Difference between revisions of "АЖЫ БИЙ"
м (→top: категория кошуу) |

(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЖЫ БИЙ''' Тилеке бий уулу (туулган <span cat='ж.кыск' oldv=' | '''АЖЫ БИЙ''' Тилеке бий уулу (туулган жана өлгөн жылы белгисиз) – 18‑кылымдын 2‑жарымындагы кыргыз элинин саясий ишмери; Алай‑Фергана аймагындагы саясий окуяларга жигердүү катышкан кыргыз төбөлдөрүнүн бири. Адыгине уруусунун баргы уругунан. Кытай тарыхый булактарында 1759‑жылы июнь айында Ажы бий баш болгон төрт кыргыз бийи Кокон шаарын бийлеген Эрдене бий менен тышкы душмандарга каршы бирге болууга багытталган келишим түзгөндүгү жөнүндө айтылат. 1759‑жылы сентябрь айында Ажы бийдин конушуна Кытай императорунун элчиси Доктан (Дакэтан) келип, ага ''Цин империясынын'' (1644–1912) императору (1735–1796) ''Цяньлун'' менен саясий‑дипломатиялык жана соода‑сатык келишим түзүү жөнүндө чакырык‑сунушун, ошондой эле атайын мөөр тапшырган. Ошол эле жылдын аягында Ажы бий өзүнүн жана Кокондун беги (1751–1770) ''Эрдененин'' атынан Цин империясынын Кашкардагы башкаруучусу Чжао Хойго кат жазып, элчиликке Сары Күчүктү жиберген. Катында Цин императоруна эч кандай жамандык ниети жок экенин билдирген.

[[File:АЖЫ БИЙ10.png | thumb|none]] | [[File:АЖЫ БИЙ10.png | thumb|none]] | ||
Ушул учурда Эрдене менен Ажы бийдин ортолорунда тарыхта «Ош жаңжалы» аталып калган окуя башталган. Оштун айланасындагы кыргыздар эгин сепкен жерлерди Кашкарга каттаган кербендер тебелетип жатканына байланыштуу Ажы бийдин буйругу менен 1762-жылы бир топ көпөс барымтага алынган. Ага жооп катары Эрдене бий Ошко жүрүш кылып, шаарды басып алган. Ажы бий да Кокондун өзүнө жортуул уюштуруп, ал ийгиликсиз аяктаган соң, кайра Алай тарапка чегинген. Мындан кийин Ажы бий Кашкарга өзү келип, Эрденеге каршы жардам сураган. Кашкардын наместниги Юнгуй Эрденеге шивэй (офицер) Томицитуну жиберип, эгер ал Оштон чыгып кетпесе, куралчан аскерин киргизе турганын эскерткен. Эрдене Оштон чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бирок Ажы бийди баш ийдирүү оюнан кайтпай, душмандыгын уланта берген. Ошол эле учурда Кыргызстандын түндүгүндөгү кыргыздардын кол башчысы ''Маматкул'' бийден Эрдене бийге каршы колдоо сурап, өзүнүн тууганы Арзыматты жиберген. Маматкул бий жардам кылуу ниетинде бугу уруусунун кол башчысы, черик жана саяк уруусунун бийи Темиржандын жигиттерин жортуулга даярдаган. Бирок, саясий кырдаал татаалдашып, Кытай аскери Түркстан тарапка баскынчылык чабуулга өтөт экен деген имиш тараган. Бул аймактагы кыргыздар биримдикке келе башташкандыктан, Эрдене бий Ош жана Өзгөндөн өз ыктыяры менен чыгып кеткен. 1764‑жылы жазында Эрдене бийдин Оро‑Төбөдөгү чатактарга алагды болгонунан пайдаланып, Ажы бий Коконго кайрадан жортуул уюштурган. Жортуул ийгиликсиз аяктап, кармашта жараат алган Ажы бий Эрдене бийге туткунга түшкөн, бир маалымат боюнча коё берилген, экинчиси боюнча даргага асылган. | |||
Ад.: Кузнецов В. С. Цинская империя на рубежах Центральной Азии. Новосибирск, 1983. | |||
''Д. Сапаралиев,'' сүрөтчүсү ''Р. Исаков.''
| ''Д. Сапаралиев,'' сүрөтчүсү ''Р. Исаков.''

