Difference between revisions of "АДАТ УКУГУ"
м (→top: clean up, replaced: ж‑а → жана (6)) |
м (→top: категория кошуу) |

| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДАТ УКУГУ''' – адаттагы адеп нормаларынын <span cat='ж.кыск' oldv=' | '''АДАТ УКУГУ''' – адаттагы адеп нормаларынын жана жүрүш‑туруш эрежелеринин жыйындысы. Коомдун тарыхый өнүгүүсүнүн байыркы мезгилдеринде жаралып, коомдук ар кандай мамилелерди жөнгө салган жалпыга милдеттүү эрежелерине бириктирилип, бийликтин күч бирдигине айланган жана элдин эс‑тутумунда сакталып келген, оозеки түрүндө муундан муунга өткөн укуктун тарыхый түрлөрүнүн бири. Адат укугунун түпкүрүндө байыркы уруучулук коомдо пайда болгон адат эрежелери жатат. Бара‑бара бул эрежелер уруу жана аймактык тар чөйрөнүн чегинен чыгып, коомдук турмуштагы жалпылык мүнөзгө өткөн. Анын мындай даражага ээ болуусу жеке менчиктик ээлик укуктун жана мамлекеттүүлүктүн пайда болушуна тушташ келет. Уруучулук мезгилде пайда болгон эрежелер мамлекет тарабынан таанылып, алар юридикалык күчкө ээ болгон жана алардын саясий‑социалдык мүнөзү бекемделген. Башка элдердей эле кыргыз элинин турмушунда да Адат укугу маанилүү роль ойногон. Кыргыз адаты кыргыздардын элдүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө жана алардын тарыхта жок болуп кетишине жол бербеген күчтөрдүн бири катары саналат. Совет доорунда кыргыздардын Адат укугуна таптык мүнөздөмө берилип, бир беткей бааланып, анын жалпы адамзаттык нарк дөөлөтү, баалуу жактары айтылган эмес. Адат укугунун эрежелерин колдонууга Совет мезгилинин 1920–30‑жыылдарында биротоло тыюу салынган.
''К. Асаналиев.''

''К. Асаналиев.''
| [[Категория:1-Том]] | ||
08:25, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АДАТ УКУГУ – адаттагы адеп нормаларынын жана жүрүш‑туруш эрежелеринин жыйындысы. Коомдун тарыхый өнүгүүсүнүн байыркы мезгилдеринде жаралып, коомдук ар кандай мамилелерди жөнгө салган жалпыга милдеттүү эрежелерине бириктирилип, бийликтин күч бирдигине айланган жана элдин эс‑тутумунда сакталып келген, оозеки түрүндө муундан муунга өткөн укуктун тарыхый түрлөрүнүн бири. Адат укугунун түпкүрүндө байыркы уруучулук коомдо пайда болгон адат эрежелери жатат. Бара‑бара бул эрежелер уруу жана аймактык тар чөйрөнүн чегинен чыгып, коомдук турмуштагы жалпылык мүнөзгө өткөн. Анын мындай даражага ээ болуусу жеке менчиктик ээлик укуктун жана мамлекеттүүлүктүн пайда болушуна тушташ келет. Уруучулук мезгилде пайда болгон эрежелер мамлекет тарабынан таанылып, алар юридикалык күчкө ээ болгон жана алардын саясий‑социалдык мүнөзү бекемделген. Башка элдердей эле кыргыз элинин турмушунда да Адат укугу маанилүү роль ойногон. Кыргыз адаты кыргыздардын элдүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө жана алардын тарыхта жок болуп кетишине жол бербеген күчтөрдүн бири катары саналат. Совет доорунда кыргыздардын Адат укугуна таптык мүнөздөмө берилип, бир беткей бааланып, анын жалпы адамзаттык нарк дөөлөтү, баалуу жактары айтылган эмес. Адат укугунун эрежелерин колдонууга Совет мезгилинин 1920–30‑жыылдарында биротоло тыюу салынган.
К. Асаналиев.