачыны 345 мм. Батыш жана түндүк капта­лында карагай, арча токою, чыгыш жана түштүк беттеринде майда бадал, сейрек арча өсөт. Ажыкеге талаа, токой, субальп жана альп шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Табиятына карагай, арча, четин, шилби, табылгы, дарак‑бадалдар; бете­ге, шыбак ж. б. өсүмдүктөр кооздук берип турат. Жайлоого Кара‑Кулжа районунун малы жа­йылат.