Difference between revisions of "АДАБИЯТ"
v1e2_72-116>Kadyrm |
м (→top: категория кошуу) |

(7 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДАБИЯТ''' (араб тилинен ‒ асыл сөз) ‒ басмадан басылып чыккан коомдук мааниси бар чыгармалардын жалпы аты. Саясий адабият, тарыхый адабият, техникалык адабият, илимий адабият, медициналык адабият сыяктуу кеӊири мааниде айтылат. Тар маанисин алганда, адабият деп көркөм адабиятты түшүнөбүз. Көркөм адабият ‒ искусствонун бир тармагы, сөз өнөрүнүн жазма түрүндө өнүккөн формасы. Ал көркөм сөз өнөрү катары элдин оозеки чыгармаларында пайда болуп, бийик деӊгээлге көтөрүлгөн, жазма-чийме жана китеп басуу чыккандан кийин азыркы калыбында өнүгө баштаган. Ал коомдук аӊ-сезимдин башка формаларынан (философия, илим, мораль, укук, саясат жана башка) образдуу табияты, коомдук аӊ-сезимдин жалпы системасынан ээлеген орду, аткарган милдети менен айырмаланат. Көркөм адабият объективдүү дүйнөнү өз алдынча аӊдап билет: тигил же бул коомдук жана турмуштук көрүнүштөрдүн негизги өнүгүү багыттарын элестүү формада чагылтат, аларды тарыхый келечеги менен кошо карайт; адамдардын эстетикалык, рухий жана идеялык-тарбиялык жактан текши өнүгүшүн шарттайт; коомдук жана турмуштук көрүнүштөргө өз доорунун, саясий-идеологиялык, философиялык-нравалык, эстетика-этикалык принциптери менен идеалдарынын бийиктигинен туруп өкүм чыгарат, башкача айтканда, прогрессчил көрүнүштөрдү жактайт, терс көрүнүштөрдү ашкерелейт. Ал коомдук аӊ-сезимдин бир формасы болгондуктан, анын өсүп-өнүгүшү, бир формадан экинчи формага өтүшү коомдук-экономикалык формациялардын алмашуу мыйзам ченемдүүлүктөрү менен байланышта жүрөт. Мисалы, жазма-чийме пайда болуп, адабият жаралганга чейин, фольклордук (элдик оозеки) чыгармалар түзүлөт. Бардык эле элдер рухий өнүгүү тарыхында ушул жолду басып өткөн. Алсак, Октябрь революциясына чейин кыргыз элинин көркөм сөз өнөрү фольклор түрүндө жашаган. Фольклордук чыгармалардын турмушту көркөм чагылтуу принциптери менен жазма профессионал адабияттын эстетикалык принциптеринин ортосунда байланыш, окшоштук менен бирге сапаттык айырмачылыктар болот. Жазма-чийме чыккандан кийин профессионал адабият түзүлөт. Көркөм адабият өзүнүн тарыхый өнүгүү процессинде классицизм, сентиментализм, романтизм, сынчыл реализм өӊдүү түрдүү көркөм методдордун баскычтарынан өттү. Дүйнөлүк көркөм өнүгүштө реализм У. Шекспирдин трагедияларында, 19-кылымдагы француз адабиятында О. Бальзактын, М. Стендалдын, орус адабиятында А. С. Пушкиндин, Ф. М. Достоевскийдин, Л. Толстойдун чыгармаларында өзүнүн классикалык бийиктигине көтөрүлгөн. Улуу жазуучулар М. Горький менен В. Маяковский, М. Шолохов, К. Федин, Л. Леонов, А. Твардовский, А. Фадеев, М. Ауэзов, А. Упит, М. Рыльский жана башкалардын классикалык чыгармалары анын өсүү этабын белгиледи. А. ''Осмонов'', А. ''Токомбаев'', Т. ''Сыдыкбеков'', Ч. ''Айтматов ''жана башкалардын белгилүү чыгармалары кыргыз адабиятындагы ийгиликтердин күбөсү болду. Адабиятты ''адабият таануу ''изилдейт. | |||
