Difference between revisions of "АДЫШЕВА Тенти"
м (→top: категория кошуу) |

(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДЫШЕВА''' Тенти (1920-жыл, | '''АДЫШЕВА''' '''Тенти''' (1920-жыл, Ысык‑Көл облусу, Тоң району, Күн Чыгыш айылы – 19. 4. 1984-жыл, Фрунзе шаары) – акын, Кыргыз эл акыны (1980). Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн (1955), Кыргызстан ЛKCM Борбордук Комитетинин секретары (1937), Биринчи Май райондук аткаруу комитетинин председатели (1949–1951), Республикалык саясий жана илим‑билим боюнча комитеттин бөлүм башчысы, Авторлордун укугун коргоонун Бүткүл союздук башкармасынын Кыргызстандагы бөлүмүнүн башчысы (1956–1976) болуп эмгектенген. Адабият ишине 1947‑жылдан баштап киришкен. Алгачкы жыйнагы «Заманым» 1961‑жылы жарык көргөн. Чыгармаларында акын Ата Мекен, тууган жер, мезгил, өмүр сыяктуу темаларга кайрылып, өз учурундагы коомдук‑саясий турмуш окуяларына үн кошуп турган. Эски жана жаңы заманды, элдин турмушунда соңку мезгилде болуп жаткан [[File:АДЫШЕВА5.png | thumb|none]] | ||
өзгөрүүлөрдү көбүнчө | өзгөрүүлөрдү көбүнчө кыз‑келиндердин тагдырлары аркылуу чагылдырган. Акындын «Жарык дүйнө» (1965), «Таалай» (1972), «Ырлар жана поэмалар» (1979), «Ой толгоо» (1980), «Менин күнүм» (1983) аттуу китептерине, чыгармалар жыйнагынын бир томдугуна (1987) топтолгон ырларынын өзөк идеясы да ушундай. «Өткөн замандан бир элес», «Каптагайдын кызы», «Жаңылдын элеси», «Таалай», «Эстелик» жана башка поэмалардын дээрлик бардыгы аялдар темасына арналган. Аталган поэмалардын арасынан идеялык мазмуну жана көркөмдүк касиети жагынан «Жаңылдын элеси» айырмаланып турат. Чыгарма Жаңыл Мырза жөнүндөгү элдик аңыздын негизинде жазылган. «Кылы үзүлгөн комузум» эскермесинде Т. Адышеванын адабиятка жана көркөм чыгармачылыкка карата көз караштары, кыргыздын алгачкы муундагы акын‑жазуучуларынын, көркөм өнөр кызматкерлеринин жана илимпоздорунун, 1930–1960-жылдардагы интеллектуалдык маданий турмушунун калыптануу мезгили жөнүндө баяндалат. «Ардак Белгиси» ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган. | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:33, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АДЫШЕВА Тенти (1920-жыл, Ысык‑Көл облусу, Тоң району, Күн Чыгыш айылы – 19. 4. 1984-жыл, Фрунзе шаары) – акын, Кыргыз эл акыны (1980). Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн (1955), Кыргызстан ЛKCM Борбордук Комитетинин секретары (1937), Биринчи Май райондук аткаруу комитетинин председатели (1949–1951), Республикалык саясий жана илим‑билим боюнча комитеттин бөлүм башчысы, Авторлордун укугун коргоонун Бүткүл союздук башкармасынын Кыргызстандагы бөлүмүнүн башчысы (1956–1976) болуп эмгектенген. Адабият ишине 1947‑жылдан баштап киришкен. Алгачкы жыйнагы «Заманым» 1961‑жылы жарык көргөн. Чыгармаларында акын Ата Мекен, тууган жер, мезгил, өмүр сыяктуу темаларга кайрылып, өз учурундагы коомдук‑саясий турмуш окуяларына үн кошуп турган. Эски жана жаңы заманды, элдин турмушунда соңку мезгилде болуп жаткан
өзгөрүүлөрдү көбүнчө кыз‑келиндердин тагдырлары аркылуу чагылдырган. Акындын «Жарык дүйнө» (1965), «Таалай» (1972), «Ырлар жана поэмалар» (1979), «Ой толгоо» (1980), «Менин күнүм» (1983) аттуу китептерине, чыгармалар жыйнагынын бир томдугуна (1987) топтолгон ырларынын өзөк идеясы да ушундай. «Өткөн замандан бир элес», «Каптагайдын кызы», «Жаңылдын элеси», «Таалай», «Эстелик» жана башка поэмалардын дээрлик бардыгы аялдар темасына арналган. Аталган поэмалардын арасынан идеялык мазмуну жана көркөмдүк касиети жагынан «Жаңылдын элеси» айырмаланып турат. Чыгарма Жаңыл Мырза жөнүндөгү элдик аңыздын негизинде жазылган. «Кылы үзүлгөн комузум» эскермесинде Т. Адышеванын адабиятка жана көркөм чыгармачылыкка карата көз караштары, кыргыздын алгачкы муундагы акын‑жазуучуларынын, көркөм өнөр кызматкерлеринин жана илимпоздорунун, 1930–1960-жылдардагы интеллектуалдык маданий турмушунун калыптануу мезгили жөнүндө баяндалат. «Ардак Белгиси» ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган.