Difference between revisions of "АДАПТАЦИЯ"
м (→top: категория кошуу) |
|||
(5 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДАПТАЦИЯ''' (лат. adaptatio – ыңгайлануу), б и о л о г и я д а – белгилүү бир биологиялык түрдүн морфофизиологиялык, жүрүш‑туруштук, популяциялык ж. б. өзгөчөлүктөрүнүн чөйрө шартына ыңгайланышы. Түрдүн особдорунун жашоосунун бардык тепкичтеринде Адаптация калыптана берет. Адаптация жашоо шартынын ар кандай өзгөрүүсүндө организмдин тирүү калышын камсыз кылат. Жалпы жанa жеке Адаптация болуп экиге бөлүнөт. Адаптациянын эволюциялык өөрчүп‑өнүгүү механизмдери – биологиянын бирден бир борбордук проблемасы. Адаптация тукум куугучтуктун негизинде онтогенездик өзгөрүүлөрдүн, узак убакыт тандалуунун жанa мутациянын натыйжасында ишке ашат да, организмдин клеткалары <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> ткандарынын кээ бир тиричилик аракеттери өзгөрүлүп, чыдамдуулугу арта баштайт. Тиричиликтин тарыхый өсүү жолунда организмдин начар клеткалары жоголуп, күчтүүлөрү өөрчүп, чөйрөгө жараша табигый өзгөрүүлөрдүн натыйжасында Адаптация пайда болот. Жаныбардын, өсүмдүктөрдүн органдары <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> клеткаларынын түзүлүшүндө жанa функциясында жашоо шартына ылайык өзгөрүүлөр дайыма болуп турат. Мисалы, Адаптациянын натыйжасында жарганаттын алдынкы буттары учууга, момолойдун алдынкы буттары кыска келип жер казууга, маймыл, тыйын чычкандардын дене түзүлүшү, колу‑буттары даракка чыгууга, бутактан бутакка секирип жүрүүгө ыңгайланган. Сууда жашоочу сүт эмүүчүлөрдөн киттин буттары сүзгүч канатка айланган. Белгилүү өсүү шарттарга жараша өзгөрүүлөр өсүмдүккө да мүнөздүү. Көп өсүмдүктөрдүн гүлү курт‑кумурска жанa канаттуулардын кээ бир түрлөрү аркылуу чаңдашууга ыңгайланган. Туздуу, кумдуу, чополуу, таштуу жерлерде өскөн өсүмдүктө ар кандай морфологиялык, физиологиялык, анатомиялык <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> биохимиялык өзгөрүүлөр болот. 19‑кылымдын 2‑жарымында Ч''. Дарвин'' эволюциялык теорияны ачкандан баштап, Адаптация организмдеги туруктуу процесс болбостон, органикалык эволюциянын үч фактору – ''өзгөргүчтүк, тукум куугучтук'' <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> ''табигый тандалуунун'' натыйжасында пайда болуп өнүккөн процесс катары каралат. | |||
Ад.: ''Жученко'' А. А. Адаптивный потенциал культурных растений. Кишинев, Штиинца, 1988; Актуальные проблемы биологической науки, М., 1984. | |||
[[Категория:1-Том]] |
08:25, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АДАПТАЦИЯ (лат. adaptatio – ыңгайлануу), б и о л о г и я д а – белгилүү бир биологиялык түрдүн морфофизиологиялык, жүрүш‑туруштук, популяциялык ж. б. өзгөчөлүктөрүнүн чөйрө шартына ыңгайланышы. Түрдүн особдорунун жашоосунун бардык тепкичтеринде Адаптация калыптана берет. Адаптация жашоо шартынын ар кандай өзгөрүүсүндө организмдин тирүү калышын камсыз кылат. Жалпы жанa жеке Адаптация болуп экиге бөлүнөт. Адаптациянын эволюциялык өөрчүп‑өнүгүү механизмдери – биологиянын бирден бир борбордук проблемасы. Адаптация тукум куугучтуктун негизинде онтогенездик өзгөрүүлөрдүн, узак убакыт тандалуунун жанa мутациянын натыйжасында ишке ашат да, организмдин клеткалары менен ткандарынын кээ бир тиричилик аракеттери өзгөрүлүп, чыдамдуулугу арта баштайт. Тиричиликтин тарыхый өсүү жолунда организмдин начар клеткалары жоголуп, күчтүүлөрү өөрчүп, чөйрөгө жараша табигый өзгөрүүлөрдүн натыйжасында Адаптация пайда болот. Жаныбардын, өсүмдүктөрдүн органдары менен клеткаларынын түзүлүшүндө жанa функциясында жашоо шартына ылайык өзгөрүүлөр дайыма болуп турат. Мисалы, Адаптациянын натыйжасында жарганаттын алдынкы буттары учууга, момолойдун алдынкы буттары кыска келип жер казууга, маймыл, тыйын чычкандардын дене түзүлүшү, колу‑буттары даракка чыгууга, бутактан бутакка секирип жүрүүгө ыңгайланган. Сууда жашоочу сүт эмүүчүлөрдөн киттин буттары сүзгүч канатка айланган. Белгилүү өсүү шарттарга жараша өзгөрүүлөр өсүмдүккө да мүнөздүү. Көп өсүмдүктөрдүн гүлү курт‑кумурска жанa канаттуулардын кээ бир түрлөрү аркылуу чаңдашууга ыңгайланган. Туздуу, кумдуу, чополуу, таштуу жерлерде өскөн өсүмдүктө ар кандай морфологиялык, физиологиялык, анатомиялык жана биохимиялык өзгөрүүлөр болот. 19‑кылымдын 2‑жарымында Ч. Дарвин эволюциялык теорияны ачкандан баштап, Адаптация организмдеги туруктуу процесс болбостон, органикалык эволюциянын үч фактору – өзгөргүчтүк, тукум куугучтук жана табигый тандалуунун натыйжасында пайда болуп өнүккөн процесс катары каралат.
Ад.: Жученко А. А. Адаптивный потенциал культурных растений. Кишинев, Штиинца, 1988; Актуальные проблемы биологической науки, М., 1984.