Difference between revisions of "АВТОМАТ"
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен (2), ж-а → жана (6)) |
м (→top: категория кошуу) |

(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АВТОМАТ''' (гр. automatos ‒ өзү аракетке келүүчү) т е х н и к а д а ‒ өзү аракеттенүүчү түзүлмө. Ал эки түшүнүктө каралат: 1) материалды, энергияны, информацияны кабыл алуу, өзгөртүү жана пайдалануу процесстерин берилген программа | '''АВТОМАТ''' (гр. automatos ‒ өзү аракетке келүүчү) т е х н и к а д а ‒ өзү аракеттенүүчү түзүлмө. Ал эки түшүнүктө каралат: 1) материалды, энергияны, информацияны кабыл алуу, өзгөртүү жана пайдалануу процесстерин берилген программа боюнча адамды түздөн-түз катыштырбай аткаруучу механизмдер менен түзүлмөлөрдүн (электрондук, электрдик, пневматикалык, гидравликалык) системасы; 2) кибернетикада дискреттүү (санариптик) информацияны кайра иштетүүчү түзүлмөнүн (процесстин) математикалык үлгүсү. Анын түрү көп (мисалы, аныкталган, ыктымалдык, комбинациялык, Милли, Мур ж. б.). Автомат технологиялык, энергетикалык, транспорттук, турмуш-тиричиликке керектелүүчү, эсептөөчү жана эсептеп чыгаруучу, аскердик болуп бөлүнөт. Автоматтын айрым түрү (жөнөкөй, механикалык оюнчук) байыркы доордо эле жасалган. Пружиналуу (П. Хенлейн, Германия, 16-кылым) жана маятниктүү (X. Гюйгенс, Голландия, 1657) сааттын пайда болушу механикалык автоматтардын өркүндөшүнө түрткү берген. 18‒19-кылымдагы өндүрүштүн өркүндөшү, эмгек куралына, адамга коюлган талаптардын жогорулашы автоматтарды өндүрүштө пайдаланууга алып келген. Электр техникасынын өнүгүшү (электрдик байланышта, транспортто, аскер ишинде, өнөр жайда колдонулушу) электрдик автоматтардын негизин түзгөн ачылыштарга, ойлоп табууларга жол ачкан. 20-кылымда илим жана техниканын өсүшү электрондук автоматтарды түзүүгө мүмкүндүк берген. Ал кандайдыр ишти аткаруучу механизмден текшерүү, эсөптөө, жөндөө, башкаруу милдеттерин аткарган татаал автоматтык түзүлмөгө айланган. Пайдаланылган энергиянын түрүнө жараша автоматтар механикалык, гидравликалык, пневматикалык, электрдик (электрондук), комплекстүү (пневмоэлектрдик) болуп бөлүнөт. Азыркы автоматтар энергия жана материалдардан тышкары ''информацияны ''кабыл алып, өзгөртүп, иштеп чыгат, башкача айтканда автоматтын иштеши үчүн информация чоӊ мааниге ээ. 20-кылымдын ортосунан баштап адамдын айрым акыл эмгегин алмаштыруучу автоматтар (маалыматтарды шифрлөө, шифр чечмелөө, бөлүштүргүч, сорттогуч) пайда болгон. Бир түрдөгү, өтө коркунучтуу, зыяндуу же эмгекти көп талап кылган жумуштарды аткарууда ''роботтоштуруу'' улам көп колдонулууда. Азыркы күндө көп процесстер толук автоматташтырылган, машине жана операциялар ''компьютер ''менен башкарылып жатат. | ||
Ад.: Логика. Автоматы. Алгоритмы. М., 1963. | Ад.: Логика. Автоматы. Алгоритмы. М., 1963. | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АВТОМАТ (гр. automatos ‒ өзү аракетке келүүчү) т е х н и к а д а ‒ өзү аракеттенүүчү түзүлмө. Ал эки түшүнүктө каралат: 1) материалды, энергияны, информацияны кабыл алуу, өзгөртүү жана пайдалануу процесстерин берилген программа боюнча адамды түздөн-түз катыштырбай аткаруучу механизмдер менен түзүлмөлөрдүн (электрондук, электрдик, пневматикалык, гидравликалык) системасы; 2) кибернетикада дискреттүү (санариптик) информацияны кайра иштетүүчү түзүлмөнүн (процесстин) математикалык үлгүсү. Анын түрү көп (мисалы, аныкталган, ыктымалдык, комбинациялык, Милли, Мур ж. б.). Автомат технологиялык, энергетикалык, транспорттук, турмуш-тиричиликке керектелүүчү, эсептөөчү жана эсептеп чыгаруучу, аскердик болуп бөлүнөт. Автоматтын айрым түрү (жөнөкөй, механикалык оюнчук) байыркы доордо эле жасалган. Пружиналуу (П. Хенлейн, Германия, 16-кылым) жана маятниктүү (X. Гюйгенс, Голландия, 1657) сааттын пайда болушу механикалык автоматтардын өркүндөшүнө түрткү берген. 18‒19-кылымдагы өндүрүштүн өркүндөшү, эмгек куралына, адамга коюлган талаптардын жогорулашы автоматтарды өндүрүштө пайдаланууга алып келген. Электр техникасынын өнүгүшү (электрдик байланышта, транспортто, аскер ишинде, өнөр жайда колдонулушу) электрдик автоматтардын негизин түзгөн ачылыштарга, ойлоп табууларга жол ачкан. 20-кылымда илим жана техниканын өсүшү электрондук автоматтарды түзүүгө мүмкүндүк берген. Ал кандайдыр ишти аткаруучу механизмден текшерүү, эсөптөө, жөндөө, башкаруу милдеттерин аткарган татаал автоматтык түзүлмөгө айланган. Пайдаланылган энергиянын түрүнө жараша автоматтар механикалык, гидравликалык, пневматикалык, электрдик (электрондук), комплекстүү (пневмоэлектрдик) болуп бөлүнөт. Азыркы автоматтар энергия жана материалдардан тышкары информацияны кабыл алып, өзгөртүп, иштеп чыгат, башкача айтканда автоматтын иштеши үчүн информация чоӊ мааниге ээ. 20-кылымдын ортосунан баштап адамдын айрым акыл эмгегин алмаштыруучу автоматтар (маалыматтарды шифрлөө, шифр чечмелөө, бөлүштүргүч, сорттогуч) пайда болгон. Бир түрдөгү, өтө коркунучтуу, зыяндуу же эмгекти көп талап кылган жумуштарды аткарууда роботтоштуруу улам көп колдонулууда. Азыркы күндө көп процесстер толук автоматташтырылган, машине жана операциялар компьютер менен башкарылып жатат.
Ад.: Логика. Автоматы. Алгоритмы. М., 1963.