Difference between revisions of "АГАРТУУЧУЛУК РЕАЛИЗМИ"
м (1 revision imported) |
м (→top: категория кошуу) |
||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АГАРТУУЧУЛУК РЕАЛИЗМИ''' ‒ 17‒18-кылымдарда калыптанып, пайда болгон идеялык агымдардын бири. Кыймылдын башында көрүнүктүү окумуштуулар, ойчул акылмандар, философтор турган. Агартуучулук реализми айрыкча Францияда өтө күчтүү өнүккөн. «Илимдердин, искусствонун жана кол өнөрчүлүктүн энциклопедиясы» же түшүндүрмөлүү эмгектин жарыкка чыгышы ошол мезгилдин эӊ маанилүү маданий окуясы болгон. «Энциклопедиянын» жаралышына Д. Дидро, Вольтер, Ш. Монтескье сыяктуу улуу окумуштуулар катышкан. Агартуучулар чыгармаларын да адамдын аӊ-сезимине ишенишкен, аӊ-сезимди өзгөртүү, «агартуунун» натыйжасында гана адам эркиндикке, теӊдикке жетүүгө мүмкүн деп эсептешкен. Агартуучулук реализми термининин келип чыгышы Д. Дефонун «Робинзон Крузо» (1719) деген романына байланыштуу. Бул романда адам жашабаган аралда жалгыз калган адамдын жашоо үчүн жанталашкан аӊ-сезимдүү күрөшү баяндалат. Демек, Агартуучулук реализм адабияты адамдардын адеп-ахлактык жүрүм-турумун сүрөттөөгө, өзүнүн ички пафосу <span cat="ж.кыск" oldv="м-н">менен</span> акыл-насаат айтууга, жыйынтык чыгарууга багытталат. | |||
[[Категория:1-Том]] | |||
08:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АГАРТУУЧУЛУК РЕАЛИЗМИ ‒ 17‒18-кылымдарда калыптанып, пайда болгон идеялык агымдардын бири. Кыймылдын башында көрүнүктүү окумуштуулар, ойчул акылмандар, философтор турган. Агартуучулук реализми айрыкча Францияда өтө күчтүү өнүккөн. «Илимдердин, искусствонун жана кол өнөрчүлүктүн энциклопедиясы» же түшүндүрмөлүү эмгектин жарыкка чыгышы ошол мезгилдин эӊ маанилүү маданий окуясы болгон. «Энциклопедиянын» жаралышына Д. Дидро, Вольтер, Ш. Монтескье сыяктуу улуу окумуштуулар катышкан. Агартуучулар чыгармаларын да адамдын аӊ-сезимине ишенишкен, аӊ-сезимди өзгөртүү, «агартуунун» натыйжасында гана адам эркиндикке, теӊдикке жетүүгө мүмкүн деп эсептешкен. Агартуучулук реализми термининин келип чыгышы Д. Дефонун «Робинзон Крузо» (1719) деген романына байланыштуу. Бул романда адам жашабаган аралда жалгыз калган адамдын жашоо үчүн жанталашкан аӊ-сезимдүү күрөшү баяндалат. Демек, Агартуучулук реализм адабияты адамдардын адеп-ахлактык жүрүм-турумун сүрөттөөгө, өзүнүн ички пафосу менен акыл-насаат айтууга, жыйынтык чыгарууга багытталат.