Difference between revisions of "АДАБИЯТ ТЕКТЕРИ"
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен, ж-а → жана (4)) |
м (→top: категория кошуу) |

(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДАБИЯТ ТЕКТЕРИ''' | '''АДАБИЯТ ТЕКТЕРИ''' – адабий чыгармаларды системага салуу жана топ-топко ажыратуу принциби. Көркөм адабият ''эпос, лирика, драма'' деген тектерге бөлүнөт. Бул көркөм адабияттын узакка созулган тарыхый өнүгүшүнүн натыйжасында келип чыккан. Көркөм чыгармачылыктын тектери байыркы замандан бери бири-биринен ажырабаган мүнөздө болуп, коомдук турмуштун татаалданышынан улам ич-ара жиктеле баштаган. Көркөм адабияттагы мындай жиктелүүнү алгач илимий термин менен Аристотель атаган. Адабий чыгармалар реалдуу дүйнөнү чагылдыруу ыгына жараша тектерге бөлүнөт. ''Эпос ''турмуш көрүнүштөрүн, окуяларды автор тарабынан сүрөттөө баяндоо аркылуу чагылдырууга умтулат. ''Драмада ''окуялар каармандын кыймыл-аракети жана өз-ара сүйлөшүүсү аркылуу берилет. ''Лирикада ''адамдын ички сезимдери туюнтулат. Ушуга жараша лирикада монолог, драмада диалог, эпосто монолог-диалог жана алардан башка окуялардын жүрүшүн баяндоо, портреттик жана пейзаждык мүнөздөмөлөр басымдуулук кылат. Бирок адабият тектери бири-биринен ажырап турган көрүнүштөр эмес, алардын бирине тиешелүүсү экинчисине оошуп өтө берет. Анын үстүнө адабий чыгармалардын тектерге бөлүнүшү дайыма шарттуу мүнөзгө ээ. | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:24, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АДАБИЯТ ТЕКТЕРИ – адабий чыгармаларды системага салуу жана топ-топко ажыратуу принциби. Көркөм адабият эпос, лирика, драма деген тектерге бөлүнөт. Бул көркөм адабияттын узакка созулган тарыхый өнүгүшүнүн натыйжасында келип чыккан. Көркөм чыгармачылыктын тектери байыркы замандан бери бири-биринен ажырабаган мүнөздө болуп, коомдук турмуштун татаалданышынан улам ич-ара жиктеле баштаган. Көркөм адабияттагы мындай жиктелүүнү алгач илимий термин менен Аристотель атаган. Адабий чыгармалар реалдуу дүйнөнү чагылдыруу ыгына жараша тектерге бөлүнөт. Эпос турмуш көрүнүштөрүн, окуяларды автор тарабынан сүрөттөө баяндоо аркылуу чагылдырууга умтулат. Драмада окуялар каармандын кыймыл-аракети жана өз-ара сүйлөшүүсү аркылуу берилет. Лирикада адамдын ички сезимдери туюнтулат. Ушуга жараша лирикада монолог, драмада диалог, эпосто монолог-диалог жана алардан башка окуялардын жүрүшүн баяндоо, портреттик жана пейзаждык мүнөздөмөлөр басымдуулук кылат. Бирок адабият тектери бири-биринен ажырап турган көрүнүштөр эмес, алардын бирине тиешелүүсү экинчисине оошуп өтө берет. Анын үстүнө адабий чыгармалардын тектерге бөлүнүшү дайыма шарттуу мүнөзгө ээ.