Difference between revisions of "АГАРТУУЧУЛУК РЕАЛИЗМИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
v1e2_72-116>Kadyrm
 
м (→‎top: категория кошуу)
 
(6 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
  ‒ 17‒18-к-дарда калыптанып, пайда болгон идеялык агымдар
'''АГАРТУУЧУЛУК РЕАЛИЗМИ''' ‒ 17‒18-кылымдарда калыптанып, пайда болгон идеялык агымдардын бири. Кыймылдын башында көрүнүктүү окумуштуулар, ойчул акылмандар, философтор турган. Агартуучулук реализми айрыкча Францияда өтө күчтүү өнүккөн. «Илимдердин, искусствонун жана кол өнөрчүлүктүн энциклопедиясы» же түшүндүрмөлүү эмгектин жарыкка чыгышы ошол мезгилдин эӊ маанилүү маданий окуясы болгон. «Энциклопедиянын» жаралышына Д. Дидро, Вольтер, Ш. Монтескье сыяктуу улуу окумуштуулар катышкан. Агартуучулар чыгармаларын да адамдын аӊ-сезимине ишенишкен, аӊ-сезимди өзгөртүү, «агартуунун» натыйжасында гана адам эркиндикке, теӊдикке жетүүгө мүмкүн деп эсептешкен. Агартуучулук реализми термининин келип чыгышы Д. Дефонун «Робинзон Крузо» (1719) деген романына байланыштуу. Бул романда адам жашабаган аралда жалгыз калган адамдын жашоо үчүн жанталашкан аӊ-сезимдүү күрөшү баяндалат. Демек, Агартуучулук реализм адабияты адамдардын адеп-ахлактык жүрүм-турумун сүрөттөөгө, өзүнүн ички пафосу <span cat="ж.кыск" oldv="м-н">менен</span> акыл-насаат айтууга, жыйынтык чыгарууга багытталат.
дын бири. Кыймылдын башында көрүнүктүү окумуштуулар, ойчул акылмандар, философтор турган. А. р. айрыкча Францияда өтө күчтүү өнүккөн. «Илимдердин, искусствонун жана кол өнөрчүлүктүн энциклопедиясы» же түшүндүр мөлүү эмгектин жарыкка чыгышы ошол мезгилдин эӊ маанилүү маданий окуясы болгон. «Энциклопедиянын» жаралышына Д. Дидро, Вольтер, Ш. Монтескье сыяктуу улуу окумуштуулар катышкан. Агартуучулар чыгармаларын да адамдын аӊ-сезимине ишенишкен, аӊ-сезим ди өзгөртүү, «агартуунун» натыйжасында гана адам эркиндикке, теӊдикке жетүүгө мүмкүн деп эсептешкен. А. р. термининин келип чыгышы Д. Дефонун «Робинзон Крузо» (1719) деген романына байланыштуу. Бул романда адам жашабаган аралда жалгыз калган адамдын жашоо үчүн жанталашкан аӊ-сезимдүү күрөшү баяндалат. Демек, А. р. ад-ты адамдардын адеп-ахлактык жүрүм-турумун сүрөттөөгө, өзүнүн ички пафосу м-н акыл-насаат айтууга, жыйынтык чыгарууга багытталат.
[[Категория:1-Том]]

08:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АГАРТУУЧУЛУК РЕАЛИЗМИ ‒ 17‒18-кылымдарда калыптанып, пайда болгон идеялык агымдардын бири. Кыймылдын башында көрүнүктүү окумуштуулар, ойчул акылмандар, философтор турган. Агартуучулук реализми айрыкча Францияда өтө күчтүү өнүккөн. «Илимдердин, искусствонун жана кол өнөрчүлүктүн энциклопедиясы» же түшүндүрмөлүү эмгектин жарыкка чыгышы ошол мезгилдин эӊ маанилүү маданий окуясы болгон. «Энциклопедиянын» жаралышына Д. Дидро, Вольтер, Ш. Монтескье сыяктуу улуу окумуштуулар катышкан. Агартуучулар чыгармаларын да адамдын аӊ-сезимине ишенишкен, аӊ-сезимди өзгөртүү, «агартуунун» натыйжасында гана адам эркиндикке, теӊдикке жетүүгө мүмкүн деп эсептешкен. Агартуучулук реализми термининин келип чыгышы Д. Дефонун «Робинзон Крузо» (1719) деген романына байланыштуу. Бул романда адам жашабаган аралда жалгыз калган адамдын жашоо үчүн жанталашкан аӊ-сезимдүү күрөшү баяндалат. Демек, Агартуучулук реализм адабияты адамдардын адеп-ахлактык жүрүм-турумун сүрөттөөгө, өзүнүн ички пафосу менен акыл-насаат айтууга, жыйынтык чыгарууга багытталат.