Difference between revisions of "АВАРЛАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
9-71>KadyrM
м (→‎top: категория кошуу)
 
(8 intermediate revisions by 6 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
, а п а р л а р – түрк тилдүү эл; байыркы калк. Алгач Борб. Азияда жужандар деген ат м-н белгилүү болгон. 5-к-да ал аймакта
'''АВАРЛАР''' (грек.  Άβαροι; лат. Avari ) а п а р л а р – ''Борбордук Азиядан'' тараган байыркы көчмөн калк. ''Рим империясы'', ошондой эле ''Византия'' тарыхында «вархониттер» же «жалган аварлар» деген аталыштар менен да белгилүү. VI к. Борбордук Европада ''Авар кагандыгын'' түзүшкөн. Аварлар өздөрү тууралуу эч кандай жазма эстелик калтырбагандыктан, алардын түпкү теги, кайдан чыкканы (этногенези) алиге чейин так белгисиз. Азыркы мезгилде; 1) ''сяньби'' же ж''уан-жуандарга'' тиешелүү ''моңгол'' (Й. ''Маркварт'', К. ''Менгес'', П. ''Пельо''), 2) угорлор (О. Мудрак), 3) түрк тилдүү (М. Тезжан, А. Рона-Таш), 4) тунгус-манжур (Е. А. ''Хелимский)'', 5) ''перс'' (К. Эноки) этносторуна байланыштырган бир нече көз караш бар. Э. Паркер менен А. Дыбонун пикиринде байыркы «аварлар» азыр «''юэбань''» болуп окулат. Жазма булактарда сакталып калган аварлардын айрым энчилүү аттары, бийлик даражалары түрк жана моңгол тилдүү элдерде бирдей кезигет. Көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн пикиринде түрктөрдүн кысымына байланыштуу аварлардын бир бөлүгү Борбордук Европага ооп келип, Каспий жана Кара деңизинин жээктерин ээлеп калган. 558-ж. аварлардын элчилери аландардын ханы Саросийге келип, Византиянын империясынын ээлигинен конуш алууга жардамдашууну суранган. Көп өтпөй Константинополго аварлардын Кандик деген элчиси келип, император Юстиниан Iдин (482–565) өзүнө жолугуп; «сага эң көп сандуу жана эң күчтүү калктын бири – аварлар келди. Алар душманын оңой эле талкалап, таш-талканын чыгара алат. Ошондуктан аварлар менен союз түзүү пайдалуу, сага ишенимдүү жөлөк болот» деген. Бул учурда Византия күчтүү империянын бири болуп, батышынан франктардын королу Теодеберт, түндүгүнөн  ''славян'' ж.б. уруулары менен тирешип турган. Натыйжада император аварлар менен союз түзүп, аларды кутригур, утигур ж.б. чыгыш славян урууларына каршы аттандырат. Алар жеңилгенден кийин император Юстиниан I аварларга Паннония провинциясына отурукташууга  макулдук берген. Аварлар 8-кылымдын 90-жылдарында Улуу Карлдын аскерлери тарабынан талкаланып, Европадагы башка элдердин арасына сиңип кетишет. Европада аварлардын көрүстөндөрү арбын изилденип, Венгрияда жана ага коңшу мамлекетте аварларга таандык 20 миңге жакын көрүстөн табылган. Көрүстөндөрдө согуштук куралдар көп кездешет. Анткени аварлардын көпчүлүк бөлүгүн аскерлер түзгөн. Аварлардын аскери ондук система боюнча түзүлгөн. Ак сөөктөрдү жана алардын бир туугандарын көрүстөндүн өзгөчө жерине көмүшкөн. Мындай көрүстөндөрдөн алтындан жасалган буюмдар көп кездешет. Аварлардын негизги чарбасы – жарым көчмөн мал чарбачылыгы болуп, тиричилигинде жылкынын ролу жогору болгон, ошондой эле бодо мал, эчки, тоок багышкан. Аварлар византиялыктардын алтын тыйындарына окшотуп тыйын чыгарышкан. Алар рун жазуусун билишип, айрым буюмдарга өз белгилерин (эн тамгаларын) түшүрүшкөн. Aварларда бакшычылык, бутпараска сыйынуучулук, табынуучулук өкүм сүргөн. Эркин аскерлер (VI–IX к.) металл бастырылып кооздолгон кемер курларды курчанышкан. Ушундай эле ыкма менен ат жабдыктары да кооздолгон. Кемер курдун алкагына өсүмдүк орнаменти, адам, айбанат-жырткычтардын турпаты түшүрүлгөн. Жол башчылардын кылычтары алтын, катардагы жоокерлердики күмүш менен кооздолгон. Кээ бир үзөңгүлөрдүн сыртына күмүш чабылган. Кыргызстандын аймагында хунн жана байыркы түрк мезгилине таандык айрым табылгалар Европада изилденген аварлардын буюмдарына жакындыгы аныкталууда. Мисалы, Бишкек шаарынын түндүгүнөн табылган буюмдар менен Венгриянын Кунбабонь жергесинде табылган буюмдардын мезгили, жасалышы жана мүнөзү жакын. Теңир-Тоодон жана Европадан да табылган аты менен бирге коюлган жоокерлердин көрүстөндөрү бири-бирине көп жагынан окшош. Мындай окшоштуктар хунндардын, түрк элдеринин ''Улуу көч доорунда'' Евразияда болуп өткөн тарыхый, этномаданий процесстерге түздөн-түз катышкандыгынын далили.
