Difference between revisions of "АГОНИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
v1e2_72-116>Kadyrm
 
м (→‎top: категория кошуу)
 
(8 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(гр. agonia ‒ жанталашуу, күрөш) ‒ адам м-н жаныбарлардын өлөр (үзүлөр) алдындагы абалы. А. ‒ клиникалык учур, эгер жардам көрүлбөсө биол. өлүм м-н бүтөт. Мында дем алуу начарлайт, кыркырак пайда болуп, акыл-эстен танат, сезүү органдарынын иши төмөндөйт, жүрөктүн кагышы солгундайт, өӊү кубарат, териси, эрини көгөрөт. А. бир нече секундадан 1‒2 саатка чейин созулат. А-нын алдында тамырдын кагышы бир калыпта болбой, айрым учурда кан басымы жогорулайт. Андан кийин жүрөктүн кагуу ыргагы жоголуп, кан басымы нөлгө чейин түшөт, эрксиз заарасы, заӊы чыгып кетет. Дем алуу ж-а кан айлануу токтоп, клиникалык өлүм башталат. А. абалынан айрым учурда, мис., кан көп жоготкондо, эстен танганда, ''асфиксияда'' өз убагында мед. жардам көрсөтүлсө, адам өмүрүн сактап калуу мүмкүн.
'''АГОНИЯ''' (гр. agonia ‒ жанталашуу, күрөш) ‒ адам <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> жаныбарлардын өлөр (үзүлөр) алдындагы абалы. Агония ‒ клиникалык учур, эгер жардам көрүлбөсө биологиялык өлүм <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> бүтөт. Мында дем алуу начарлайт, кыркырак пайда болуп, акыл-эстен танат, сезүү органдарынын иши төмөндөйт, жүрөктүн кагышы солгундайт, өӊү кубарат, териси, эрини көгөрөт. Агония  бир нече секундадан 1‒2 саатка чейин созулат. Агониянын алдында тамырдын кагышы бир калыпта болбой, айрым учурда кан басымы жогорулайт. Андан кийин жүрөктүн кагуу ыргагы жоголуп, кан басымы нөлгө чейин түшөт, эрксиз заарасы, заӊы чыгып кетет. Дем алуу <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> кан айлануу токтоп, клиникалык өлүм башталат. Агония абалынан айрым учурда, мисалы, кан көп жоготкондо, эстен танганда, ''асфиксияда'' өз убагында медициналык  жардам көрсөтүлсө, адам өмүрүн сактап калуу мүмкүн.
[[Категория:1-Том]]

08:21, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АГОНИЯ (гр. agonia ‒ жанталашуу, күрөш) ‒ адам менен жаныбарлардын өлөр (үзүлөр) алдындагы абалы. Агония ‒ клиникалык учур, эгер жардам көрүлбөсө биологиялык өлүм менен бүтөт. Мында дем алуу начарлайт, кыркырак пайда болуп, акыл-эстен танат, сезүү органдарынын иши төмөндөйт, жүрөктүн кагышы солгундайт, өӊү кубарат, териси, эрини көгөрөт. Агония бир нече секундадан 1‒2 саатка чейин созулат. Агониянын алдында тамырдын кагышы бир калыпта болбой, айрым учурда кан басымы жогорулайт. Андан кийин жүрөктүн кагуу ыргагы жоголуп, кан басымы нөлгө чейин түшөт, эрксиз заарасы, заӊы чыгып кетет. Дем алуу жана кан айлануу токтоп, клиникалык өлүм башталат. Агония абалынан айрым учурда, мисалы, кан көп жоготкондо, эстен танганда, асфиксияда өз убагында медициналык жардам көрсөтүлсө, адам өмүрүн сактап калуу мүмкүн.