Difference between revisions of "АДАБИЙ СЫЙЛЫКТАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(5 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АДАБИЙ СЫЙЛЫКТАР''' ‒ адабий турмушта көрүнүктүү роль ойногон көркөм чыгармалар үчүн берилүүчү сыйлыктар. А. с. мамл., коомдук-ил., чыгармачыл уюмдар, басылмалар ж-а гезит-журналдардын редакциялары тарабынан белгиленет. Аны ыйгаруу ишин талапкерлерди коомчулуктун кеӊири талкуусунун негизинде компотенттүү кишилерден турган калыстар тобу же атайын комитет чечет. 1925-ж. илим, техника, ад-т ж-а иск-вонун көрүнүктүү чыгармалары үчүн В. И. Ленин атн. сыйл. белгиленген. 1939-ж. СССР Эл Комиссарлар Советинин токтому м-н СССР мамл. сыйл. негизделген. Ал 1954-жылга чейин Сталиндик сыйл. деп аталып, 1941-жылдан 1952-ж. чейин түрдүү тармактагы (көркөм ад-т ж-а анын тарыхы б-ча да) эмгектер үчүн жыл сайын ыйгарылып келген. 1956-ж. КПСС БК м-н СССР Министрлер Совети Лениндик сыйлыкты кайра калыбына келтирүү ж-дө чечим кабыл алган. Ал 1967-ж. чейин ар жылы, кийин эки жылда бир жолу, ал эми СССР мамл. сыйл. жылына ыйгарылган. Чет өлкөлөрдөгү А. с-дын белгилүүсү Швеция Королчулугунун академиясы жылына бере турган ''Нобель атн. сыйлык'' ж. б. Кырг-нда ад-т ж-а иск-во б-ча Токтогул атн. мамл. сыйл. (1965), респ-нын Кыргызстан Ленин комсомолу сыйл. (1967), К. Тыныстанов атн. мамл. сыйл. (1991) негизделген. 1986-ж. Кыргызстан ЖС тарабынан А. Осмонов атн. адабий сыйл. уюштурулган.
'''АДАБИЙ СЫЙЛЫКТАР''' ‒ адабий турмушта көрүнүктүү роль ойногон көркөм чыгармалар үчүн берилүүчү сыйлыктар. Адабий сыйлыктар мамлекеттик, коомдук-илимий, чыгармачыл уюмдар, басылмалар жана гезит-журналдардын редакциялары тарабынан белгиленет. Аны ыйгаруу ишин талапкерлерди коомчулуктун кеӊири талкуусунун негизинде компотенттүү кишилерден турган калыстар тобу же атайын комитет чечет. 1925-жылы илим, техника, адабият жана искусствонун көрүнүктүү чыгармалары үчүн В. И. Ленин атындагы сыйлыгы белгиленген. 1939-жылы СССР Эл Комиссарлар Советинин токтому менен СССР мамлекеттик сыйлыгы негизделген. Ал 1954-жылга чейин Сталиндик сыйлык деп аталып, 1941-жылдан 1952-жылга чейин түрдүү тармактагы (көркөм адабият жана анын тарыхы боюнча да) эмгектер үчүн жыл сайын ыйгарылып келген. 1956-жылы КПСС Борбордук Комитети менен СССР Министрлер Совети Лениндик сыйлыкты кайра калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алган. Ал 1967-жылга чейин ар жылы, кийин эки жылда бир жолу, ал эми СССР мамлекеттик сыйлыгы жылына ыйгарылган. Чет өлкөлөрдөгү адабий сыйлыктардын белгилүүсү Швеция Королчулугунун академиясы жылына бере турган ''Нобель атындагы сыйлык'' жана башка.  Кыргызстанда адабият жана искусство боюнча Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы (1965), республиканын Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы (1967), К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыгы (1991) негизделген. 1986-жылы Кыргызстан Жазуучулар Союзу тарабынан А. Осмонов атындагы адабий сыйлык уюштурулган.
[[Категория:1-Том]]

08:23, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АДАБИЙ СЫЙЛЫКТАР ‒ адабий турмушта көрүнүктүү роль ойногон көркөм чыгармалар үчүн берилүүчү сыйлыктар. Адабий сыйлыктар мамлекеттик, коомдук-илимий, чыгармачыл уюмдар, басылмалар жана гезит-журналдардын редакциялары тарабынан белгиленет. Аны ыйгаруу ишин талапкерлерди коомчулуктун кеӊири талкуусунун негизинде компотенттүү кишилерден турган калыстар тобу же атайын комитет чечет. 1925-жылы илим, техника, адабият жана искусствонун көрүнүктүү чыгармалары үчүн В. И. Ленин атындагы сыйлыгы белгиленген. 1939-жылы СССР Эл Комиссарлар Советинин токтому менен СССР мамлекеттик сыйлыгы негизделген. Ал 1954-жылга чейин Сталиндик сыйлык деп аталып, 1941-жылдан 1952-жылга чейин түрдүү тармактагы (көркөм адабият жана анын тарыхы боюнча да) эмгектер үчүн жыл сайын ыйгарылып келген. 1956-жылы КПСС Борбордук Комитети менен СССР Министрлер Совети Лениндик сыйлыкты кайра калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алган. Ал 1967-жылга чейин ар жылы, кийин эки жылда бир жолу, ал эми СССР мамлекеттик сыйлыгы жылына ыйгарылган. Чет өлкөлөрдөгү адабий сыйлыктардын белгилүүсү Швеция Королчулугунун академиясы жылына бере турган Нобель атындагы сыйлык жана башка. Кыргызстанда адабият жана искусство боюнча Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы (1965), республиканын Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы (1967), К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыгы (1991) негизделген. 1986-жылы Кыргызстан Жазуучулар Союзу тарабынан А. Осмонов атындагы адабий сыйлык уюштурулган.