мамлекетин негиздешкен. Түрктөр тарабынан талкаланган соң, алардын бир бөлүгү Борб. Азиядан Европа аймагына оошуп келип, Каспий, Кара деңиздеринин жээктерин, Дунай боюн, Бал кан жерлерин басып алып, 568-ж. Авар кагандыгын негиздеген. ''Күлтегиндин'' күмбөзүндөгү маркумдун элесине арналган жазууда кыргыз, табгач, тибет, курыкан элдери м-н катар А. да эскерилет. А. славян, франк, лангобард, Гру зия, Византия жерлерине чабуул жасап турган. А. 8-к-дын 90-жылдарында Улуу Карлдын аскерлери тарабынан талкаланып, Европадагы башка элдердин арасына сиңип кетишет. Европада А-дын көрүстөндөрү арбын изилденип, Венгрияда ж-а ага коңшу мамлекетте А-га таан дык 20 миңге жакын көрүстөн табылган. Көрүстөндөрдө согуштук куралдар көп кездешет. Анткени, А-дын көпчүлүк бөлүгүн аскерлер түзгөн. А-дын аскери ондук система б-ча түзүлгөн. Ак сөөктөрдү ж-а алардын бир туугандарын көрүстөндүн өзгөчө жерине көмүшкөн. Мындай көрүстөндөрдөн алтындан жасалган буюмдар көп кездешет. А-дын негизги чарбасы – жарым көчмөн мал чарбачылыгы болуп, тиричилигинде жылкынын ролу жогору болгон, о. эле бодо мал, эчки, тоок багышкан. А. византиялыктардын алтын тыйындарына окшотуп тыйын чыгарышкан. Алар рун жазуусун билишип, айрым буюмдарга өз белгилерин (эн тамгаларын) түшүрүшкөн. Тили ж-дө маалыматтар аз. Ал тууралуу жеке аттары, титулдары аркылуу болжонот. A-да бакшычылык, бутпараска сыйынуу чулук, табынуучулук өкүм сүргөн. Эркин аскер лер (6–9-к.) металл бастырылып кооздолгон кемер курларды курчанышкан. Ушундай эле ыкма м-н ат жабдыктары да кооздолгон. Кемер курдун алкагына өсүмдүк орнаменти, адам, айбанат-жырткычтардын турпаты түшүрүлгөн. Жол башчылардын кылычтары алтын, катардагы жоокерлердики күмүш м-н кооздолгон. Кээ бир үзөңгүлөрдүн сыртына күмүш чабылган. Кыргндын аймагында хунн ж-а байыркы түрк мезгилине таандык айрым табылгалар Европада изилденген А-дын буюмдарына жакындыгы аныкталууда. Мис., Бишкек ш-нын түндүгүнөн табылган буюмдар м-н Венгриянын Кунбабонь жергесинде табылган буюмдардын мезгили, жасалышы ж-а мүнөзү жакын. Теңир-Тоодон ж-а Европадан да табылган аты м-н бирге коюлган жоокерлердин көрүстөндөрү бири бирине көп жагынан окшош. Мындай окшоштуктар хунндардын, түрк элдеринин ''Улуу көч доорунда'' Евразияда болуп өткөн тарыхый, этномаданий процесстерге түздөн-түз катышкандыгынын далили.<br>
''К. Табалдиев.''<br>


Ад.: Эрдейи И. Исчезнувшие народы. Авары. //Природа, 1980, № 11'';'' Pritsak O. The Slavs and the Avars. Spoleto, 1982.<br>''К. Табалдиев.''<br>
[[Категория:1-Том]]

08:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АВАРЛАР (грек.  Άβαροι; лат. Avari ) а п а р л а р – Борбордук Азиядан тараган байыркы көчмөн калк. Рим империясы, ошондой эле Византия тарыхында «вархониттер» же «жалган аварлар» деген аталыштар менен да белгилүү. VI к. Борбордук Европада Авар кагандыгын түзүшкөн. Аварлар өздөрү тууралуу эч кандай жазма эстелик калтырбагандыктан, алардын түпкү теги, кайдан чыкканы (этногенези) алиге чейин так белгисиз. Азыркы мезгилде; 1) сяньби же жуан-жуандарга тиешелүү моңгол (Й. Маркварт, К. Менгес, П. Пельо), 2) угорлор (О. Мудрак), 3) түрк тилдүү (М. Тезжан, А. Рона-Таш), 4) тунгус-манжур (Е. А. Хелимский), 5) перс (К. Эноки) этносторуна байланыштырган бир нече көз караш бар. Э. Паркер менен А. Дыбонун пикиринде байыркы «аварлар» азыр «юэбань» болуп окулат. Жазма булактарда сакталып калган аварлардын айрым энчилүү аттары, бийлик даражалары түрк жана моңгол тилдүү элдерде бирдей кезигет. Көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн пикиринде түрктөрдүн кысымына байланыштуу аварлардын бир бөлүгү Борбордук Европага ооп келип, Каспий жана Кара деңизинин жээктерин ээлеп калган. 