Ад.: ''Садыков'' А. Адабият теориясы. Б., 2002; ''Горький'' М. О литературе. М., 1953. ''А. Садыков.'' | Ад.: ''Садыков'' А. Адабият теориясы. Б., 2002; ''Горький'' М. О литературе. М., 1953. ''А. Садыков.'' | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:23, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АДАБИЯТ (араб тилинен ‒ асыл сөз) ‒ басмадан басылып чыккан коомдук мааниси бар чыгармалардын жалпы аты. Саясий адабият, тарыхый адабият, техникалык адабият, илимий адабият, медициналык адабият сыяктуу кеӊири мааниде айтылат. Тар маанисин алганда, адабият деп көркөм адабиятты түшүнөбүз. Көркөм адабият ‒ искусствонун бир тармагы, сөз өнөрүнүн жазма түрүндө өнүккөн формасы. Ал көркөм сөз өнөрү катары элдин оозеки чыгармаларында пайда болуп, бийик деӊгээлге көтөрүлгөн, жазма-чийме жана китеп басуу чыккандан кийин азыркы калыбында өнүгө баштаган. Ал коомдук аӊ-сезимдин башка формаларынан (философия, илим, мораль, укук, саясат жана башка) образдуу табияты, коомдук аӊ-сезимдин жалпы системасынан ээлеген орду, аткарган милдети менен айырмаланат. Көркөм адабият объективдүү дүйнөнү өз алдынча аӊдап билет: тигил же бул коомдук жана турмуштук көрүнүштөрдүн негизги өнүгүү багыттарын элестүү формада чагылтат, аларды тарыхый келечеги менен кошо карайт; адамдардын эстетикалык, рухий жана идеялык-тарбиялык жактан текши өнүгүшүн шарттайт; коомдук жана турмуштук көрүнүштөргө өз доорунун, саясий-идеологиялык, философиялык-нравалык, эстетика-этикалык принциптери менен идеалдарынын бийиктигинен туруп өкүм чыгарат, башкача айтканда, прогрессчил көрүнүштөрдү жактайт, терс көрүнүштөрдү ашкерелейт. Ал коомдук аӊ-сезимдин бир формасы болгондуктан, анын өсүп-өнүгүшү, бир формадан экинчи формага өтүшү коомдук-экономикалык формациялардын алмашуу мыйзам ченемдүүлүктөрү менен байланышта жүрөт. Мисалы, жазма-чийме пайда болуп, адабият жаралганга чейин, фольклордук (элдик оозеки) чыгармалар түзүлөт. Бардык эле элдер рухий өнүгүү тарыхында ушул жолду басып өткөн. Алсак, Октябрь революциясына чейин кыргыз элинин көркөм сөз өнөрү фольклор түрүндө жашаган. Фольклордук чыгармалардын турмушту көркөм чагылтуу принциптери менен жазма профессионал адабияттын эстетикалык принциптеринин ортосунда байланыш, окшоштук менен бирге сапаттык айырмачылыктар болот. Жазма-чийме чыккандан кийин профессионал адабият түзүлөт. Көркөм адабият өзүнүн тарыхый өнүгүү процессинде классицизм, сентиментализм, романтизм, сынчыл реализм өӊдүү түрдүү көркөм методдордун баскычтарынан өттү. Дүйнөлүк көркөм өнүгүштө реализм У. Шекспирдин трагедияларында, 19-кылымдагы француз адабиятында О. Бальзактын, М. Стендалдын, орус адабиятында А. С. Пушкиндин, Ф. М. Достоевскийдин, Л. Толстойдун чыгармаларында өзүнүн классикалык бийиктигине көтөрүлгөн. Улуу жазуучулар М. Горький менен В. Маяковский, М. Шолохов, К. Федин, Л. Леонов, А. Твардовский, А. Фадеев, М. Ауэзов, А. Упит, М. Рыльский жана башкалардын классикалык чыгармалары анын өсүү этабын белгиледи. А. Осмонов, А. Токомбаев, Т. Сыдыкбеков, Ч. Айтматов жана башкалардын белгилүү чыгармалары кыргыз адабиятындагы ийгиликтердин күбөсү болду. Адабиятты адабият таануу изилдейт.
Ад.: Садыков А. Адабият теориясы. Б., 2002; Горький М. О литературе. М., 1953. А. Садыков.