Difference between revisions of "АДАМКАЛЫЙ Байбатыров"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АДАМКАЛЫЙ''' Байбатыров (1895, Чүй облусу., Кант району, Ат‑Башы айылы – 1953, Фрунзе шаары) – белгилүү кыргыз өнөрпозу, туңгуч куурчак оюнчу­су, темир комузчу, имитатор (тууроочу), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1941). Адамкалый Байбатыров  1925‑30­-жылдары  айылдык советтин төрагасы, 1931‑жылы Кыргыз мамлекеттик театрынын артисти, 1937‑жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын солисти болуп иште­ген. Жаш кезинде орус байларында малай жүрүп, балалайка менен кыякты үйрөнгөн. Ал чебер комузчу, ооз комуздун мыкты устаты болгон. Октябрь революциясына чейин эле (1912)  куурчак оюнун көр­сөтө баштаган. 1918‑21‑жылдары Кызыл Армиянын ка­тарында кызмат өтөп, кайтып келгенден кийин (1921‑25) Чүй, Ысык‑Көл, Нарын өрөөндөрүндө «Куурчак катын Куртунай», «Теке сүзгөн келин», «Жарын тапты» сыяктуу кыска куурчак спек­таклдерин көрсөткөн. Ал чебер темир комузчу катарында «Күйгөн», «Күңөтай», «Кыздар ай» ат­туу обондорду, «Тагылдыр тоо», «Турумтай», «Булбул», «Карача‑торгой», «Көк музоо», «Чоор күүсү», «Арман күү» деген күүлөрдү аткарган. Ал 1939-жылы  туңгуч темир комузчулар ансамблин түзгөн.

'''АДАМКАЛЫЙ''' '''Байбатыров''' (1895, Чүй облусу, Кант району, Ат‑Башы айылы – 1953, Фрунзе шаары) – белгилүү кыргыз өнөрпозу, туңгуч куурчак оюнчу­су, темир комузчу, имитатор (тууроочу), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1941). Адамкалый Байбатыров  1925‑30­-жылдары  айылдык советтин төрагасы, 1931‑жылы Кыргыз мамлекеттик театрынын артисти, 1937‑жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын солисти болуп иште­ген. Жаш кезинде орус байларында малай жүрүп, балалайка менен кыякты үйрөнгөн. Ал чебер комузчу, ооз комуздун мыкты устаты болгон. Октябрь революциясына чейин эле (1912)  куурчак оюнун көр­сөтө баштаган. 1918‑21‑жылдары Кызыл Армиянын ка­тарында кызмат өтөп, кайтып келгенден кийин (1921‑25) Чүй, Ысык‑Көл, Нарын өрөөндөрүндө «Куурчак катын Куртунай», «Теке сүзгөн келин», «Жарын тапты» сыяктуу кыска куурчак спек­таклдерин көрсөткөн. Ал чебер темир комузчу катарында «Күйгөн», «Күңөтай», «Кыздар ай» ат­туу обондорду, «Тагылдыр тоо», «Турумтай», «Булбул», «Карача‑торгой», «Көк музоо», «Чоор күүсү», «Арман күү» деген күүлөрдү аткарган. Ал 1939-жылы  туңгуч темир комузчулар ансамблин түзгөн.

Ад.: ''Кумүшалиев К., Алагушов Б.'' Адамкалый. «Ала­-Тоо». 1969, № 11.

Ад.: ''Кумүшалиев К., Алагушов Б.'' Адамкалый. «Ала­-Тоо». 1969, № 11.

[[Категория:1-Том]]

08:25, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АДАМКАЛЫЙ Байбатыров (1895, Чүй облусу, Кант району, Ат‑Башы айылы – 1953, Фрунзе шаары) – белгилүү кыргыз өнөрпозу, туңгуч куурчак оюнчу­су, темир комузчу, имитатор (тууроочу), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1941). Адамкалый Байбатыров 1925‑30­-жылдары айылдык советтин төрагасы, 1931‑жылы Кыргыз мамлекеттик театрынын артисти, 1937‑жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын солисти болуп иште­ген. Жаш кезинде орус байларында малай жүрүп, балалайка менен кыякты үйрөнгөн. Ал чебер комузчу, ооз комуздун мыкты устаты болгон. Октябрь революциясына чейин эле (1912) куурчак оюнун көр­сөтө баштаган. 1918‑21‑жылдары Кызыл Армиянын ка­тарында кызмат өтөп, кайтып келгенден кийин (1921‑25) Чүй, Ысык‑Көл, Нарын өрөөндөрүндө «Куурчак катын Куртунай», «Теке сүзгөн келин», «Жарын тапты» сыяктуу кыска куурчак спек­таклдерин көрсөткөн. Ал чебер темир комузчу катарында «Күйгөн», «Күңөтай», «Кыздар ай» ат­туу обондорду, «Тагылдыр тоо», «Турумтай», «Булбул», «Карача‑торгой», «Көк музоо», «Чоор күүсү», «Арман күү» деген күүлөрдү аткарган. Ал 1939-жылы туңгуч темир комузчулар ансамблин түзгөн.

Ад.: Кумүшалиев К., Алагушов Б. Адамкалый. «Ала­-Тоо». 1969, № 11.