Difference between revisions of "АВТОМАТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)

(5 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
(гр. automatos ‒ өзү аракетке келүүчү) т е х н и к а д а ‒ өзү аракеттенүүчү түзүлмө. Ал эки түшүнүктө каралат: 1) материалды, энергияны, информацияны кабыл алуу, өзгөртүү ж-а пайдалануу процесстерин берилген программа б-ча адамды түздөн-түз катыштырбай аткаруучу механизмдер м-н түзүлмөлөрдүн (электрондук, электрдик, пневматикалык, гидравликалык) системасы; 2) кибернетикада дискреттүү (санариптик) информацияны кайра иштетүүчү түзүлмөнүн (процесстин) матем. үлгүсү. Анын түрү көп (мис., аныкталган, ыктымалдык, комбинациялык, Милли, Мур ж. б.). А. технол., энергетикалык, транспорттук, турмуш-тиричиликке керектелүүчү, эсептөөчү ж-а эсептеп чыгаруучу, аскердик болуп бөлүнөт. А-тын айрым түрү (жөнөкөй, мех. оюнчук) байыркы доордо эле жасалган. Пружиналуу (П. Хенлейн, Германия, 16-к.) ж-а маятниктүү (X. Гюйгенс, Голландия, 1657) сааттын пайда болушу мех. А-тардын өркүндөшүнө түрткү берген. 18‒19-к-дагы өндүрүштүн өркүндөшү, эмгек куралына, адамга коюлган талаптардын жогорулашы А-тарды өндүрүштө пайдаланууга алып келген. Электр техникасы нын өнүгүшү (электрдик байланышта, транспортто, аскер ишинде, өнөр жайда колдонулушу) электрдик А-тардын негизин түзгөн ачылыштарга, ойлоп табууларга жол ачкан. 20-к-да илим ж-а техниканын өсүшү электрондук А-тарды түзүүгө мүмкүндүк берген. Ал кандайдыр ишти аткаруучу механизмден текшерүү, эсөптөө, жөндөө, башкаруу милдеттерин аткарган татаал А-тык түзүлмөгө айланган. Пайдаланылган энергиянын түрүнө жараша А-тар мех., гидравликалык, пневматикалык, электрдик (электрондук), комплекстүү (пневмоэлектрдик) болуп бөлүнөт. Азыркы А-тар энергия ж-а материалдардан тышкары ''информацияны ''кабыл алып, өзгөртүп, иштеп чыгат, б. а. А-тын иштеши үчүн информация чоӊ мааниге ээ. 20-к-дын ортосунан баштап адамдын айрым акыл эмгегин алмаштыруучу А-тар (маалыматтарды шифрлөө, шифр чечмелөө, бөлүштүргүч, сорттогуч) пайда болгон. Бир түрдөгү, өтө коркунучтуу, зыяндуу же эмгекти көп талап кылган жумуштарды аткарууда ''роботтоштуруу'' улам көп колдонулууда. Азыркы күндө көп процесстер толук автоматташтырылган, машине ж-а операциялар ''компьютер ''м-н башкарылып жатат.
'''АВТОМАТ''' (гр. automatos ‒ өзү аракетке келүүчү) т е х н и к а д а ‒ өзү аракеттенүүчү түзүлмө. Ал эки түшүнүктө каралат: 1) материалды, энергияны, информацияны кабыл алуу, өзгөртүү жана пайдалануу процесстерин берилген программа боюнча адамды түздөн-түз катыштырбай аткаруучу механизмдер менен түзүлмөлөрдүн (электрондук, электрдик, пневматикалык, гидравликалык) системасы; 2) кибернетикада дискреттүү (санариптик) информацияны кайра иштетүүчү түзүлмөнүн (процесстин) математикалык  үлгүсү. Анын түрү көп (мисалы, аныкталган, ыктымалдык, комбинациялык, Милли, Мур ж. б.). Автомат  технологиялык, энергетикалык, транспорттук, турмуш-тиричиликке керектелүүчү, эсептөөчү жана эсептеп чыгаруучу, аскердик болуп бөлүнөт. Автоматтын айрым түрү (жөнөкөй, механикалык оюнчук) байыркы доордо эле жасалган. Пружиналуу (П. Хенлейн, Германия, 16-кылым) жана маятниктүү (X. Гюйгенс, Голландия, 1657) сааттын пайда болушу механикалык  автоматтардын өркүндөшүнө түрткү берген. 18‒19-кылымдагы өндүрүштүн өркүндөшү, эмгек куралына, адамга коюлган талаптардын жогорулашы автоматтарды өндүрүштө пайдаланууга алып келген. Электр техникасынын өнүгүшү (электрдик байланышта, транспортто, аскер ишинде, өнөр жайда колдонулушу) электрдик автоматтардын негизин түзгөн ачылыштарга, ойлоп табууларга жол ачкан. 20-кылымда илим жана техниканын өсүшү электрондук автоматтарды түзүүгө мүмкүндүк берген. Ал кандайдыр ишти аткаруучу механизмден текшерүү, эсөптөө, жөндөө, башкаруу милдеттерин аткарган татаал автоматтык түзүлмөгө айланган. Пайдаланылган энергиянын түрүнө жараша автоматтар механикалык, гидравликалык, пневматикалык, электрдик (электрондук), комплекстүү (пневмоэлектрдик) болуп бөлүнөт. Азыркы автоматтар энергия жана материалдардан тышкары ''информацияны ''кабыл алып, өзгөртүп, иштеп чыгат, башкача  айтканда  автоматтын иштеши үчүн информация чоӊ мааниге ээ. 20-кылымдын ортосунан баштап адамдын айрым акыл эмгегин алмаштыруучу автоматтар (маалыматтарды шифрлөө, шифр чечмелөө, бөлүштүргүч, сорттогуч) пайда болгон. Бир түрдөгү, өтө коркунучтуу, зыяндуу же эмгекти көп талап кылган жумуштарды аткарууда ''роботтоштуруу'' улам көп колдонулууда. Азыркы күндө көп процесстер толук автоматташтырылган, машине жана операциялар ''компьютер ''менен башкарылып жатат.
Ад.: Логика. Автоматы. Алгоритмы. М., 1963.

