Difference between revisions of "АБЫЛКАСЫМОВА Майрамкан"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
9-71>KadyrM
м (→‎top: clean up)

(8 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
Майрамкан (7. 11. 1936-ж. т., Чүй обл., Кемин р-ну, Кызыл-Суу айылы) акын, Кыргыз эл акыны (1980), Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйл. (1970) ж-а Кыргыз ССРинин Токтогул атн. мамл. сыйл. (1984) лау

'''АБЫЛКАСЫМОВА''' Майрамкан (7. 11. 1936-жыл, Чүй облусу, Кемин району, Кызыл-Суу айылы - 16. 10. 2021-жыл, Бишкек шаары) - акын, Кыргыз эл акыны (1980), Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын (1970) жана Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын (1984) лауреаты. В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн (1958). 1962-жылга чейин Ош шаарындагы облустук «Ленин жолу» гезитинде жана Ош педагогикалык институтунда иштеген. «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер, «Поэзия» бөлүмүнүн башчысы (1962 - 1991), «Аялзат» гезитинде башкы редактор, Кыргызстан жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча адабий консультанты болгон. 1995-жылдан «Курманжан датка» фондунун төрагасынын кеңешчиси. Алгачкы ырлары 1952-жылдан тартып жарык көргөн. 1961-жылы «Кичинекей досторго» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы чыккан. «Чолпон» (1962), «Эстелик сүйлөйт», «Быйыл жаздын гүлдөрү көп» (1965) жыйнактарына салттуу ыр түзүлүшүндөгү ырлар менен катар ритмикалык жаңы өлчөмдөгү, эркин ыр формасындагы чыгармалары кирген.[[File:АБЫЛКАСЫМОВА62.png | thumb|none]]
реаты. В. В. Маяковский атн. кыз-келиндер пед. ин-тунун филология ф-тин бүтүргөн (1958). 1962-ж. чейин Ош ш-ндагы обл. «Ленин жолу» гезитинде ж-а Ош пед. ин-тунда иштеген. «АлаТоо» журналында адабий кызматкер, «Поэзия» бөлүмүнүн башчысы (1960-91), «Аялзат» гезитинде Башкы редактор, Кырг-н ЖСнун Ысык-Көл обл. б-ча адабий консультанты болгон. 1995-жылдан «Курманжан датка» фондунун төрагасынын кеңешчиси. Алгачкы ырлары 1952-жылдан тартып жарык көргөн.

«Ишеним дайым жүрөктө» (1968) жыйнагындагы лирикалык ырлардын көпчүлүгү турмушка, өмүргө, сүйүүгө, адамдардын ортосундагы мамилелерге арналган. Жаратылыш, Ата журт - акындын бүткүл чыгармачылыгындагы бүтпөс тема. Жалпы эле экология маселеси «Гүлдөр суу сурайт» аттуу жыйнагында курч коюлган. Мында жазды сагынуу, күтүү, кумарлануу сезимдерине, табияттын пейзаждык боёкторуна арналган саптар арбын. Чыгармачылыгында улуттук поэзиянын салттуу уйкаштыктагы ырларына караганда ак ыр, эркин ыр формасында жазылган ырлар басымдуу. «Тандалган чыгармалары», «Ата журт» (1973) ыр жыйнагы чыккан. Анын ырлары орус, украин, казак, монгол, немец, поляк, француз тилдерине которулган. «Атаке Баатыр» драмасы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган (2004). М. Абылкасымова кыргыз поэзиясына кошкон чоң салымы үчүн «Ардак Белгиси», III даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланган (2005).

ж. «Кичинекей досторго» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы чыккан. «Чолпон» (1962), «Эстелик сүйлөйт», «Быйыл жаздын гүлдөрү көп» (1965) жыйнактарына салттуу ыр түзүлүшүндөгү ырлар м-н катар ритмикалык жаңы өлчөмдөгү, эркин ыр формасындагы чыгармалары кирген.
[[Категория:1-Том]]
[[File:АБЫЛКАСЫМОВА62.png | thumb | none]]
«Ишеним дайым жүрөктө» (1968) жыйнагындагы лирикалык ырлардын көпчүлүгү турмушка, өмүргө, сүйүүгө, адамдардын ортосундагы мамилелерге арналган. Жаратылыш, Ата журт - акындын бүткүл чыг-лыгындагы бүтпөс тема. Жалпы эле экология проблемасы «Гүлдөр суу сурайт» аттуу жыйнагында курч коюлган. Мында жазды сагынуу, күтүү, кумарлануу сезимдерине, табияттын пейзаждык боёкторуна арналган сагггар арбын. Чыг-лыгында улуттук поэзиянын салттуу уйкаштыктагы ырларына караганда ак ыр, эркин ыр формасында жазылган ырлар басымдуу. «Тандалган чыгармалары», «Ата журт» (1973) ыр жыйнагы чыккан. Анын ырлары орус, украин, казак, монгол, немец, поляк, француз тилдерине которулган. «Атаке Баатыр» драмасы Кыргыз мамл. акад. драма театрында коюлган (2004). А. кыргыз поэзиясына кошкон чоң салымы үчүн «Ардак Белгиси», III даражадагы «Манас» ордендери м-н сыйланган.

16:40, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АБЫЛКАСЫМОВА Майрамкан (7. 11. 1936-жыл, Чүй облусу, Кемин району, Кызыл-Суу айылы - 16. 10. 2021-жыл, Бишкек шаары) - акын, Кыргыз эл акыны (1980), Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын (1970) жана Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын (1984) лауреаты. В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн (1958). 1962-жылга чейин Ош шаарындагы облустук «Ленин жолу» гезитинде жана Ош педагогикалык институтунда иштеген. «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер, «Поэзия» бөлүмүнүн башчысы (1962 - 1991), «Аялзат» гезитинде башкы редактор, Кыргызстан жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча адабий консультанты болгон. 1995-жылдан «Курманжан датка» фондунун төрагасынын кеңешчиси. Алгачкы ырлары 1952-жылдан тартып жарык көргөн. 1961-жылы «Кичинекей досторго» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы чыккан. «Чолпон» (1962), «Эстелик сүйлөйт», «Быйыл жаздын гүлдөрү көп» (1965) жыйнактарына салттуу ыр түзүлүшүндөгү ырлар менен катар ритмикалык жаңы өлчөмдөгү, эркин ыр формасындагы чыгармалары кирген.

АБЫЛКАСЫМОВА62.png

«Ишеним дайым жүрөктө» (1968) жыйнагындагы лирикалык ырлардын көпчүлүгү турмушка, өмүргө, сүйүүгө, адамдардын ортосундагы мамилелерге арналган. Жаратылыш, Ата журт - акындын бүткүл чыгармачылыгындагы бүтпөс тема. Жалпы эле экология маселеси «Гүлдөр суу сурайт» аттуу жыйнагында курч коюлган. Мында жазды сагынуу, күтүү, кумарлануу сезимдерине, табияттын пейзаждык боёкторуна арналган саптар арбын. Чыгармачылыгында улуттук поэзиянын салттуу уйкаштыктагы ырларына караганда ак ыр, эркин ыр формасында жазылган ырлар басымдуу. «Тандалган чыгармалары», «Ата журт» (1973) ыр жыйнагы чыккан. Анын ырлары орус, украин, казак, монгол, немец, поляк, француз тилдерине которулган. «Атаке Баатыр» драмасы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган (2004). М. Абылкасымова кыргыз поэзиясына кошкон чоң салымы үчүн «Ардак Белгиси», III даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланган (2005).