Difference between revisions of "АВТОТЕСКӨӨР"
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен (3), ж-а → жана (4)) |
м (→top: категория кошуу) |

(2 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АВТОТЕСКӨӨР''', а в т о д и с п е т ч е р (''авто''... жана англ. dispatcher ‒ тескөөр, жөндөгүч) ‒ тескөөрдүн (диспетчердин) ишин жарым-жартылай же толук бойдон автоматтык түрдө аткаруучу түзүлмө. | '''АВТОТЕСКӨӨР''', а в т о д и с п е т ч е р (''авто''... жана англ. dispatcher ‒ тескөөр, жөндөгүч) ‒ тескөөрдүн (диспетчердин) ишин жарым-жартылай же толук бойдон автоматтык түрдө аткаруучу түзүлмө. Автотескөөргө башкаруучу эсептөө машинасы, оператор жана автоматташтырылган жумушчу орун, машина менен операторду байланыштыруучу байланыш каражаты, объекттердеги аткаруучу жана көзөмөлдөө органдары таандык. Ал башкарылуучу процесстин жүрүшү жөнүндөгү маалыматты чогултат; эсептөө жана логикалык операцияларды жүргүзөт; өндүрүштү башкаруунун ыӊгайлуу багытын иштеп чыгат; кабыл алынган чечимдерди иш жүзүнө ашыруучу башкаруу таасирин же команда берет. Аны менен башкаруунун эки баскычы бар: т ө м ө н к ү с ү ‒ башкаруучу эсептегич машина (БЭМ) ыкчам план түзүүчү «кеӊеш берүү» режими (бирок аны тескөөр аткарат); ж о г о р к у с у ‒ тескери байланышы бар БЭМ жалаӊ гана план түзбөстөн, аны текшерүүчү автоматтык режимди иш жүзүнө ашырат. Ал суу электр станцияларында, транспортто, ыкчам байланыш учурунда, автоматташтыруунун ар кандай даражаларын камсыз кылуу менен технологиялык процесстерде башкарууда колдонулат. | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:19, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АВТОТЕСКӨӨР, а в т о д и с п е т ч е р (авто... жана англ. dispatcher ‒ тескөөр, жөндөгүч) ‒ тескөөрдүн (диспетчердин) ишин жарым-жартылай же толук бойдон автоматтык түрдө аткаруучу түзүлмө. Автотескөөргө башкаруучу эсептөө машинасы, оператор жана автоматташтырылган жумушчу орун, машина менен операторду байланыштыруучу байланыш каражаты, объекттердеги аткаруучу жана көзөмөлдөө органдары таандык. Ал башкарылуучу процесстин жүрүшү жөнүндөгү маалыматты чогултат; эсептөө жана логикалык операцияларды жүргүзөт; өндүрүштү башкаруунун ыӊгайлуу багытын иштеп чыгат; кабыл алынган чечимдерди иш жүзүнө ашыруучу башкаруу таасирин же команда берет. Аны менен башкаруунун эки баскычы бар: т ө м ө н к ү с ү ‒ башкаруучу эсептегич машина (БЭМ) ыкчам план түзүүчү «кеӊеш берүү» режими (бирок аны тескөөр аткарат); ж о г о р к у с у ‒ тескери байланышы бар БЭМ жалаӊ гана план түзбөстөн, аны текшерүүчү автоматтык режимди иш жүзүнө ашырат. Ал суу электр станцияларында, транспортто, ыкчам байланыш учурунда, автоматташтыруунун ар кандай даражаларын камсыз кылуу менен технологиялык процесстерде башкарууда колдонулат.