Ад.: Логика. Автоматы. Алгоритмы. М., 1963.
[[Категория:1-Том]]

08:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АВТОМАТ (гр. automatos ‒ өзү аракетке келүүчү) т е х н и к а д а ‒ өзү аракеттенүүчү түзүлмө. Ал эки түшүнүктө каралат: 1) материалды, энергияны, информацияны кабыл алуу, өзгөртүү жана пайдалануу процесстерин берилген программа боюнча адамды түздөн-түз катыштырбай аткаруучу механизмдер менен түзүлмөлөрдүн (электрондук, электрдик, пневматикалык, гидравликалык) системасы; 2) кибернетикада дискреттүү (санариптик) информацияны кайра иштетүүчү түзүлмөнүн (процесстин) математикалык үлгүсү. Анын түрү көп (мисалы, аныкталган, ыктымалдык, комбинациялык, Милли, Мур ж. б.). Автомат технологиялык, энергетикалык, транспорттук, турмуш-тиричиликке керектелүүчү, эсептөөчү жана эсептеп чыгаруучу, аскердик болуп бөлүнөт. Автоматтын айрым түрү (жөнөкөй, механикалык оюнчук) байыркы доордо эле жасалган. Пружиналуу (П. Хенлейн, Германия, 16-кылым) жана маятниктүү (X. Гюйгенс, Голландия, 1657) сааттын пайда болушу механикалык автоматтардын өркүндөшүнө түрткү берген. 18‒19-кылымдагы өндүрүштүн өркүндөшү, эмгек куралына, адамга коюлган талаптардын жогорулашы автоматтарды өндүрүштө пайдаланууга алып келген. Электр техникасынын өнүгүшү (электрдик байланышта, транспортто, аскер ишинде, өнөр жайда колдонулушу) электрдик автоматтардын негизин түзгөн ачылыштарга, ойлоп табууларга жол ачкан. 20-кылымда илим жана техниканын өсүшү электрондук автоматтарды түзүүгө мүмкүндүк берген. Ал кандайдыр ишти аткаруучу механизмден текшерүү, эсөптөө, жөндөө, башкаруу милдеттерин аткарган татаал автоматтык түзүлмөгө айланган. Пайдаланылган энергиянын түрүнө жараша автоматтар механикалык, гидравликалык, пневматикалык, электрдик (электрондук), комплекстүү (пневмоэлектрдик) болуп бөлүнөт. Азыркы автоматтар энергия жана материалдардан тышкары информацияны кабыл алып, өзгөртүп, иштеп чыгат, башкача айтканда автоматтын иштеши үчүн информация чоӊ мааниге ээ. 20-кылымдын ортосунан баштап адамдын айрым акыл эмгегин алмаштыруучу автоматтар (маалыматтарды шифрлөө, шифр чечмелөө, бөлүштүргүч, сорттогуч) пайда болгон. Бир түрдөгү, өтө коркунучтуу, зыяндуу же эмгекти көп талап кылган жумуштарды аткарууда роботтоштуруу улам көп колдонулууда. Азыркы күндө көп процесстер толук автоматташтырылган, машине жана операциялар компьютер менен башкарылып жатат.

Ад.: Логика. Автоматы. Алгоритмы. М., 1963.