558-ж. аварлардын элчилери аландардын ханы Саросийге келип, Византиянын империясынын ээлигинен конуш алууга жардамдашууну суранган. Көп өтпөй Константинополго аварлардын Кандик деген элчиси келип, император Юстиниан Iдин (482–565) өзүнө жолугуп; «сага эң көп сандуу жана эң күчтүү калктын бири – аварлар келди. Алар душманын оңой эле талкалап, таш-талканын чыгара алат. Ошондуктан аварлар менен союз түзүү пайдалуу, сага ишенимдүү жөлөк болот» деген. Бул учурда Византия күчтүү империянын бири болуп, батышынан франктардын королу Теодеберт, түндүгүнөн  славян ж.б. уруулары менен тирешип турган. Натыйжада император аварлар менен союз түзүп, аларды кутригур, утигур ж.б. чыгыш славян урууларына каршы аттандырат. Алар жеңилгенден кийин император Юстиниан I аварларга Паннония провинциясына отурукташууга  макулдук берген. Аварлар 8-кылымдын 90-жылдарында Улуу Карлдын аскерлери тарабынан талкаланып, Европадагы башка элдердин арасына сиңип кетишет. Европада аварлардын көрүстөндөрү арбын изилденип, Венгрияда жана ага коңшу мамлекетте аварларга таандык 20 миңге жакын көрүстөн табылган. Көрүстөндөрдө согуштук куралдар көп кездешет. Анткени аварлардын көпчүлүк бөлүгүн аскерлер түзгөн. Аварлардын аскери ондук система боюнча түзүлгөн. Ак сөөктөрдү жана алардын бир туугандарын көрүстөндүн өзгөчө жерине көмүшкөн. Мындай көрүстөндөрдөн алтындан жасалган буюмдар көп кездешет. Аварлардын негизги чарбасы – жарым көчмөн мал чарбачылыгы болуп, тиричилигинде жылкынын ролу жогору болгон, ошондой эле бодо мал, эчки, тоок багышкан. Аварлар византиялыктардын алтын тыйындарына окшотуп тыйын чыгарышкан. Алар рун жазуусун билишип, айрым буюмдарга өз белгилерин (эн тамгаларын) түшүрүшкөн. Aварларда бакшычылык, бутпараска сыйынуучулук, табынуучулук өкүм сүргөн. Эркин аскерлер (VI–IX к.) металл бастырылып кооздолгон кемер курларды курчанышкан. Ушундай эле ыкма менен ат жабдыктары да кооздолгон. Кемер курдун алкагына өсүмдүк орнаменти, адам, айбанат-жырткычтардын турпаты түшүрүлгөн. Жол башчылардын кылычтары алтын, катардагы жоокерлердики күмүш менен кооздолгон. Кээ бир үзөңгүлөрдүн сыртына күмүш чабылган. Кыргызстандын аймагында хунн жана байыркы түрк мезгилине таандык айрым табылгалар Европада изилденген аварлардын буюмдарына жакындыгы аныкталууда. Мисалы, Бишкек шаарынын түндүгүнөн табылган буюмдар менен Венгриянын Кунбабонь жергесинде табылган буюмдардын мезгили, жасалышы жана мүнөзү жакын. Теңир-Тоодон жана Европадан да табылган аты менен бирге коюлган жоокерлердин көрүстөндөрү бири-бирине көп жагынан окшош. Мындай окшоштуктар хунндардын, түрк элдеринин Улуу көч доорунда Евразияда болуп өткөн тарыхый, этномаданий процесстерге түздөн-түз катышкандыгынын далили.

Ад.: Эрдейи И. Исчезнувшие народы. Авары. //Природа, 1980, № 11; Pritsak O. The Slavs and the Avars. Spoleto, 1982.
К. Табалдиев.