Difference between revisions of "АДАМ ЭКОЛОГИЯСЫ"
м (→top: категория кошуу) |

(5 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДАМ ЭКОЛОГИЯСЫ,''' антропоэкология – адамдын көп компоненттүү, дайыма татаалдашып турган динамикалуу жашоо чөйрөсү менен өз ара карым‑катнашын комплекстүү изилдөөчү илим; социалдык экологиянын бир бөлүгү. Анын негизги максаты адамдын иш‑аракетинин натыйжасы менен өндүрүштүк‑экономикалык, атайын өздөштүрүүнүн жанa табигый ландшафттын өзгөрүүсүнүн закон ченемдүүлүктөрүн ачып көрсөтүү, анын зыяндуу кесепеттерин алдын алуу менен болтурбоо чараларын көрүү. Терминди америкалык окумуштуулар Р. Парк ж‑a Э. Бюргесс киргизген (1921). Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун баалоосу боюнча адам оорусунун төрттөн үч бөлүгү курчап турган чөйрөнүн экологиялык бузулушу менен байланыштуу. Айлана‑чөйрөгө түрдүү антропогендик уулуу заттардын ашыкча топтолушунан ар кандай оорулар пайда болот. Мисалы, Японияда «Минамата» (сымаптын кошулмаларынын көбөйүшү), «Итай‑Итай» (кадмийдин көбөйүшү), чернобыль оорусу (радиоизотоп йод 131) ж. б. Курчап турган өнөр жайлуу борборлордун калкы өзгөчө жапа чегүүдө. Кийинки кездери шаар тургундарынын арасында онкология оорулары көбөйүүдө. Ал чөйрөнүн булганышы, социалдык-экономикалык факторлор (алкоголь, гормондук бузулуу, тамак‑аштын начарлашы ж. б.) менен байланыштуу, к. ''Экология.''

Ад.: ''Акимова Т. А., Хаскин В. В.'' Экология. М., 1998; ''Данилов‑Данильян В. И., Лосев Н. С.'' Экологический вызов и устойчивое развитие. М., 2000; ''Алдашева'' А А и др. Экологическое сознание. М., 2001.
''Т. Ниязов.''

[[Категория:1-Том]] |
08:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АДАМ ЭКОЛОГИЯСЫ, антропоэкология – адамдын көп компоненттүү, дайыма татаалдашып турган динамикалуу жашоо чөйрөсү менен өз ара карым‑катнашын комплекстүү изилдөөчү илим; социалдык экологиянын бир бөлүгү. Анын негизги максаты адамдын иш‑аракетинин натыйжасы менен өндүрүштүк‑экономикалык, атайын өздөштүрүүнүн жанa табигый ландшафттын өзгөрүүсүнүн закон ченемдүүлүктөрүн ачып көрсөтүү, анын зыяндуу кесепеттерин алдын алуу менен болтурбоо чараларын көрүү. Терминди америкалык окумуштуулар Р. Парк ж‑a Э. Бюргесс киргизген (1921). Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун баалоосу боюнча адам оорусунун төрттөн үч бөлүгү курчап турган чөйрөнүн экологиялык бузулушу менен байланыштуу. Айлана‑чөйрөгө түрдүү антропогендик уулуу заттардын ашыкча топтолушунан ар кандай оорулар пайда болот. Мисалы, Японияда «Минамата» (сымаптын кошулмаларынын көбөйүшү), «Итай‑Итай» (кадмийдин көбөйүшү), чернобыль оорусу (радиоизотоп йод 131) ж. б. Курчап турган өнөр жайлуу борборлордун калкы өзгөчө жапа чегүүдө. Кийинки кездери шаар тургундарынын арасында онкология оорулары көбөйүүдө. Ал чөйрөнүн булганышы, социалдык-экономикалык факторлор (алкоголь, гормондук бузулуу, тамак‑аштын начарлашы ж. б.) менен байланыштуу, к. Экология.
Ад.: Акимова Т. А., Хаскин В. В. Экология. М., 1998; Данилов‑Данильян В. И., Лосев Н. С. Экологический вызов и устойчивое развитие. М., 2000; Алдашева А А и др. Экологическое сознание. М., 2001.
Т. Ниязов.