Difference between revisions of "АДЫЛ баатыр"
м (→top: категория кошуу) |

(2 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДЫЛ''' СУБАН уулу, Адыл баатыр (болжолу 1820, Ысык-Көл өрөөнү – 1871-жылдан кийин) – | '''АДЫЛ''' СУБАН уулу, Адыл баатыр (болжолу 1820, Ысык-Көл өрөөнү – 1871-жылдан кийин) – 19‑кылымдын орто чениндеги түндүк кыргыз урууларынын саясий чөйрөсүндөгү таасирдүү инсан; баатыр. Атасы Субан Ныязбек уулу атактуу «Ныязбектин сегиз бегинин» бири болгон. Адыл ''Ормон ханда'' аскер башчысы катары кызмат кылып, баатыр атка конгон. 1847‑жылы Кененсары Касым уулунун баскынчылык менен келген колуна каршы согушта көрсөткөн эрдиктери менен белгилүү болгон. 1855–59‑жылы бугу менен сарыбагыш урууларынын чабышына катышкан. Бугу уруусунун манаптарынын өтүнүчтөрү боюнча 1860-жылы жазында Батыш Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфорд генералдык штабдын капитаны М. Венюковдун жетекчилигинде атайын аскер экспедициясын уюштурган. Старшина Д. Шайтанов башкарган эки тоо замбирекчен жарым рота аткыч аскер жана 120 казак-орус отряды 10-майда Кастектен чыкса, бир тоо замбиреги менен куралданган хорунжий Жеребятьевдин кол алдындагы 75 казак-орус отряды Санташ аркылуу келип, Чоң Ак-Суу, Кичи Ак-Сууну тосуп калышкан. Ал жерден Адыл Субан уулу жана Ажы Ниязбек уулуна кат жазып, сүйлөшүү үчүн отрядына чакырган. Бирок алар жооп беришкен эмес. М. Венюков күч менен кармап келүүгө хорунжий Ельгиндин жетекчилигинде кырк солдатын Адылдын айылына жөнөтөт. Күнөөсүз адамдар бекер кырылбасын деген ой менен Адыл баатыр каршылык көрсөтпөй, колго түшкөн. Аны Верный чебине алып барып сурак кылып, бир нече убакыттан кийин кое беришкен. Адыл баатыр мындан кийин ''Жакыпбек Бадөөлөт'' менен кабарлашып жүрүп, Кашкар тарапка өтүп кетет. Айылына жашыруун келип-кетип жүргөнүн билип калган орус бийлиги, жолун тосуп туруп, кармап, кайрадан Верный чебине алып келишкен. Айрым оозеки маалыматтарга караганда сурактан бошогондон кийин жолдо бара жатып, көз жумган. Сөөгү Ат‑Башы өрөөнүнө (азыркы Ак-Жар айыл аймагы) коюлуп, күмбөз тургузулган. | ||
Ад.: Джамгерчинов Б. Очерки политической истории Киргизии 19-века. Фр., 1966; Адылов К. Адыл баатыр баяны. Б., 2020.
''Р. Жолдошов.''
| Ад.: Джамгерчинов Б. Очерки политической истории Киргизии 19-века. Фр., 1966; Адылов К. Адыл баатыр баяны. Б., 2020.
''Р. Жолдошов.''

[[Категория:1-Том]] |
08:33, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АДЫЛ СУБАН уулу, Адыл баатыр (болжолу 1820, Ысык-Көл өрөөнү – 1871-жылдан кийин) – 19‑кылымдын орто чениндеги түндүк кыргыз урууларынын саясий чөйрөсүндөгү таасирдүү инсан; баатыр. Атасы Субан Ныязбек уулу атактуу «Ныязбектин сегиз бегинин» бири болгон. Адыл Ормон ханда аскер башчысы катары кызмат кылып, баатыр атка конгон. 1847‑жылы Кененсары Касым уулунун баскынчылык менен келген колуна каршы согушта көрсөткөн эрдиктери менен белгилүү болгон. 1855–59‑жылы бугу менен сарыбагыш урууларынын чабышына катышкан. Бугу уруусунун манаптарынын өтүнүчтөрү боюнча 1860-жылы жазында Батыш Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфорд генералдык штабдын капитаны М. Венюковдун жетекчилигинде атайын аскер экспедициясын уюштурган. Старшина Д. Шайтанов башкарган эки тоо замбирекчен жарым рота аткыч аскер жана 120 казак-орус отряды 10-майда Кастектен чыкса, бир тоо замбиреги менен куралданган хорунжий Жеребятьевдин кол алдындагы 75 казак-орус отряды Санташ аркылуу келип, Чоң Ак-Суу, Кичи Ак-Сууну тосуп калышкан. Ал жерден Адыл Субан уулу жана Ажы Ниязбек уулуна кат жазып, сүйлөшүү үчүн отрядына чакырган. Бирок алар жооп беришкен эмес. М. Венюков күч менен кармап келүүгө хорунжий Ельгиндин жетекчилигинде кырк солдатын Адылдын айылына жөнөтөт. Күнөөсүз адамдар бекер кырылбасын деген ой менен Адыл баатыр каршылык көрсөтпөй, колго түшкөн. Аны Верный чебине алып барып сурак кылып, бир нече убакыттан кийин кое беришкен. Адыл баатыр мындан кийин Жакыпбек Бадөөлөт менен кабарлашып жүрүп, Кашкар тарапка өтүп кетет. Айылына жашыруун келип-кетип жүргөнүн билип калган орус бийлиги, жолун тосуп туруп, кармап, кайрадан Верный чебине алып келишкен. Айрым оозеки маалыматтарга караганда сурактан бошогондон кийин жолдо бара жатып, көз жумган. Сөөгү Ат‑Башы өрөөнүнө (азыркы Ак-Жар айыл аймагы) коюлуп, күмбөз тургузулган.
Ад.: Джамгерчинов Б. Очерки политической истории Киргизии 19-века. Фр., 1966; Адылов К. Адыл баатыр баяны. Б., 2020.
Р. Жолдошов.