Difference between revisions of "АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
2 -сап: 2 -сап:


''Ж. И. Батырканов.''
''Ж. И. Батырканов.''
[[Категория:1-Том]]

08:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ(АБС) ‒ башкарылуучу объект менен автоматтык өлчөөчү жана башкаруучу түзүлмөлөрдүн жыйындысы. Техникалык куралдардан түзүлгөн башкаруу системасынын бир түрү. Анда техникалык түзүлмөлөрдү колдонуу менен башкаруу, маалымат чогултуу процесстерине адамдын кол жана акыл эмгеги пайдаланылбайт. Автоматтык башкаруу системасынан айырмаланып, бул система да жалаӊ техникалык каражаттар менен толук автоматташтыруу жүргүзүлбөйт. Бул системада кошумча түрдө оператор, тескөөр (диспетчер) ж. б. тейлөөчү адамдардын эмгеги колдонулат, башкача айтканда адам бир функциялык элемент катары кызмат кылат. Мындагы АБСны уюштуруудагы негизги маселе бул, андагы оператор-адамга таандык мыкты каситтерди техникалык процесстерге, долбоорлоо иштерине кеңири колдоно билүү. АБСны түзүүдө математикалык, программалык, техникалык каражаттар жана уюштуруу маселелери каралат. Анын негизин ЭЭМ түзөт.

Ж. И. Батырканов.