Difference between revisions of "АХЛ АЗ-ЗИММА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

(зиммалар ‒ колдоого алынгандар) ‒ мусулман бийлигин тааныган, жан салыгын (жизия) төлөгөн ж-а ал үчүн мусулмандар тарабынан колдоого алынган башка диндегилер. Аларды тышкы душмандардын кол салуусунан коргоо ж-а өмүрүнө, мүлкүнө кол тийбестик укугу мусулмандар м-н бирдей даражада сакталган. Алгач зимма аталышы Мухаммеддин араб урууларына кайрылуусунда (629‒630) ж-а Курандын 9-сүрөөсүндө айтылган. Кийин Наджран христиандары м-н түзүлгөн келишимде (632) аларга сөзсүз аткарылуучу шарттар коюлуп (жизия, о. эле акчалай же натуралай салык төлөө, мусулмандарга турганга жай берүү ж-а алардын душмандарына колдоо көрсөтпөө), ошондон кийин гана зиммаларга колдоо көрсөтүүлөрү айтылган. Мезгил өткөн сайын бул шарттар жаӊылана берген. Мис., 11-к-да ал-Мавардинин тушунда А. а. З-ларга 12 шарт койгон: Куранга, Мухаммедге акаарат келтирбөө, мусулман кыздары м-н никеге турууга, мусулмандарды башка динге өтүүгө үгүттөөгө, мусулмандардын душмандарына жардам көрсөтүүгө ж. б-га тыюу салынган. Мындан тышкары алар мусулмандардан айырмаланып, белгиси бар кийим кийүүгө тийиш болгон, мусулмандардын турак жайынан бийик үйлөрдү салууга, өздөрүнүн ыйык китептерин мусулмандар бар жерде үн чыгарып окууга ж-а алардын көзүнчө шарап ичүүгө, крестти, чочкону ачык жерге кармоого ж. б. тыюу салышкан. Бирок буга карабастан, о. кылымдарда негизинен башка диндегилерге карата мусулмандардын мамилеси негизинен дурус болгон. 19-к-да Европа өлкөлөрү Осмон империясындагы христиандардын абалы тууралуу маселени шылтоо кылып, ички иштерге кийилигише баштагандан кийин мусулмандарда христиандарга карата кастык мамиле пайда болуп, 1860-ж. Сирия ж-а Ливанда кан төгүүлөргө алып келген. Бүгүнкү күндө А. а. З. түшүнүгү жоюлган ж-а мусулман өлкөлөрүнүн бардык жарандары жалпы мыйзамга баш ийишет.