[[Категория:1-Том]] |
08:34, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АЖЫ БИЙ Тилеке бий уулу (туулган жана өлгөн жылы белгисиз) – 18‑кылымдын 2‑жарымындагы кыргыз элинин саясий ишмери; Алай‑Фергана аймагындагы саясий окуяларга жигердүү катышкан кыргыз төбөлдөрүнүн бири. Адыгине уруусунун баргы уругунан. Кытай тарыхый булактарында 1759‑жылы июнь айында Ажы бий баш болгон төрт кыргыз бийи Кокон шаарын бийлеген Эрдене бий менен тышкы душмандарга каршы бирге болууга багытталган келишим түзгөндүгү жөнүндө айтылат. 1759‑жылы сентябрь айында Ажы бийдин конушуна Кытай императорунун элчиси Доктан (Дакэтан) келип, ага Цин империясынын (1644–1912) императору (1735–1796) Цяньлун менен саясий‑дипломатиялык жана соода‑сатык келишим түзүү жөнүндө чакырык‑сунушун, ошондой эле атайын мөөр тапшырган. Ошол эле жылдын аягында Ажы бий өзүнүн жана Кокондун беги (1751–1770) Эрдененин атынан Цин империясынын Кашкардагы башкаруучусу Чжао Хойго кат жазып, элчиликке Сары Күчүктү жиберген. Катында Цин императоруна эч кандай жамандык ниети жок экенин билдирген.
Ушул учурда Эрдене менен Ажы бийдин ортолорунда тарыхта «Ош жаңжалы» аталып калган окуя башталган. Оштун айланасындагы кыргыздар эгин сепкен жерлерди Кашкарга каттаган кербендер тебелетип жатканына байланыштуу Ажы бийдин буйругу менен 1762-жылы бир топ көпөс барымтага алынган. Ага жооп катары Эрдене бий Ошко жүрүш кылып, шаарды басып алган. Ажы бий да Кокондун өзүнө жортуул уюштуруп, ал ийгиликсиз аяктаган соң, кайра Алай тарапка чегинген. Мындан кийин Ажы бий Кашкарга өзү келип, Эрденеге каршы жардам сураган. Кашкардын наместниги Юнгуй Эрденеге шивэй (офицер) Томицитуну жиберип, эгер ал Оштон чыгып кетпесе, куралчан аскерин киргизе турганын эскерткен. Эрдене Оштон чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бирок Ажы бийди баш ийдирүү оюнан кайтпай, душмандыгын уланта берген. Ошол эле учурда Кыргызстандын түндүгүндөгү кыргыздардын кол башчысы Маматкул бийден Эрдене бийге каршы колдоо сурап, өзүнүн тууганы Арзыматты жиберген. Маматкул бий жардам кылуу ниетинде бугу уруусунун кол башчысы, черик жана саяк уруусунун бийи Темиржандын жигиттерин жортуулга даярдаган. Бирок, саясий кырдаал татаалдашып, Кытай аскери Түркстан тарапка баскынчылык чабуулга өтөт экен деген имиш тараган. Бул аймактагы кыргыздар биримдикке келе башташкандыктан, Эрдене бий Ош жана Өзгөндөн өз ыктыяры менен чыгып кеткен. 1764‑жылы жазында Эрдене бийдин Оро‑Төбөдөгү чатактарга алагды болгонунан пайдаланып, Ажы бий Коконго кайрадан жортуул уюштурган. Жортуул ийгиликсиз аяктап, кармашта жараат алган Ажы бий Эрдене бийге туткунга түшкөн, бир маалымат боюнча коё берилген, экинчиси боюнча даргага асылган.
Ад.: Кузнецов В. С. Цинская империя на рубежах Центральной Азии. Новосибирск, 1983.
Д. Сапаралиев, сүрөтчүсү Р. Исаков.